Последние публикации

Астрономдор апрелде магниттик бороон болорун божомолдоодо

Астрономдор апрелде магниттик бороон болорун божомолдоодо

Магниттик толкун 11-19-апрель аралыгында болушу ыктымал

Апрелдин орто ченинде магниттик бороон болуп, ал бир жумага дейре созулат. Бул тууралуу РИА Новости ФИАНдын күндүн рентген астрономиясы лабораториясына таянуу менен билдирди.

"11-апрелде жана 13-19-апрель аралыгында геомагниттик, ал эми 12-апрелде катуу магниттик бороон болушу күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Астрономдордун айтымында, мындай нерсе күн циклинин минимумунда күндүн магниттик талаасы алсырай түшкөндүктөн, күн плазмасынын кармалышы начарлап кетиши менен байланыштуу.

Натыйжада күндөн качкан заттардын ылдамдыгы менен калыңдыгы жогорулап күн бороонун пайда кылат.

Буга чейин март айында да магнит бороону болору айтылган.

Ссылка на оригинал публикации : sputnik.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...