Последние публикации

Философия жана тарых жаатында илимий китептер жарык көрдү

Ош мамлекеттик университетинин окутуучусу, теология факультетинин деканы, философия илимдеринин кандитаты, профессор Алиев Асылбек Алиевичтин орус тилдүү «Феномен Восточного Ренессанса» жана «Мухммед Бабур» аттуу илимий китептери Бишкек шаарында жарык көрдү. «7 жыл мурун чыга турган китеп улам улам жылып олтуруп, акыры ушул жылы жарык көрдү. Бул китеп чыгып, колума кармаганымда ыйлагым келди. Көптөгөн эмгекти талап кылган илимий изилдөөмдү китеп абалында колума алуу ушундай толкунданууну, башкача сезимдерди жаратты» дейт эмгектердин автору, профессор окутуучу. Эскерте кетчү жагдай, жогорку эмгектердин бет ачаар аземи 23 -ноябрда Ош МУнун теология факультетинде универститеттеги белгилүү окутуучулар жана студенттердин катышуусунда болуп өттү. Аталган китеп тууралуу жылуу пикирлер жана баалуу сунуштар катышуучулар тарабынан билдирилди. Өзгөчө белгилеп кетчү жагдай, бул китептердин жооптуу редактору тарых илимдеринин доктору, профессор, академик, вице – президент У. И. А. Плоских Владимир Михайлович, ал эми рецензенттери академик А. Какеев өңдүү илимий даражалуу инсандар.

Азизилла уулу Иманбек

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...