Последние публикации

Т.Казаков: “Жаш журналисттердин көбү сабатсыз”

Т.Казаков: “Жаш журналисттердин көбү сабатсыз”

Учурда кыргыз журналистикасында устат-шакирт долбоору жигердүү иштеп баштады. Аталган долбоорго замандаштар тарабынан көпчүлүк добушка ээ болуп, устат катары тандалган КРнын эл артисти, телеалыпбаруучу Түгөлбай Казаковдун долбоорго болгон ой-пикири тууралуу маек курдук.

-Түгөлбай агай, бул долбоорго сиздин көз карашыңыз кандай?

- Бул жаш журналисттер үчүн табылгыс нерсе. Учурунда улуу муундан үлгү алгыла деген жалпы түшүнүк бар эле. Мындан сырткары бизди Москвага алып барып окутушчу. Биз учурунда көп жардам алат элек. Бирок өзүнчө юридикалык жак болуп ачылган мындай уюм болгон эмес. Мен бул долбоордун ачылганына абдан кубанып жатам. Жаңы баштаган журналисттерге көптү көргөн тажрыйбалуу журналисттердин көмөктөшкөнү абдан жакшы саамалык. Көп жерден журналисттер билбей аксап калат. Чыгармачылык, юридиалык жактан дагы катаны кетирет. Ошонун баарын биз көрүп калганбыз аны айтып беребиз. Демек бул журналист биз кетирген катачылыктарды кетирбейт. Бизге караганда алар өйдө, бийик болуусу керек. Биз дагы умтулабыз. Ушуга шарт түзүп жаткан бул уюм абдан керек. Мен укканда сүйүндүм. Журналистикага келем деген кишиге көмөкчү болууга чоң мүмкүнчүлүк берди. Баланча киши менен иштеш, тажрыйбасын ал деген нерсе менен жаш муунду жаңы тепкичке көтөрүп жатат.

- Сиздин оюңузча учурда жаш журналисттердин арасында кандай кемчилик байкалат?

- Эң биринчи кемчилик бул тилдеги сабатсыздык. Катаны абдан көп кетиришет. Грамматикалык, орфографиялык каталарды. Экинчиси бет алган багытын терең изилдебей туруп аралашып алат. Мурун атайын кабарчы болгон. Өз кабарчы жана атайын кабарчы деп айтаар элек. Экөө эки башка нерсе. Бизде азыр атайын кабарчы жок. Атайын кабарчы деген бир тармакты алат дагы ошону ийне-жибине чейин так жазат. Мисалы, сот процесстери болот. Ошону жазуу үчүн журналистте юриспруденция деген түшүнүк болуу керек. Мыйзамдарда ал кандай чечмеленет, кайсы жери бузулуп жатат, адвокат туура колдоп жатабы? Анын баарын билүү үчүн алардан өйдө туруп билимдүү болуусу зарыл. Илгери, “Литературная газетада” атайын кабарчы деген бар эле. Алардын бири сот процесси боюнча, бири адабият жана башка тармактар боюнча атайын кабарчылар иштеген. Ошондуктан атайын кабарчылдарды даярдоо керек. Бул иш-аракеттер болмоюнча журналисттер көтөрүлбөйт.

- Демек, журналист бир гана журналистика билимине эмес башка тармактын адиси катары дагы окуу жайды аяктоосу зарылбы?

- Мисалы, экономиканы жазам деген кишиге экономикалык билим керек. Аны сөзсүз эле экономикалык факультетти бүтүрүү керек эмес. Өзү окуп үйрөнүүсү абзел. Деги эле кандай гана тармакты жазса, ошол тармакты терең изилдеп, маалыматка ээ болуусу шарт. Адистердин көбү журналисттердин кулагына кесмени иле берет. Ал сөздөрдү кармап учурунда тактай турган суроону бериш үчүн журналист өзү билимдүү болуусу өтө зарыл.

- Сиз шакирт менен иш алып барууда кайсы багыттагы тажрыйбаларыңыз менен бөлүшкүңүз келет?

-Мен шакиртим менен сүйлөшүп, анын оюн билгим келет. Өзүнө жакын багытты алуу зарыл деп ойлойм. Мисалы, медициналык окуу жайды бүтүргөн адис журналист болом десе ал медицина тармагын жакшы билет. Ал эми журналистика жалпы принциптерди окутат.

Ссылка на оригинал публикации : kyrgyzkabar.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...