Последние публикации

Жарым миллиард сомдук пиар-авантюра же Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматов эмне үчүн издөөгө алынды

27-ноябрда КР Башкы прокуратурасы Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовго сыртынан айып такты – Кылмыш кодексинин 304-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту жана 2-бөлүгү боюнча (өз же башка адамдардын пайдасына, ошондой эле жеке кызыкчылыкты көздөп, өзгөчө чоң зыян келтирүү менен кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу).

Ошол эле күнү Ош шаардык соту М.Мырзакматовго карата камакка алуу баш коргоо чарасын чыгарды. Айыпталуучу издөөгө алынды.

Экс-мэрдин үстүнөн кара булут 2014-жыл бою айланып атты. Быйылкы жылдын январынын аягында Ош шаарынын прокуратурасы түштүк борбордун Ак-Буура дарыясы аркылуу эстакадалык көпүрөнүн курулушу боюнча дароо эки кылмыш ишин козгогон.

Тергөөнүн натыйжасында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, мамлекет үчүн пайдасыз болгон контрактты түзүү жана тендерди өткөрүүдөгү тартипти одоно бузуу боюнча айыптар Ош мэриясынын төрт чиновнигине тагылган – шаар жолдорун башкаруу Башкармалыгынын жетекчиси С.Абдылдакуновго, анын орун басары Р.Дарыбековго, капиталдык курулуш Башкармалыгынын жетекчиси У.Матисаковго жана мэриянын экономика, каржы жана ишкерликти өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ч.Тойчиевге.

Көпүрөнү кура турган ишкерлер да четте калбады – мыйзамсыз ишкерлик боюнча айыптар подряддык уюмдардын жетекчилери А.Ражапаевге жана Кытай жараны К.Вангга тагылган.

Бул кылмыш иштерин прокуратура кароого Ош шаардык сотуна жөнөткөн. Бирок иликтөө муну менен токтоп калбады. Сентябрдын аягында дагы бир кылмыш иши пайда болду. Эми көпүрө авантюрасынын негизги фигурасы Оштун мурунку мэри Мелис Мырзакматовго карата.

Бул авантюранын негизи эмнеде эле? Эмне үчүн жакшы ниет кылмыш ишине айланды?

“Кылымдын курулушу” жөнүндө (бул долбоорду дал ушинтип убагында Мелис Мырзакматовдун өзү атаган) Ошто 2013-жылдын жаз айларында айтыла баштаган. 60 жыл мурда курулган А.Навои көчөсүндөгү Ак-Буура дарыясы аркылуу өткөн көпүрө ал мезгилде авариялык абалда турган эле. Акыл-эстүү адистер аны толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүү керек деп сунушташкан. Бирок мырзакматовдук амбициялар үчүн бул идея эң эле аздык кыла турган. Ал жаңы көпүрө кура турганын жарыялады! Эстакадалык! Төрт сызыктуу! Узундугу 450, кеңдиги 17 метр болгон!

Жетекчинин амбициялары - жакшы иш. Өзгөчө алар каржылык жактан да бекемделип турса... Бирок жаңы көпүрөнү курууга 500 миллион сом керек эле. Ош мэриясында мындай акча болгон эмес.

М.Мырзакматовдун бул чечимин Башкы прокуратура аны издөөгө салуу боюнча билдирүүсүндө “кылмыштуу жана ашкере” деп атады.

Мырзакматовдун жеке кызыкчылыгы эмнеде болгон? Азырынча анын бир гана максаты аталды – “коомчулукка аймактын борбордук бийликтен болгон экономикалык көз карандысыздыгы боюнча жалган элес калтыруу жана Ош мэриясы аткарып жаткан жумуштарды Мырзакматовдун жеке ийгилиги катары көрсөтүү аракети”. Кыскача айтканда, Мырзакматов үчүн “кылымдын курулушу” расмий версия боюнча анын эң чоң пиар-акцияларынан болуп калды.

Буга чейин эскерте кетсек, мэр Мырзакматов эстеликтерди тургузуу менен алек эле...

Ош шаарынын кире беришинде орнотулган 24 метрлик Манастын эстелигинин ачылышында сөз сүйлөп жатып, М.Мырзакматов улуттук баатырга орнотулган эстеликтердин ичинен дүйнөдө эң чоң эстеликтердин экинчиси экенин белгилеп өткөн (биринчиси Монголиянын борбору Улан-Батордогу Чынгызханга болгон эстелик саналат). Албетте, улуттук баатырларга эстеликтерди коюу – жакшы иш. Маселе кимдин эсебинен дегенде жатат. Ош шаарынын бюджетинен Мырзакматовдун бетондон жасалган жана жез менен капталган Манастын эстелигине 31 миллион сом кетти. Салыштырып өтсөк – ошол эле Манастын (таза колодон) жасалган Бишкектеги эстелиги жана Москвадагы Чынгыз Айтматовдун эстелиги экөө биригип, 28 млн сом болгон.

