Последние публикации

Кадамжайда сөөлжандар 60 тонна биогумус иштеп чыкты

Кадамжайда сөөлжандар 60 тонна биогумус иштеп чыкты

Кытай жана Европанын көпчүлүк мамлекеттери 70-80% айыл чарбасына, органикалык жер семирткич "биогумустан" пайдаланышат.

"Биогумустун" артынан түшкөн агроном Райкан Салиева 4 жыл аралыгында 60 тонна биогумус даярдап, Кыргызстан аймагындагы дыйкандарга быйылкы жылы 20 тоннадай биогумус саткан. Бир тонна биогумустун баасы 2 миң сом.

Агроном Райхан Салиеванын айтымында, азыркы мезгилде бүткүл дүйнөдөгү мамлекеттер, айыл чарбасына уулуу химикаттарды колдонууну азайтып жатышат. Себеби, алар эң биринчи адамдардын ден-соолугуна, андан кийин жаныбарларга, айлана-чөйрөгө чоң зыяндуулугун тийгизип, элди багып жаткан жердин (топурактын) асылдуулугун жылдан-жылга төмөндөтүп жатат.

Мисалы: Америка, Италия, Франция, Кытай жана Европанын көпчүлүк мамлекеттери 70-80% айыл чарбасына, органикалык жер семирткич "биогумустан" пайдаланышат.

Ушул күндө Кыргызстандын айыл чарба министрлиги органикалык жер семирткичке өтө чоң мааниде көңүл буруп, Кыргызстандын бардык айыл чарба тармактарында биолабораторияларды ачууга кеңири жол берип, кадрлар маселесине чоң көңүл бурууда.

Кадамжайда 4 жыл мурун Калифорния кызыл сөөлжандарды өстүрүүнү баштаганбыз. Сөөлжандарды чукурга салганда болгону 500 миң даана болчу. Азыркы күндө алардын саны 1 млн даанадан ашып кетти. Сөөлжандар 1942-жылы Американын Калифорния штатынан келип чыккан. Биогумус ушул күндөрдө дүйнөлүк базарда өзүнүн баалуулугу, эффективдүүлүгү жана башка баа жеткис касиеттери менен II орунда турат. Сөөлжандар өтө эле эстүү организм катарына кирет. Борбордук нерв системалары өтө күчтүү иштейт. Эгерде сөөлжандарга толук шарт түзүп берсек, алар 38-40 жыл бою жашай алышат. Алардын узундугу 2 см ден 4 см ге чейин жетип, 70-80 % нымдуулукта, 23-30 градус температурада жашашат.

Сөөлжандар - адамдардан, өсүмдүктөрдөн, жаныбарлардан чыккан калдыктар менен тамактанышат.

Мисалга алсак, чириген бардык өсүмдүктөрдүн калдыктары, ажаткана, чириген малдын кыгы, тоок, өрдөк, коён, чочко жана башка жаныбарлардын калдыктарын толугу менен жеп, органикалык жер семирткич иштеп чыгышат.

Кызыл сөөлжандар гермофродит организм алардын эркектери 20-21 даана тукум койсо, ургаачылары 18-20 даана тукум койот. Бул кичине организмдер өмүрүндө укташты билишпейт. Аларга өтө жакшы ыңгайлуу шарттар болсо, күнү-түнү иштешет. Алар күндүн нурунан өтө эле коркушат. Ошондуктан аларды мүмкүнчүлүк болушунча караңгы жерлерде багуу керек. Мисалы, 3 тонна таштандыны 1 млн сөөлжан 1 айдын тегерегинде жеп, органикалык жер семирткич биогумусту даяр кылат. Мындайча айтканда 300 кг калдыктан, 120-130 кг органикалык жер семирткич пайда болот. Биогумус гранул сыяктуу майда кара же кызымтыл түстө болот.

Биогумустун жардамы менен:

1.Сөөлжандарды жана башка жер кыртышындагы майда миктоорганизмдерди көбөйтүү.

