Последние публикации

Форбс: Орус бизнеси үчүн Бишкек орто ыңгайлуулукта

Форбс: Орус бизнеси үчүн Бишкек орто ыңгайлуулукта

Форбс журналы бир катар эл аралык жана мамлекеттик органдардын маалыматтарына таянып, орусиялык ишкерлер үчүн мурдагы советтик өлкөлөрдүн кайсы шаарларында бизнес жүргүзүү ыңгайлуу экенин иликтеп, рейтинг түзгөн.

Орус бизнеси үчүн эң ыңайлуу бул – Минск шаары, ага улай Прибалтика өлкөлөрүнүн борбор шаарлары. Андан кийин эле Казакстандын Алматы жана Астана шаарлары. Украина борбору Киев жыйырмалыктын ичинде 7чи ал эми Грузиянын борбору Тбилиси 9чу орунда. Кыргызстандын борбору Бишкектин рейтингдеги орду 12чи.

Ыңгайлуулук рейтингин түзүүдө, өлкөнүн байлыгы (ички дүң өнүмдүн киши башына туура келүү көрсөткүчү, орточо айлык акы), Орусия менен болгон байланыш (жалпы калктын санындагы орустардын үлүшү), бизнес чөйрөнүн орусиялыктар үчүн ыңгайлуулугу (визалык режим, орус жарандарынын компанияларын каттоо жеңилдиги, кыймылсыз-мүлк алуу шарттары ж.б.), инфраструктура, эмгек ресурстары, финансы системасы, салыктар жана коопсуздук жагы эске алынган.

Эгер бул рейтингди карасак, Орусиядан Кыргызстанга түзгөн кирген инвестициялардын жалпы көлөмү $2 млн экенин көрүүгө болот (2013-жылдын сентябрына карата алынган маалымат боюнча). Салыштырмалуу, коңшу Казакстанга түз кирген орус инвестициясынын жалпы көлөмү - $35 млн, Тажикстан - $13, Өзбекстан - $540.

Ал эми Бишкек-Москва каттамы боюнча күнүнө 21 түз рейс бар. Алматы-Москва – 13, Астана-Москва -7, Дүйшөмбү-Москва – 22,Ташкент-Москва – 19.

Бул эми Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандык эмгек мигранттар Орусияга көп каттап иштегени менен түшүндүрүлүшү мүмкүн.

Ал эми шаарлардагы жалпы калктын санынан орустардын үлүшү эң аз болгон бул – Ереван шаары. Мындагы орустардын саны жалпы калктын 1%ын түзөт. Борбор Азия мамлекеттери арасынан болсо орустардын саны баарынан Дүйшөмбүдө аз – 3%. Орус калкы эң жыш жайгашкан бул –Рига - 40 %. Бишкектеги орустар болсо жалпы калктын 19%дан ашыгын түзөт.

Кыймылсыз мүлк ижарасы болсо мурдагы советтик өлкөлөрдүн борборлорунун ичинен Бишкекте эң арзан - 1 кв метр - $150, Москва шаарынан (1 кв метр - $870) кийин эле эн кымбат ижара Алматыда - 1 кв метр - $600.

Баарынан кызыгы, Кыргызстанда калктын 2%ы же 15092 киши жеке ишкер болуп катталган. Форбс Кыргызстандагы эң ири ишкер катары Борбор Азиядагы ири базардын ээси, “Дордой” ассоциациясынын башчысы Аскар Салымбековду көрсөткөн. Форбстун маалыматы боюнча Дордойдо 60 миңдей киши соода кылат. Баса, Форбс, Кыргызстандын Бажы Союзга кошулуусуна дал ушул соодагерлер каршы чыгып жатканын жана бул каршылык өлкө бул уюмга кошулган соң кытай товарларына бажы төлөмдөрү кыйла көтөрүлөөрү менен түшүндүрүлөт деп жазган.

Ссылка на оригинал публикации : capital.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...