Последние публикации

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын көрсөткүчү

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын көрсөткүчү

2-АГАРТУУ АЙДЫӉЫ

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын көрсөткүчү

Гүлназ Мамытова

Учурда Кыргызстанда 52 ЖОЖ бар, анын ичинен 31 – мамлекеттик болсо, 21 – жеке менчик. Ал эми жогорку билим алуучулардын саны 1992-жылы 50 миңди түзсө, азыркы тапта 200 миңден ашат. Саналуу күндөрдөн соң мектепти аяктап, билимдин даңгыр жолуна түшүүгө даярданып жаткан бүтүрүүчүлөр үчүн Кыргызстандагы ЖОЖдордун салыштырмалуу рейтингин чыгардык.

Акыркы убактарда ЖОЖдор боюнча ар кандай сөздөр айтылып келет. Кээ бирлер азыр ЖОЖдун саны көп, сапаты жок, “диплом өндүрүү” менен алек дешсе, айрымдары дүйнөлүк деңгээлге саналуу гана ЖОЖдор жооп бербесе, калгандарынын аты гана бар дешүүдө. Бул – эл ичинде айтылган кептер, ал эми өлкөбүздөгү ЖОЖдордун рейтингин чыгарган атайын уюмдар жокко эсе. Бирок калк арасында алардын кайсынысы оозго алынып жатканын жана Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы менен учурда кайсы ЖОЖдун дарамети күчтүү экенин билүүгө болчудай.

Былтыр Кыргызстан боюнча Жалпы республикалык тестке 39525 окуучу катышкан, алардын 4092си Кыргызстандын ЖОЖдорундагы гранттык орундарга кабыл алынган.

2011-жылы Кыргызстандагы ЖОЖдордун гранттык орундарга алуу конкурсунун жыйынтыктары боюнча түзүлгөн рейтинги төмөнкүдөй:

ЖОЖдун аты

Гранттык орундарга

алынгандардын саны

Тест баллынын орточо

көрсөткүчү

И. К. Ахунбаев атындагы КММА 222 181.9

Б. Н. Ельцин атындагы КРСУ 86 180.5

Кыргыз-түрк “Манас” университети 111 172.6

МУК 30 168.3

И. Раззаков атындагы КМТУ 313 162.4

КЭУ 30 151

Ж. Баласагын атындагы КУУ 497 146.7

К. Карасаев атындагы БГУ 159 144.4

ОшМУ 477 138.9

К. Тыныстанов атындагы ЫМУ 185 131.9

КМКТАУ 230 130.2

И. Арабаев атындагы КМУ 355 130

ЖАМУ 320 126

Э. А. Алиев атындагы ИИМ Академиясы 230 125

ОшМСУ 180 121

БатМУ 178 120.8

К. И. Скрябин атындагы КАУ 260 120.1

М. М. Адышев атындагы ОшТУ 279 115.3

С. Нааматов атындагы НМУ 170 112.1

ТМУ 94 111.8

КР КК аскердик институту 120 111.3

* - КУК, ККА, КУИИ жана УСТА чербер адистиктерине (дизайн, живопись, көркөм-колдонмо чеберчилиги) ЖРТнын жыйынтыктары зарыл эмес. Бул ЖОЖдордун гранттык орундарына өзүнчө кирүү чыгармачылык сынактары өткөрүлөт. Айтмакчы, бул рейтингге Борбордук Азиядагы Америка университети кирген эмес, анткени ЖРТнын жыйынтыгы кабыл алынбайт.

2011-жылы Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан гранттык орундар үчүн сынакка кирүүгө мүмкүндүк берген балл – 110 балл, ал эми контракттык бөлүмдөрдүкү 100 балл деп белгиленген. Мында берилген рейтингдерден ЖОЖдордун билим деңгээлин салыштырсак болот. Айрым окуу жайына өткөн эң төмөнкү балл башка университеттин жогорку баллын көтсөтүп турат. Ал эми кайсы бир университеттин контракттык орунга өткөн баллы менен башка бир университеттин гранттык орунуна өтүүгө болот.

Төмөндө 2011-жылкы ЖРТ менен адистиктердин рейтингин сунуштайбыз. Гранттык орундар (эң көп тапшырылган алдыңкы 15 адистик алынды; адистиктер абитуриенттердин санынын төмөндөшү боюнча сорттолгон):

Кабыл алынгандардын саны Кабыл алынган абитуриенттердин тесттик баллдарынын орточо көрсөткүчү Адистиктин аталышы

236 126.4 Физика

231 125.5 Юриспруденция

215 130.4 Математика

177 184.1 Дарылоо иши

166 144.5 Англис тили

145 133.6 Информатика

145 127.0 Кыргыз тили жана адабияты

144 132.7 Орус тили жана адабияты

139 138.2 Тарых

130 140.4 Чет тил

126 131.5 Филология

120 111.3 Мото аткыч

115 121.0 Педагогика жана башталгыч билимдин методикасы

106 126.1 Педагогика

96 133.5 Электр энергетика

Адистиктердин рейтинги: контракттык орундар (адистиктер абитуриенттердин санынын төмөндөшү боюнча сорттолгон):

Кабыл алынгандардын саны Кабыл алынган абитуриенттердин тесттик баллдарынын орточо көрсөткүчү Адистиктин аталышы

1257 117.4 Юриспруденция

1092 118.2 Финансы жана кредит

774 115.8 Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит

576 124.9 Менеджмент

576 125.4 Экономика

470 130.7 Эл аралык мамиле

403 145.5 Дарылоо иши

296 118.4 Котормо жана котормочулук иш

284 118.7 Салык жана салык салуу

254 131.5 Дүйнөлүк экономика

240

116.6 Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу

235 102.9 Колдонмо математика жана информатика

234 99.6 Биология

223 109.2 Бажылык иш

210 118.1 Журналисттик иш

Кыргызстандагы ЖОЖдордун бир жылдык төлөм акысы:

Кыргыз-түрк “Манас” университетинде контракттык орун жок болгондуктан, бул тизмеге кирген эмес.

