Последние публикации

А.Атамбаев: ”Эгерде биз өз тарыхыбызды изилдебесек, биз үчүн башкалар жасашы ыктымал”

26-июнда Президент Алмазбек Атамбаев “Жибек Жолу”: Тянь-Шань коридорунун маршруттарынын тармагы жана башталыш участогу” трансулуттук сериялык номинациянын алкагында Кыргызстандын тарыхый үч эстелигинин ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине киргизилишине байланыштуу ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссия мүчөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев жетектеген ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарын эл аралык деңгээлде таанытуу боюнча аткарган эмгегине канааттангандыгын билдирди. “Байыркы доордо Чүй өрөөнүндө жайгашкан Невакет, Суяб жана Баласагын шаарлары дүйнөлүк маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтер катары таанылганы – Кыргызстан үчүн чоң сыймык. Өз учурунда Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан шаарлар, ошол заманда эң өнүккөн региондун саясий жана маданий турмушунда олуттуу мааниге ээ болгон”,- деп Алмазбек Атамбаев ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастарынын тизмесине эми Кыргызстандан төрт эстелик киргендигин кошумчалады.

Ссылка на оригинал публикации : kyrgyzkabar.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...