Мырзакматовдун өзүнүн элесин түбөлүккө сактаган эстелиги катары ушул эстакадалык көпүрө болмок эле... Аны куруу жөнүндө чечимди ашкере өзүм билемдик деп атоо туура эле болду – анткени Ош шаарынын бюджетин түзүү 90 пайызга борбордон көз каранды.

Биздин гезит бул кызыктуу цифрларды буга чейин келтирген эле. 2009-2013-жылдары (Мырзакматов бийлеп турган учурда) борбор Оштун бюджетине дотация түрүндө 1 млрд 180 млн сом бөлүп берген. Оштун бюджети бул жылдары жалпы мамлекеттик салыктардын эсебинен 229 млн сомго көбөйдү. Аны менен бирге Оштун бюджетиндеги жергиликтүү салыктар жана жыйымдардын үлүшү бул жылдары 36,8 пайыздан күлкү келтирерлик 9,8 пайызга азайган.

2013-жылы Оштун мэри Мырзакматов жарым миллиард сомдук көпүрө курууну чечкенде, ага ишенип берилген шаарда жергиликтүү салыктар боюнча план 11 айдын жыйынтыгы боюнча 34 млн сомго аткарылган эмес. Ал эми республикалык бюджеттен Ошко тургундардын жылуулугуна субсидияларын каржылоого өткөн жылы 104,3 млн сом бөлүнүп берилген. Ошондой эле Оштун бюджетинин жанагы айтылган эстеликтерди курууга болгон чыгашалары ал убакта 120 млн соду түзгөн. Бул Кара-Көл сыяктуу шаардын жылдык бюджетине барабар.

Ошентип, 2013-жылдын март айында мэр Мырзакматов Оштун шаардык кызматтарынын жетекчилерине көпүрөнү куруу боюнча жумушту баштоо буйругун берди. Шаардын казынасында буга акчанын жоктугун сонун билип туруп, 2013-жылы көпүрөнү курууга 100 млн сом бөлүп берүүгө буйрук кылган.

Жумуш кызуу жүргүзүлө баштады. 2013-жылдын апрелинде Ош мэриясынын шаар жолдору Башкармалыгы эстакадалык көпүрөнүн долбоордук-сметалык документациясын иштеп чыгууга тендер жарыялады.

Май айында тендердик комиссия жеңүүчүнү атады – кытайлык “Гуй Суе” ЖЧКсы.

Прокуратуранын чечими боюнча, тендер мыйзам бузуулар менен өткөрүлгөн. Бул кытай компаниясынын Кыргызстандын аймагында долбоордук-иликтөө иштерин жүргүзүүгө лицензиясы болгон эмес. Аталган факт Ош мэриясынын чиновниктерине 2013-жылдын 1-июнунда “Гуй Суе” ЖЧКсы менен 31 млн 200 миң сомдук долбоордук-сметалык документациясын иштеп чыгуу боюнча макулдашууга кол коюуга тоскоол болгон эмес.

Мамлекеттик экспертизанын баасына ылайык, заказчикке кытай компаниясы сунуштаган долбоор ГОСТ жана курулуш нормаларына ылайык келбеген. Эсеп палатасы дагы аудит өткөрүп, долбоорду “максатына жетпеген”, ал эми ага сарпталган акча каражаты “рационалдык эмес” деп тапкан. Бирок ал мезгилде кытай компаниясы Ош мэриясынан 18 млн сомго жакын акча алууга жетишкен.

2013-жылдын июлунда Мелис Мырзакматов жаңы көпүрөнүн долбоордук-сметалык документациянын кытайлардан келишин күтпөстөн өз чиновниктерине “кылымдын курулушуна” киришүүгө буйрук берген.

Мэрия эстакадалык көпүрө жана Навои көчөсүндөгү имараттарды талкалоого тендер жарыялады – амбициялык долбоор ушундай курмандыктарды талап кылып жатты.

