Последние публикации

Зилалиевдин соту 4-июнга жылдырылды

Зилалиевдин соту 4-июнга жылдырылды

Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотундагы Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси, экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча отурум өттү. Сурак берүүгө чакырылган күбөлөрдүн көптүгүнөн улам соттук отурум токтоп, 4-июнда саат 15:00дө уланат. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз өкүлү Сюита Соурбаева кабарлады.

Мурдагы отурумдун жылдырылышына ишти караган сот Эмилбек Каиповдун ооруп, келбей калганы себеп болгон.

Зилалиевге президент Сооронбай Жээнбековдун былтыр 24-ноябрда болгон инаугурациясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси менен («Террорчулук жөнүндө атайлап жалган маалымат таратуу») кылмыш иши козголгон.

Ссылка на оригинал публикации : pk.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...