Последние публикации

Жалал-Абад шаарынын 2014-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Жалал-Абад шаарынын 2014-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Жалал-Абад шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясынын

4-декабрь 2014-жыл

№9 ТОКТОМУ

Жалал-Абад шаарынын 2014-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү», «Муниципалдык кызмат жөнүндөгү» мыйзамдарынын жана Жалал-Абад шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун негиз кылып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен шаардык кеңештин кезектеги XIX – сессиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жылдын жергиликтүү бюджетин үнөмдүү пайдаланылган каражаттын эсебинен өндүрүштүк муктаждакка байланыштуу № 1-тиркемеге ылайык өзгөртүү жагы шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.

2. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2013-жылда Евразия фонду тарабынан жеңип алган долбоорлордун үлүштүк каржылоосу каржыланбай калгандыгына байланыштуу № 11- балдар бакчасынын сырткы ремонтуна 18,8 миң сом, № 11-мектепке жайкы актовый зал курууга 135,0 миң сом 2014-жылга үлүштүк каржылоого каралган каражаттын эсебинен бөлүп берүү жагы шаар мэриясына милдеттендирилсин.

3. Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасынын Жеңи-Жок көчөсүнүн 18а көп кабаттуу үйүнүн чатырынын капиталдык ремонтуна жашоочулардын жалпы чогулткан каражатынын 30% үлүштүк каржылоого каралган каражаттын эсебинен бөлүп берүү шаар мэриясына милдеттендирилсин.

4. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржыланган мекемелердин жылдык сметасында үнөмдөлгөн каражаттарынын эсебинен бир айлык эмгек акы өлчөмүнө чейин кызматкерлерди сыйлоо (премия) жагы мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилсин.

5. Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн жылуулуктан болгон карызын, Жалал-Абад Тазалык ишканасынын күйүүчү майдан болгон карызын төлөө үчүн, муниципалдык жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазасына кышка даярдык көрүү жана шаардык статистика бөлүмүнө мал санакты уюштуруу максатында жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин 2014-жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен каржыланбай калган жана үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен жылдырып жана каржылап берүү жагы шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.

6. Т. Тайгараев атындагы аймактык башкармалыкка жылдык сметасында үнөмдөлгөн каражатын Жалал-Абад шаардык жолдор башкармалыгына Т. Тайгараев атындагы аймактык башкармалыктын көчөлөрүнө шагыл төгүү үчүн жылдыруу жагы шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.

7. Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги XVIII-сессиясынын №5-токтомунун 3-пункту төмөндөгүдөй редакцияда окулсун: «Шаардын ар түрдүү маселелерин чечүү максатында шайлоочулардын кайрылууларын аткарууга бөлүнгөн 3100,0 миң сом, шаардын тургундарынын кайрылуусунун негизиндеги шаардык кеңештин буйругу менен каржылануусу бекитилсин».

8. Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги XVIII-сессиясынын №5-токтомунун 4-пункту төмөндөгүдөй редакцияда окулсун: «Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын «Нак сүт» мал чарбасына 2015-жылдын 1-январынан тартып жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүү токтотулсун».

9. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.

10. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

11. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.

Шаардык кеңештин төрагасы Н. Нишанов

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...