Последние публикации

Достук чек арасында паракорчулук башталдыбы?

Достук чек арасында паракорчулук башталдыбы?

Өлкө түштүгүндөгү кыргыз-өзбек чек арасындагы Достук өткөрмө бекетинен өткөн адамдардын саны көбөйүүдө. Тургундардан пара сураган кызматкерлер боло элек. Бул тууралуу чек ара бекетинен кабарлашты. Чек арадан өткөндөрдүн көпчүлүгү Өзбекстандын жарандары. Ал эми Жогорку Кеңеште пара сураган чек арачыларга чара көрүү айтылууда.

Эки өлкө чек ара бекеттерин кадимкидей режимде ачкандан бери адам саны кымгуут. Оштун Кара-Суу районунан эки аял Өзбекстанга тажыяга баратышат. Кезек күткөнүнө аз эле болуптур.

- Биздин Өзбекстанда туугандарыбыз кайтыш болду. Түлөө өткөрүптүр. Биз буга чейин 2-3 ай мурун өттүк эле. Азыр бир аз оңдоп коюптур.

Жогорку Кеңеште депутат Айнура Осмонова Достук чегарасында тургундардан чек ара кызматкерлери пара алып, мындан улам кезек узарып жатат деп айтып чыкты. Ал өкмөткө кайрылып маселени жөнгө салууну өтүндү.

- Адамдар көптөгөн нааразылыктарды билдирип жатышат. Өзбек чек арачылары адамдарды ылдам тейлеп жатканын, кыргыз тарап узакка созуп жатканын айтып жатышат. Кезекке тургандардын узундугу 2 чакырымга узарып жатат. Чек арачылар 200 сомдон 1000 сомго чейин пара алып жатышат деп арызданышууда.

Достук чегара бекетинде буга чейин жөө жүргүнчүлөр жана жүк ташуучулар баары биригип кезекке туруп келген. Жакында зым тосмо аркылуу алар экиге бөлүнгөн. Биз колуна жүк көтөрүп өтүп жаткан Өзбекстандын жарандарына бардык. Алар чек арачылар пара алышкан жок. Баары жакшы деп жооп беришти.

- Бары жакшы тейлеп жатышат. Жүк ташыгандар менен жөө адамдарды бөлүп койгону жакшы болуптур.

Бирок жүк ташыгандар бул сөздөрүн бизге айтып жатканда бир топ чек ара кызматкерлери алардын жанына келип туруп алышты. Балким Жогорку Кеңештин депутаты айткандай, пара талап кылып өткөрүп жатышканын айтып салышат деп ойлошсо керек. Достук автоунаа өткөрүү бекетинин башчысы Бакыт Зулпукаров пара берип өткөрүп жатат деген депутаттын сөзүн четке какты.

- Ишеним телефондору турат. Буга чейин бир да факт каттала элек. Биз паракорчулукту болтурбоо максатында ар бир кызматкерге аты жөнү жазылган бейджиктерди бердик. Жарандар ошол жазылган аты жөнү боюнча бизге кайрылса болот.

Чек ара кызматынан билдиргендей, учурда күнүнө 12-13 миң адам өтөт. Алардын 80%ы Өзбекстандын жарандары. Узун кезектин пайда болуусуна кыргыз чек арачылары документ текшерген 6 гана терезе иштетип жатышы себеп болушу мүмкүн. Ал эми өзбек тарапта 12 терезе бар. Эки тарап тең бир адамды бир мүнөттө коё берип жатышканы айтылды. Кезек күткөндөрдүн саны 200гө чейин жетет. Бирок чек ара кызматы 50нүн тегерегинде деп жатышат. Мындай болсо, депутат айым айткан 6-7 саат кезек күткөндөр каяктан пайда болууда?

Арген Нуров – Ош.

Ссылка на оригинал публикации : maralfm.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...