Последние публикации

Энергетиканын абалы, талаштуу тарифтер

Энергетиканын абалы, талаштуу тарифтер

Кыргызстандын энергетика тармагындагы тартыштык 1,8 миллиард сом деп эсептелди. Энергетиктер бул акча табылмайын тармактагы маселелерди чечүү кыйын деп эсептешет. Электр энергиясына тарифтерди кымбаттатуунун айланасында талкуулар токточудай түрү жок. Кыргызстандын энергетика системасынын экономикалык көрсөткүчү кандай?

Энергетика тармагындагы тартыштык боюнча маселе Өнөр жай, энергетика жана жер казынасы боюнча комитеттин жылдык коллегиясында көтөрүлдү. Анда бул комитеттин өкүлдөрү өлкөдөгү энергетика системасында 1,8 миллиард сомдук тартыштык бар экенин билдирип, абалды оңдош үчүн дал ушул тартыштыкты жоюу зарылдыгын айтышты.

Маселен, өкмөткө караштуу Отун-энергетикалык комплекс боюнча агенттиктин директору Таалайбек Нурбашев акыркы жылдары тартыштык кескин азайганын белгиледи:

- Эки-үч жыл мурда энергетика системасындагы тартыштыктын өлчөмү 9 миллиард сомду түзгөн. Бирок акыркы жылдардагы аракеттерден улам учурда бул көрсөткүч 1,8 миллиард сом деп эсептелүүдө. Бул техникалык жоготууларды кыскартуунун, ашыкча чыгымдарды жоюунун жана оптимизациянын эсебинен ишке ашты. Маселен, акыркы жылдары бул тармакта 800 киши кыскартылды.

Отун-энергетикалык комплекс боюнча агенттиктин өкүлдөрү тартыштыктын себебин тарифтердин төмөндүгүнөн көрүп жатышат. Алардын жүйөсүндө, учурдагы электр жарыгынын тарифи аны чыгарууга, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана сатууга кеткен чыгымдарды жаппайт.

ТАРТЫШТЫК ТАРИФ МЕНЕН ЖАБЫЛАБЫ?

Өз убагында Дүйнөлүк банк чыгарган эсепке ылайык Кыргызстандын энергетика системасын толугу менен калыбына келтириш үчүн 870 миллион доллар талап кылынат. Буга байланыштуу өлкөнүн негизги байлыгы болуп эсептелген тармакты тил-ооздон калган "майып киши" менен салыштыргандар чыккан эле. Эл аралык уюм "мындай тартыштыкты электр энергиясынын тарифин көтөрүү менен жапса болот" деп сунуш киргизген.

Маселен, 2016-жылы энергетика тармагындагы жалпы карыз 48 миллиард сомду түзгөн. Бул өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 20 пайызына туура келген.

Бирок энергетика боюнча өз алдынча эксперт Николай Кравцов бул маалыматты туура эмес деп эсептейт. Анын айтымында, мамлекеттик органдар тарабынан бул боюнча эсеп туура эмес жүргүзүлгөн жана ал сандар тармактагы чыныгы абалды чагылдырбайт:

- "Биринчиден, энергетика системасына 1,8 миллиард сом жетишпейт" деген маалыматтын өзү туурабы деген суроо туулат. Себеби, энергетика тармагында ар кыл мекемелер бул туурасында ар башка сандын башын айтышат. Маселен, буга чейин "Улуттук энергохолдинг" "7 миллиард сом" деген, андан соң "3,7 миллиард сом" деп айтты. Ал эми энергетика системасын ичинен жакшы билген адамдар бул көрсөткүч 10 миллиард сомдон ашык экенин айтышат. Ошондуктан адегенде туура эсептеп, андан соң гана коомчулукка алып чыгыш керек. Элди адаштыруу менен "тарифти көтөрөбүз же аны өзгөртөбүз" деп айтышы туура эмес.

Кравцов белгилегендей, өкмөт энергетика системасындагы тартыштыкты тарифтерди көтөрүү аркылуу гана жоюуну сунуш кылып келет. Бирок өлкөдөгү азыркыдай коомдук-саясий абалда кыргыз бийлиги андай кадамга баруудан тартынып турат.

Буга чейин Отун-энергетикалык комплекс боюнча мамлекеттик агенттик жыл сайын жарыкка жана жылуулукка тарифти көтөрүү боюнча атайын концепция иштеп чыккан. Ага ылайык, былтыркы жылдын апрель айында жылуулукка жана август айында электр энергиясына карата тарифтерди 10 пайызга көтөрүү каралган. Бирок коомчулуктагы нааразылыктан улам өкмөт мындай оюнан баш тарткан болчу.