Рейтинг ЖОЖ Контракт

1 БААУ 5000-5500$

2 Ата-Түрк “Ала-Тоо” эл аралык университети 800$-1400$

3 Б. Н. Ельцин атындагы КРСУ

25 000-54 000 сом

4 КМЮА

25 000-36 000 сом

5 КРП БА

28 000-30 000 сом

6 Ж. Баласагын атындагы КУУ

16 000-36 000 сом

7 И. Раззаков атындагы КМТУ

15 000-26 000 сом

8 К. Карасаев атындагы БГУ

16000 -26 000 сом

9 Бишкек финансы-экономика академиясы

16 000-23 000 сом

10 КМКТАУ

16 00 -23 000 сом

Бул жерде Кыргызстандагы эң кымбат жана орто ЖОЖдордун бир жылдык төлөм акысы көрсөтүлдү. Ал эми аймактык ЖОЖдордун бир жылдык төлөм акысы 8 000 сомдон башталып, рейтингде көрсөтүлгөн орто сумманы түзөт.

Өлкөбүздө 30-40 жылдык тарыхы бар окуу жайлары бар, алардын баарын бир беткей жаман деп айтууга болбойт. Себеби айрым факультеттер мыкты адистиктерди чыгарып жатканын белгилешүүдө. Анткен менен, адистердин айтымында, акыркы кездери жогорку окуу жайларынын арасынан башка өлкөлөр менен биргелешип түзүлгөн окуу жайлары менен чет элдик университеттердин кадыр-баркы өсүүдө. Маселен, Б. Ельцин атындагы КРСУ, Кыргыз-түрк “Манас” университети, Борбордук Азиядагы Америка университети, Ата-Түрк “Ала-Тоо” университетине тапшырсам деп дилгирленген абитуриенттер арбын. Себеби ал университеттерде техникалык жабдуулар мыкты, чет өлкөлөр менен байланыш бекем, сабактар бир канча тилде жүрөт, окууну бүткөндөн кийин чет өлкөгө коркпой чыга алуу жана жумуш орду менен камсыз болуу мүмкүнчүлүгү кенен ж. б. Ушунусу менен алар алдыга озуп чыгып жатышат дешет адистер.

Интернетте жүргүзүлгөн bilimkeni сайтынын “Кайсы университетке тапшыргыңыз келет? (В какой ВУЗ хотите поступить?)” деген сурамжылоосуна көз чаптырсак, учурда бүтүрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырып жаткан ЖОЖдор тууралуу төмөнкүдөй ойлорун ортого салышыптыр:

Айзахан: Саламатсызбы? Ооба, мен да башкалар сыяктуу жакын арада мектепти аяктап, шаарга барып ЖОЖго тапшырам. Мен эч токтолбостон БААУга тапшырам, кудай буйруса! Анткени Кыргызстандагы эң абройлуу университет экенин эч ким тана албайт. Ал жакта сапаттуу билим берилет жана куржуну да билимге толтурулган, мында келечекке көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар дегендик.

Тентиев Кайрат: Салам! Мен учурда 8-класстын окуучусумун, ал эми келечекте тапшыра турган ЖОЖдордон эң туурасы болуп БААУ эсептелинет. Анткени учурда өзүңдүн максатына жетүүдө биринчи сапаттуу билим керек деп ойлойм.

Алимбеков Алтынбек: Саламатсыздарбы? Мен азыр 17 жаштамын. Мен да мектепти бүткөн соң, Ататүрк “Ала-Тоо” университетине же Кыргыз-түрк “Манас” университетине тапшырам. Эмне себептен бул ЖОЖдорду тандадым? Анткени ал жакта менин таякем окуп, жети жылдан бери Америкада окуп жатат. Менин бирден-бир максатым – Кыргызстандагы ЖОЖдон окуумду ийгиликтүү аяктап, Америкага барып билимимди тереңдетүү. Бардык тапшыруучуларга ийгилик каалайм!

Айсахунова Айжаркын: Мен да бул жылы жогорку окуу жайына тапшырам, бирок мен бир чечимге келе элекмин. Учурда бир канча варианттарды карап жатам. БААУ, БАУ, Кыргыз-түрк “Манас” университети. БААУ кулакка жагымдуу угулат, бирок бул окуу жайынын финансы жагы ойлондурат. БАУ бир топ эле жаш университет болуп саналат. Мени кызыктырган суроо диплому тууралуу. Кыргыз-түрк “Манас” университети азырынча эң туурадай көрүнүп турат.

Айтакунова Жамиля: Мен экономика тармагында тажрыйбалуу, мыкты адис болом. БААУнун билимин алсам деп, мындан эки жыл илгери өзүмө ишенчүмүн. Бирок учурда менин алдымда дагы бир олуттуу вариант пайда болду, медицина тармагы. Эми ойлонуп жатам, эмне кылсам, БААУга тапшырсамбы же Медицина академиясынабы? Канткен күндө да, тапшырардан мурун, албетте, ата-эненин капчыгына да көңүл буруу керек. Мыкты врач болууну каалап жатам, бирок менин ички сезимим тажрыйбалуу экономист болууну эңсөөдө.

P.S.: Айрым маалыматтар www.testing.kg сайтынан алынды.

Шоокум, №5 (69)Я,май, 2012-жыл

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Комментарии

  • Эсен в 10.01.2017 @ 23:34

    Салам