Последние публикации

Гүлнара ТАГАЕВА: “ЖАН БАШЫНА КАРЖЫЛОО БИЛИМ САПАТЫН ЖОГОРУЛАТАТ”

Гүлнара ТАГАЕВА:  “ЖАН БАШЫНА КАРЖЫЛОО БИЛИМ САПАТЫН ЖОГОРУЛАТАТ”

Мурда Октябрь райондук билим берүү бөлүмүн башкарып келген, билим системасын ийне-жибине чейин билген Тагаева Гүлнара Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгына жетекчи болуп дайындалганына эки айдын жүзү болду. Ушул аралыкта жаңы жетекчи эмнелерге жетишти, кандай планы бар, шаардык мектептер кышка канчалык даяр д.у.с. суроолор менен Гүлнара айымга кайрылдык. Анда эмесе, сөз башынан болсун.

- Гүлнара Амираевна, Сиз шаардык билим берүү башкармалыгына жетекчи болуп келгениңизге эки ай болду. Ишти эмнеден баштадыңыз?

- Шаардык мектептерди жан башына каржылоого өткөрүү менен ишти баштадым. Негизинен бул реформа Өкмөттүн №563 токтому боюнча 2011-жылдын 1-сентябрынан башталды. Алгач коомчулук, мугалимдер, мектеп жетекчилердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Андан соң, ар бир мектепке өзүнчө сметаларын бөлүп, санап чыктык. Мурда район боюнча бир эле смета жүргүзүлчү. Ошондой эле кошумча билим берүү боюнча дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, прейскуранттарды карап чыктык. Мындан сырткары, жан башына каржылоого ылайыктуу болсун деп бардык мектептердин Уставдарын текшерип, кайрадан каттоодон өткөрдүк. Аталган реформаны ишке ашырууда кыйынчылыктар бар. Маселен, жан башына каржылоону мугалимдер, ата-энелер жакшы түшүнбөй жатышат.

- Жан башына каржылоо боюнча бир топ кайчы пикирлер коомчулукта айтылууда. Керек болсо, Батыштын бул системасы биздин билим берүүнү кыйроого алып келет дешүүдө. Сиздин оюңуз боюнча, жүргүзүлүп жаткан реформа туурабы жана жемишин береби?

- Эгерде мектепте 2000 окуучу болсо, анда ар бир окуучуга бөлүнгөн каражатты кошсок ошол акча ремонтко, окуу китептерине, мугалимдердин билимин жогорулатканга жетмек. 2013-жылдын башында (каржылоо негизинен жылдын башынан башталат эмеспи) эгерде сметага толук бөлүнүп, толук каржылоо башталса жакшы болот. Анда мектептердеги коомдук бирикмелердин кереги жок болуп калмак. Экинчи маселе, ички миграция толкуну күчөп жатат. Жалпы окутуу боюнча (всеобуч) шаарда катталган балдардан сырткары, каттоосу жок балдар мектепке келип олтурушту. Ар бир баланы санап чыгып, мектепке олтургузуш керек. Анткени ар бир окуучунун артынан каражат кетет.

- Ар бир балага канча каражат жана кайдан бөлүнөт?

- Жергиликтүү бюджеттен бөлүнөт. 1-4-класска чейин бир балага тогуз миң сомдон ашык, 5-9-класска чейин 10 миң сом, 10-11-класска – 12 миң сом бөлүнөт. Бул каражатка бардыгы кирет: окуучунун билим алуусу, тамак-ашы, окуу китеби, мугалимдин билимин жогорулатуу, ремонт, чарба жабдыктары ж.б.у.с.

- Ар бир класста канчадан окуучу олтуруш керек?

- Жан башына каржылоонун талабы боюнча ар бир балага каражат бөлүнүп жатпайбы, ошондуктан класс комплекти буга байланышы жок. Мурдагы № 404 токтомдо класс комплектиси каралчу. Быйыл шаардык айрым мектептерде 19-20 окуучусу бар класстар ачылды. Анткени Окуу программасынын түшүндүрүү катында класста канча окуучу олтурушу боюнча бир дагы сөз жок. Чек коюлган эмес.

- Бул реформадан кийин билим берүүнүн сапаты жогорулайбы?

- Жалпы айлык фондусунан 20% КТУга (коэффициент трудового участия) бөлүнөт. Ар бир мектеп өздөрү эмгек паспортун түзөт. Ошондой эле методикалык бирикменин ичинде үч-төрт адамдан турган комиссия түзүлүп, алар бири-биринин жумушун баалашат. Эгерде мугалимдин окуучуларга берип жаткан билиминин көрсөткүчү олимпиадаларда тастыкталса, насаатчы болуп, мектептин ишине активдүү катышса бул мугалимге КТУдан көбүрөөк төлөнөт. Бул кошумча төлөм мугалимдердин атаандаштыгын жаратып, жакшы иштегенге түрткү болууда. Натыйжада билим берүүнүн сапаты көтөрүлөт.

