Последние публикации

Issyknews. Ысык-Көлдө жашылчага болгон баа жогорулады

Облустагы шаарларында жашылчага болгон баалар көтөрүлүүдө. Каракол, Чолпон-Ата шаарларынын жашылча базарларында картошканын баасы өткөн жылга салыштырмалуу кымбат. Учурда картошканын килосу 15 сомдон 20 сомго чейин көтөрүлгөн. Себеби быйылкы түшүм начар жана аз болушу. Бул тууралу КР экономика жана антимонополияга каршы саясат министрлигинин түндүк регион аралык башкармалыгынын Ысык-Көл регионалдык бөлүмүнүнүн адиси Сугина Шайбекова билдирди.

Анын айтымында мындан башка жашылчалардын баалары көтөрүлүүдө: «Базарда сабиздин килограммы 13төн 18 сомго чейин, капустанын баасы 1 кг 20 сомдон, 25ке чейин сатылууда. Бул жумада теплицаларда өстүрүлгөн помидор, бадыраңдар алынып келинди. Помидордун баасы 100 сомдон, 130а чейин, бадыраңдыкы 90-100 сомго чейинки бааларды түзүүдө » -дейт С. Шайбекова.

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...