Последние публикации

Мыкты окуган студенттерге стипендия алуу үчүн сынак жарыяланат

Түштүк Корея Республикасынын борбору Сеул шаарында жайгашкан, Азиянын 8 мамлекетиндеги филиалдарында кызмат көрсөткөн "Asya Children Charity" (Азия балдарына камкордук) кайрымдуулук фондусунун атынан анын президенти, Кыргыз Республикасынын Түштүк Корея Республикасындагы ардактуу консулу Ким Жоң Гу мырза жана Кыргызстандагы "АСС - Билим жана тарбия борбору" Кыргызстандын университеттеринде эң жакшы окуган жогорку курстардын студенттерине, ай сайын төлөнүүчү стипендияны алуу үчүн конкурс жарыялайт.

Сынактын максат Кыргызстандын зээндүү, таланттуу, ар-намыстуу, мекенчил, элин урматтаган, ата-журтун ыйык санаган, адамгерчиликтүү, кыргыздын наркын, салтын тутунган жаштарды материалдык жана моралдык жактан колдоого алуу болуп саналат.

Конкурска катышкандарды тандоо шарттары:

1. Кыргызстандын университеттеринин 3- 4-5-курстарында, магистратурада (MBA), докторантурада (PhD) жана аспирантурада окугандар;

2. Окуудагы эң мыкты ийгиликтерге жетишкендер;

3. Чыгармачылыкта (музыка, санат, акындык өнөрдө, манасчы ж.б.) жана окууда өздөрүн тааныта алгандар;

4. Кыргыз адабий тилин жакшы билгендерге, чет тилдерди жогорку деңгээлде өздөштүргөндөргө артыкчылык берилет;

5. Жетим, жакыр, көп балалуу үй-бүлөлөрдөн чыккан, келечекке үмүттөндүргөндөр

Сынакка Кыргызстандын ар тарабында жашап, окуган жаштар катыша алышат.

Бишкекте окуган, жашай турган жайы жок, конкурстан өткөн жаштардын айрымдарына акысыз, жашоого ыңгайлүү жатакана да берилиши мүмкүн.

Конкурстун мөөнөтү жарыялангандан баштап 10 күн.

Талап кылынган документтер: Паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, үй-бүлө курамы жөнүндө маалымдама, атестаттын көчүрмөсү, студенттик билети, зачеткасынын копиясы, декандын же кафедра башчысынын мүнөздөмөсү.

Конкурска катышуучулар төмөнкү адреске кайрылып, ар кандай маалыматтарды алышса жана документтерин тапшырышса болот:

Адрес: Көк-Жар айылы, Карагул Акмат көчөсү, 2/2. Телефондор: 077047 14 54; 0550 78 00 40; 0771 45 66 98. E-адрес: mambetalieva1983a@gmail.com

Ссылка на оригинал публикации : www.kabarordo.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...