- Шаардык мектептердин кышка даярдыгы кандай?

- Шаарда 94 мектеп, 79 бала бакча бар. 14 мектеп, үч бала бакча көмүр менен жылытылат. Алар көмүр менен камсыз болушкан. 22 мектеп электр энергиясы менен жылытылат. Калган мектептерге ТЭЦ аркылуу 5-ноябрдан баштап жылуулук берилген. Айта кетчү нерсе, бардык мектептердин жылуулук системасы эскирген. Маселен, былтыр 10-15 мектептин жылуулук системалары кышында бузулуп, айрымдарынын жылуулук келчү трассасы үзүлүп, бир топ машакат тартканбыз. Дагы жакшы шаардык мэриянын каражаты менен титулдук тизме боюнча оңдоп чыкканбыз. Негизинен көбүнчө мектептер эски, ишке 1960-70-жылы киргизилген. Ошондуктан жылуулук системаларды жаңыртуу зарыл.

- Окуу китептери менен камсыздоо маселеси кандай?

- Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер 98% окуу китептери менен камсыз болгон. Орус мектептерге 38% китептер жетишпейт.

- Быйылкы жылды Президент “Үй-бүлө, ынтымак, тынчтык жана кечиримдүүлүк жылы” деп жарыялабадыбы. Эмне иштер аткарылып жатат?

- Бардык мектептерде иш-чаралар жүрүп жатат. Үй-бүлөлөрдү колдоо, толеранттуулукка чакыруу, ар бир улуттун бири-бирине көз карашы, мамилеси жылуу болсо тынчтык болот, өлкөбүз өнүгөт-өсөт деген чакыруунун алдында, ошондой эле “Атам, апам жана мен” деген сыяктуу спорттук мелдештер өткөрүлүп жатат. Мен келгенде эле мектептерде каражат чогултууга тыюу салган буйрук чыгаргамын. Анан ар бир мектептин бюджети боюнча окуу жайдын жетекчилери ата-энелерге жана башка кызыккан инсандарга отчетторун берүүгө, ошондой эле ата-энелер өз каалоосу менен жардам бериш керек экенине буйрук бергемин. Мындан сырткары, аз камсыз болгон, көп балалуу, жетим-жесир үй-бүлөлөрдөн бир дагы тыйын алынбастан, тескерисинче, аларга жардам көрсөтүлсүн деген кат жаздым. Эгерде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн арыз түшсө, буйруктун негизинде чечим кабыл алынаарын эскерткемин. Шаар боюнча социалдык жардамга муктаж 2928 үй-бүлө бар, аларга жеңилдиктер каралган.

- Коррупцияга каршы эмне иш жүргүзүп жатасыз?

- Ар бир мектепте ишеним телефон илинген. Эгерде мектеп жетекчиси же класс жетекчилер окуучулардан акча сурашса, анда ошол телефондорго чалышса болот. Т.а. билим берүү башкармалыгынын начальнигинин, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын телефондору бакыйып ар бир мектептин кире беришинде илинип турат. Бирок кээ бир мектептердеги жана бала бакчалардагы бирикмелердин төрагалары туура эмес иш алып барышууда. Ошондуктан мен жогоруда белгилеп кеткендей, мектепке эмне ремонт, кандай эмерек керек экени ж.б.у.с. такталгандан кийин гана эсептелип, смета түзүлгөндөн кийин мектепке жардам бере алабыз деген ата-энелер менен сүйлөшүп, келишим түзүп, андан кийин гана чогултуу керек. Эгерде жан башына каржылоо системасынын бардык статьялары иштесе, анда мектепте каражат чогултууну кан буугандай токтотсо болот эле. Учурда мэриядан үч млн.сом бөлүндү. Ага мектепке керектүү эмерек, компьютер, ашканалардын жабдыктарын алуу үчүн тендерге өтүнмө бергенбиз. Буюрса, буларды алгандан кийин материалдык-техникалык базасы начар мектепке бөлүп беребиз. Мындан сырткары, мэрия тарабынан эки млн.сом окуу китептерине бөлүнөт.

- Сентябрь айлыгын шаардык мугалимдер убагында алалбай калышты. Алганда "толук алган жокпуз" деген нааразычылыктар чыккан эле? Азыр абал кандай?