2.Жер кыртышынын асылдуулугун, температурасын кармоо.

3.Жердин нымдуулугункармап калу.

4.Жашылчалардын өсүшүнө жана гүлдөшүнө ыңгайлуу шар түзүп берүү.

Ушул күндө жер жүзү боюнча шаарлардан, айыл-кыштактардан жана башка коомдук жайларда ташталып жаткан калдыктар (мусор) экологияга чоң терс таасирин тийгизүүдө. Ошондой эле бул үчүн көптөгөн акчалар сарпталууда. Мисалы: Бишкек шаарында 1 жылда 200 млн сомдук каражат мусорго сарпталат экен. Жогорудагы калдыктардын 70 пайызын биз сөөлжандарга берсек, органикалык жер семирткич чыгарып, Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө өз таасирин тийгизет. Мындан тышкары шаарлардын, айылдардын тазалыгына да чоң таасирин тийгизет. Мен азыр айрым айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүшүнө, түшүмдүүлүгүнө биогумустун таасирин айтып кетсем. Мисалы, 1 түп терек 15-18 жылда курулуш материалы катары даяр болсо, биогумус менен 10-12-жылда жетилип калат. 1 түп помидор ушул күндө араң минералдык жер семирткичтердин жардамы менен 20-25 даана помидор кармаса, биогумус менен 50-60 даана помидор кармайт. Ал эми картошка жогорудагы минералдык жер семирткичтердин жардамы менен 60-70 даана картошка алууда.

Ошондой эле биогумус бир салынган жерде өзүнүн эффектүүлүгүн 3 жылга чейин сактай алат. Март айларында тигилген көчөттөр 7-8 жылда мөмөгө кирсе, биогумус менен 3-4 –жылда эле мөмө ала баштайт.

Алсак, сорттуулугу жакшы мөмө-жемиштер 20-25 күн эрте бышат. Биогумустун составында өсүмдүктөргө керектүү төмөнкү органикалык заттар бар: Азот, фосфор, калий, магний, кальций, күкүрт, темир, марганец, жез, бор, хлор, цинк бар. Ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерине чыдамдуу касиеттери көп.

Кызыл сөөлжандардын дагы бир айтып кетүүчү чоң баа жеткис касиеттери бар.

Мындайча айтканда биогумус менен картошканы ала турган болсок, сорттуулугу жогору болгон картошканы эксек, гектерына 60-70 тонна картошка өндүрүүгө болот. Дандык жүгөрүнүн түшүмдүүлүгүн алсак, 5-6 эсеге көп. Ал эми биогмусту мөмө-жемиш дарактарына колдоно турган болсок, сабагы бекем болуп, түшүмдүүлүктөн да алдыңкы көрсөткүчкө ээ болот. Күрүчкө иштетсек гектарына 4 тоннадан жогору түшүм берет. Сөөлжандарга ушул шалынын калдыктарын жедирсек, о.э. айжубаздан чыккан шалынын калдыктарын жедирсек кайра эле өзүнө жумшалып, кайра эле органикалык жер семирткич катары иштетилип жатпайбы. Мындан тышкары сөөлжандар тоют катарында тоок, өрдөк, каздар жана башка канаттууларга берсек, күнүнө жумуртка берип, этинин салмагы да 4 эсеге жогорулайт. Балык чарбасына колдоно турган болсок, балыктардын дени чын болуп салмагы көбөйүп, жакшы натыйжа берет.

