Последние публикации

Азыркы аба жай тейлөөгө үлгүрбөй жаткандыктан Ошко жаңы аэропорт курулат

Кечээ, 16-июлда Эл аралык ишкер кеңештин жыйынында "Эл аралык "Манас" аэропорту" ачык акционердик коомунун башкаруу төрагасынын орун басары Даир Токобаев авиа тармактагы инвестициялык долбоорлор жөнүндө маалымдады.

Анын айтымында, Ош шаарына мамлекеттик бюджеттен чыгымдабай туруп жаңы аэропорт куруу пландалып жатат.

"Инвесторлор бул абдан пайдалуу деп чечишти жана акча салууга даяр. Мындан тышкары 200 миллион доллар турган инвестицияны Баткен аэропортун реконструкциялоого тартып келиш керек. Ошондой эле Тамчыдагы аэропортту жаңылоого инвесторлор каражат бөлө турган болду. Жалпысынан республиканын аэропорттору ашыкча күч келүү менен иштеп жатышат",- дейт ал.

Токобаев азыркы учурда учуунун 50 багыты аныкталганын кошумчалады.

"Кыргызстан аркылуу Түштүк-Чыгыш Азияга жана Европага учууга болот, бирок азырынча кээ бир кыйынчылыктар бар. Биз өзүбүзгө 50 багытты тандап алып, азыр ошонун үстүндө иштеп жатабыз",- дейт ал.

Ссылка на оригинал публикации : kyrgyz.vb.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...