- Жалпы мектептер боюнча нааразычылык болгон жок. Бул 17 статустуу окуу-тарбия комплекси боюнча болду. Анткени шаардык кеңештин токтому менен жергиликтүү бюджеттен бул мектептердин кызматкерлерине 50% кошумча каражат кошулган. Шаардык кеңеш болсо мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөндөн кийин, кошумча каражат берүүнү токтотту. Анткени мурда жогорку категориясы бар мугалим 1966 сом айлык алчу. Ошондо мугалимдерди колдоо максатында шаардык кеңеш 50% кошумча каражатты киргизген. Эми башталгыч мектептин мугалими мурда 5000 сом алса, азыр айлык көбөйгөндөн бери 9000-10000 сомго жетти. Дагы бир мисал, 2011-2012-жылы окуу-тарбия комплексинин бир эле мугалиминин айлыгын карап көрөлү. Мурда 50% менен 9 миң сомдон ашык алса, эми 8 миңдей алат, болгону бир жарым миң сомдой азайды. Окуу-тарбия комплекси боюнча 1997-жылкы эски жобо бар экен, бирок министрликтин реестрине билим берүү мекемеси катары кирген эмес. Ал жерде мектеп-гимназия, мектеп-лицей жана орто мектептер деп гана кирген. Жаңы айлыкты төлөө киргенден кийин мектептер тактала башталганда ушул кемчилик чыгып келди. Учурда окуу-тарбия комплекси деген статусту Жогорку Кеңеш карап жатат. Жакынкы учурда бул маселе чечилет дешүүдө. Шаардык кеңешке жаңы курам шайланып, бир документ чыкса, биз кайра 50% кайтарып берүүнү талап кылабыз.

- Мисалы, Ош шаарынын мэри мугалимдердин коммуналдык кызматын бекер кылып берем деп убада кылыптыр. Бишкек шаардык мэрия ушундай маселелерди карап жатабы?

- Ар бир мугалимдин жол киресине мэрия 1000 сомдон кошуп берет. 196 жаш мугалимге үч жыл мектепте иштесе 75000 сом Бишкек шаардык мэриясы тарабынан төлөнүп берилет. Башка төлөмдөр жок. Оштун тажрыйбасы жакшы экен.

- Окутуу кыргыз тилинде жүр-гүзүлгөн канча мектеп бар?

- 54 мектеп аралаш, 19 мектеп жалаң кыргыз тилинде. Быйыл статустуу мектептерде кыргыз класстарын ачуу боюнча өкмөттөн кат алганбыз. Бул жакшы идея. Учурда кайсы мектептерде класстарды ачса болот деп иликтөө жүргүзүп жатабыз. Эмдиги жылы, буюрса бул ишти ишке ашырабыз.

- Бала бакчага балдарды орноштуруу кыйын. Бул маселе кандай чечилүүдө?

- 79 бала бакча иштейт, анын 11 атайын бала бакчалар. Эгерде бул бала бакчаларга 12 миң бала барыш керек болсо, учурда 24600 бала барып жатат, эки эсе көп. Кезекте дагы 2000 бала турат. Бир бала бакчага 280 бала кабыл алынышы керек. Ошондуктан дагы 10 бала бакча куруу зарыл. Район боюнча алсак, Октябрь районунда 32 бала бакча бар, аларга жетиштүү, 1-Май, Свердлов, Ленин райондорунда 17-18 эле бала бакча бар. Бул райондорго же жаңы бакча куруш керек, же менчиктештирилип кеткендерди кайтарып алышыбыз керек. 2010-2011-жылдары үч бала бакча ачылды. 2013-жылы дагы бир бакча ачуу пландаштырылып жатат.

- Кадр маселесине токтолсоңуз.

- “Жаш мугалимдин депозити” иштеп жатат. Англис тили, информатика, башталгыч класстын, математика мугалимдери жетишпейт. Бүгүнкү күндө вакансия боюнча 100 мугалим жетишпейт.

- Келечектеги планыңызды айтсаңыз?

- Мектептерде билим сапатын жогорулатабыз деп жатып, тарбия маселеси экинчи планга калтырылган. Ошондуктан мектептерде окуучуларды өзүн-өзү башкарууга өткөрүү боюнча иш-аракеттерди жасайбыз. Азыркы жаштардын аң-сезими, ой жүгүртүүсү өзгөчө. Демократиянын жакшы жагы ушул. Биздин балдар Кыргызстандын келечеги жөнүндө ойлонушуп, толгонушат. Өлкөгө кайдигер карашпайт. Мектеп ичинде туура эмес жолго түшкөн окуучуларды көзөмөлгө алышып, алардын көз карашын жакшы нукка өзгөртүшөт. Маселен, мектептеги рэкетчиликти өздөрү эле чечип, токтотуп коюшат. Өспүрүмдөрдү туура жолго багыттасак, келечегибиз кең болот. Мындан сырткары, ата-энелерден каражат чогултууну ирээтке келтирип, мыйзам чегинде иштөөнү камсыздоону биринчи кезекте караймын.

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...