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн помидор, капуста, баклажан, жүгөрү, соя, сыяктуу өсүмдүктөрдүн зыянкечтерине уулуу заттар (ядохимикаттар) менен кырбастан, кала берсе жашоо-тиричилигибиздеги экологияны бузуп аткандыгы байкалат. Адам менен жаратылыштын ортосундагы табиятты бузуп жаткандыгы. Ошол уулуу заттардын айынан көптөгөн оорунун түрлөрү пайда болуп, адамга да зыяны тийип жатат. Өсүмдүктөр уулуу химиялык жер семирткичтер аркылуу өзүнүн түшүмдүүлүгүн жоготуп жаткандыгы да байкалат. Себеби, канча химиялык жер семирткич колдонбойлу, барыбир курт кирип, сабагынан түшүп жаткандыгына күбөбүз. Маселен 1 түп помидор менен капустанын же жүгөрүнүн жалбырактарынын арт жагына март, апрель айында көпөлөктөр өздөрүнүн жумурткаларын коюшат. Ал личинкалардан курттар чыгып, түшүмдүүлүктү 30-40% ке азайтып жатат. Ал эми биз лабораторияда өндүрүлгөн майда крихограмма аттуу куртту жогорудагы өсүмдүктөргө койсок, ошол жумурткаларды чагып, 30-40 % эффект берүүдү. Ошол жумурткадан чыккан личинкалар жалбырактарды жеп, түшүмдүүлүктү төмөндөтөт. Ошол мезгилде биз габрабракон аттуу куртту коюп, дагы 20-30 % личинкадан чыккан куртту жок кылат. Дагы эле 20-30% зыянкеч калууда. Анны биз феремонная лавушка менен жок кылабыз. Ловушкада эркек көпөлөктүн жыныс безидеги суюктук бар. Ургаачы көпөлөктөр эркек көпөлөктүн жынсый клейинин жытына келип, жабышып өлөт. Ошентип биз 100 пайызга зыянкечтерден сактап калып, лабораториялык каражатта 1 гектарына 250-300 сом каражат кетип атат. Ал эми химиялык каражатка 2000-3000 сом тегерегинде акча сарпталып жатат. Ушундан эле жыйынтык чыгарып, кайсы ыкма менен иштөө даана байкалып турат.

Колифорниялык сөөлжандарды кыш мезгили үчүн өтө кылдаттык менен мамиле жасоо керек. Башкача айтканда декабрь, январь, февраль айларында алдын-ала атайын чукулган чуңкурга бийиктиги 1 метрге жеткен акыр-чикирлердин бардык түрүн салып, андан кийин сөөлжандар салынат. Чуңкурда нымдуулук 70-80% болуусу шарт. Бул үчүн нымдуулукту сактап туруучу каражаттар менен жабдылат. Дагы кайрадан бийиктиги 3 метрге жеткен калдыктарды же акыр-чикирлерди салабыз. Андан ары дагы 80% нымдуулукту берип, полиэтил кленкалары менен (же өзүнүн атайын пленкалары) жабылат. Кыш мезгилинде калифорниялык сөөлжандар тукум коюуну башташат. Ошондуктан кыш мезгилинде аларга өтө кылдаттык менен мамиле жасоо керек. Интернеттеги чет өлкөлөрдөн алынган маалыматтарга караганда дүйнөлүк медицинада бул сөөлжандардан дары-дармектер даярдалат. Ичеги карын ооруларына, ашказан, боор, жүрөк, сарык жана башка көптөгөн ооруларга каршы колдонулат экен. Мындан тышкары чет өлкөлөрдө ашканаларда, кафе-ресторандарда тамак-аш катары пайдаланышат. Мен сөзүмдүн акырында Кыргызтанда жашаган баарыбыз үчүн эң пайдалуу, эң арзан продукция органикалык жер семирткичтерди пайдалансак деп айтаар элем.

Эгерде бул ыкма бийлик тарабынан чоң колдоого алынса, мындан ары Кыргызстандын дыйкандары үчүн чоң ийгилик жаралат эле. Бүгүнкү күндө мындай технология менен өсүмдүктөрүбүздү өстүрүү абдан зарыл болуп турат. Керек болсо, бул ыкманы иш жүзүнө ашырууда Райкан Салиева район, областтарга барып, дыйкандарга, атайын адистерге түшүндүрүп жеткирүүгө даяр.

Ссылка на оригинал публикации : kyrgyz.vb.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...