Последние публикации

Челябинск шаарында кыргыз продукциясынын көргөзмөсү өттү

Челябинск шаарында кыргыз продукциясынын көргөзмөсү өттү

Россия Федерациясынын Челябинск шаарында, 15-июнда, Жетинчи Кыргыз-Россия аймак аралык конференциясына катышуу алкагында кыргыз продукциясынын көргөзмөсү өттү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Аталган көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков, Челябинск облусунун губернатору Борис Дубровский, Россия Федерациясынын санариптик өнүгүү, байланыш жана массалык коммуникациялар министри Константин Носков барды.

Көргөзмөдө тигилген буюмдар жана атамекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясы сунушталган. Бул Россия Федерациясынын аймагына кыргыз экспортун алга жылдыруу боюнча иш-чаранын уландысы болуп саналат.

Мындан тышкары, конференция алкагында Бишкек жана Челябинск шаарлары ортосундагы бир туугандык мамилелерди орнотуу жөнүндө келишимге кол коюлду.

Ошондой эле вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетекчилик кылган Кыргыз Республикасынын делегациясы Челябинск түтүк заводунун иши менен таанышты.

Ссылка на оригинал публикации : kabar.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...