Тендерди дагы бир кытай компаниясы утуп алды – “Оштогу Сью Джоу шаарынын жол-курулуш корпорациясы”. Белгилүү болгондой, ал дагы Кыргызстанда курулуш-монтаж иштерин жүргүзүүгө лицензиясы болгон эмес. Бирок мэрия аны менен да 489 млн 945 миң сомго макулдашуу түздү. Бул акчадан кытай курулушчулар 12 млн сомду алууга жетишкен.

Бардыгы болуп – 29 млн 714 миң сом. М.Мырзакматовдун авантюрасы мамлекетке ушундай суммадагы зыян келтирүүгө жетишти.

Подрядчиктерди тандап алганы да кайсы бир ойлорго түрткү кылууда. Мелис Мырзакматовдун бизнеси Кытайда деген сөздөр бар, өзү да ал жакка көп барып жүрөт. Бирок прокуратура азырынча бул кытай компанияларынын Мырзакматов менен байланышын таба элек окшойт, ошондуктан бир гана себеп – мырзакматовдук жеке амбицияларды атоодо.

Көпүрөнү куруу көптөгөн нааразычылыктар менен коштолгон. Ош шаардык кеңешинин айрым депутаттары буга ачык эле каршы пикирин айтышкан.

Алардын айтымында, тендерге оштук жана негизи эле кыргызстандык компаниялар катышкан эмес. Көпүрөнү куруу боюнча маселе коомдук талкууга алынып чыкпай, анын долбоорун шаар парламентине тааныштырып да коюшпаган.

Курулуш иштеринин айынан шаарда узак жол тыгындары пайда болуп, Ош мэриясы болсо бул авантюрага киришип алып, кайсы акчага куруп бүтөөрүн билбей отурушкан. “Бүткүл Кыргызстан үчүн бул чоң акча, ал эми Ош үчүн ат көтөргүс сумма. Биз бир адамдын авторитети үчүн мындай кадамдарга бара албайбыз да?”, - деп өткөн жылдын ноябрында депутаттардын бири айткан.

Депутат туура айткан. Анткени Мырзакматов шардыктардын арасында өз авторитетин көтөрүүгө жандалбастап жаткан – шаар мэрин шайлоо жакындап калган эле. “Кылымдын курулушун” баштап алган Мырзакматов эң башкысы киришип алайын, анан көрөбүз деген принцип менен иштегени көрүнүп турат. Анда ашыкча шайлоо алдындагы көзүрү пайда болгон – эстакадалык көпүрөнүн курулушу. Аягы кандай болгонун баарыбыз көрдүк.

Бирок 2013-жылдын декабрында премьер-министр Ж.Сатыбалдиев аны кызматынан айдады. 2014-жылдын январында мэр шайлоосу өттү. Мелис Мырзакматов андан утулду.

Ак-Буура суусу аркылуу көпүрө куруу боюнча чырлуу окуя дагы бир башка, алдын ала баш-аягы жок авантюраны эскертүүдө. Эсиңерде болсо, акаевдик мезгилде Ысык-Көл облусунун губернатору Тойчубек Касымов Чолпон-Атадан Алматыга жол курам деп баштап чыккан. Бирок көпүрөнүн окуясы жакшы бүттү десек болот. Курулуш уланды, акча табылды. Быйылкы жылдын июнь айында Ошко болгон иш сапарында президент Алмазбек Атамбаев билдиргендей, “кылым курулушу” россиялык каржылык жардамдын эсебинен аягына чыгарылат. Ал эми Россия болсо атайын Ош облусун өнүктүрүү максатында бир жарым млрд сом жиберген.

Ошентип, Мелис Мырзакматов өзүнүн саясый күрөшүндө колдоно алган дагы бир көзүрүн жоготту (бул саясатчынын амбициялары дагы деле ат көтөргүс). Эми “мына, жаңы бийлик мен баштагандын аягына да чыга албайт. Менсиз иш бүтпөйт!” деп айта албай калды.

Көрсө, ал жок деле иш бүтөт экен да, албетте, Бишкектин жардамы менен.

Мелис Мырзакматовго карата издөө салууга чейин укук коргоо органдары аны суракка чакыруу аракетин көрүшкөн. Бирок бул ийгиликтүү болбоду – Ошто да, Бишкекте да экс-мэр табылбады. Көрсө, Мелис Мырзакматов 27-сентябрда “Ак жол” өткөрмө пункту аркылуу кыргыз-казак чек арасы аркылуу чыгып кетиптир. Версиянын биринде ал азыр Казакстанда. Башка маалыматка ылайык, анын авантюрасынын айынан акча берген Россияда.

“Дело№” гезитинен которулду

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...