Быйыл болсо премьер-министр Сапар Исаков электр жарыгынын тарифин көтөрүү боюнча маселе күн тартибинде экенин кыйытты. Өкмөт башчы бул тармакта жабдуулар эскирип, карыз көбөйгөнүн айтып, маселени тарифти көтөрүү менен гана жоюуга болорун билдирген:

- “Ушу тапта тарифтер маселесин көтөрө көрбө, туура эмес болуп калат” деп мага көп айтып жатышат. Тариф - абдан орчундуу маселе. Электрдин жана жылуулуктун баасын көтөрүүнү биз талкуулашыбыз керек. Албетте, мен азыр эле көтөрө коелу деп аткан жокмун, бирок аны көтөрүүнүн бир формуласын табышыбыз керек. Антпесек электр тармагы боюнча акционердик коомдорубуз карызга батып баратат, 100 млрд. сомдон ашык карызыбыз бар. Дагы кете берсек, 200-300 млрд. сомго чейин жетет. Электр чубалгылары, көмөкчордондор да бүт иштен чыга баштайт. Себеби аларды оңдоого, кароого акча каражаттары тиешелүү көлөмдө берилген жок.

"Тарифтен мурда коррупцияны жоюу керек"

Бирок коомчулук премьердин бул сунушун жактырган жок. Жөнөкөй жарандар да, эксперттер да алгач энергетика тармагындагы коррупцияны, техникалык жоготууларды жойгондон кийин гана тарифти көтөрүүгө мүмкүн экенин айтышкан. Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев тарифти көтөрүү бышып жетилген маселе болсо да, мындай кадамга терең талдоонун негизинде гана барыш керек деген пикирде:

- Өндүрүлгөн электр энергиясынын баасы ошол баадан төмөн сатылбашы керек. Электр энергиясын чыгарган ишканалар өзүн өзү бакканга жана өнүккөнгө мүмкүнчүлүгү болушу керек. Бирок электр энергиясынын баасы элдин акыбалына жараша эсептелиши зарыл. Калктын ар кыл катмарынын абалын эске алуу менен тарифтерди коюу зарыл болуп турат. Антпесек, электр ишканалары пайда көрүп, иш кылбаса абал ушул боюнча тура берет.

Жоготуулар демекчи, өкмөт акыркы жылдары техникалык жоготууну азайтып жатканын билдирип келет. Былтыр бөлүштүрүүчү компаниялардагы жоготуу 0,8 пайызды түзүп, алар өкмөт койгон тапшырманы аткара алган эмес. Маселен, "Чыгыш электр" ишканасына өкмөт жоготууну 13 пайызга чейин азайтууга тапшырма берсе, иш жүзүндө ал 15, 2 пайызды түзгөн.

Ошол эле кезде энергетика системасындагы жемкордуктун көрүнүштөрү кеңири талкууланып, "Ширшовдун схемасы" деп аталган ар кыл схемалар күчүн жогото электиги айтылып жүрөт. Бишкек Жылуулук электр борборун жаңыртуунун айланасындагы абал бул тармак туурасында көптөгөн суроолорду жаратты.

Ал эми кыргыз бийлиги чет өлкөлөрдөн алган насыялардын басымдуу бөлүгү дал ушул энергетика системасын жаңылоого жумшалганын билдирип жатат. Башкача айтканда, эгемендик жылдары бул тармакка 794 миллион доллар жумшалган.

"Кыргызстандын масштабында эбегейсиз каражат болуп эсептелген насыяларга карабай эмне себептен анын натыйжасын көрө албай жатабыз" деп собол таштагандар жетиштүү. Алардын бири саясатчы Улукбек Кочкоров:

- Сырттан алынган акчаны карай турган болсок, көпчүлүк бөлүгү дал ушул энергетика тармагына жумшалган. Маселе башкада болуп атат. Ошол каражаттар канчалык натыйжалуу иштелип жатат? Эмне себептен ушунча каражат менен тармакты оңдоп, жоготууну азайта албай жатат жана элге сапаттуу деңгээлде электр энергиясын бере албай жатат? Ушул суроолорго жооп жок.

Кыргызстанда электр энергиясын жети ГЭС жана эки жылуулук электр борбору өндүрөт. Анын ичинен ГЭСтер 3030 МВт кубаттуулуктагы энергияны өндүрсө, Бишкек жана Ош жылуулук борборлору кубаттуулугу 710 МВттын тегерегинде электр жарыгын чыгарат.

Өкмөттүн жетекчилери азыркы шартта бул кубаттуулук өлкөгө жетпей турганын, кошумча энергия булактарына зарылдык бар экенин айтып келишкен. Маселен, өкмөт Камбар-Ата-2 ГЭСин, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруунун эсебинен жаңы электр булактарын алууга ниеттенген. Булар ишке кирсе кошумча 350 МВтка жакын энергия өндүрүлмөк.

Бирок бул эки долбоор ара жолдо токтоп, башы ачылбай келатат.

Ссылка на оригинал публикации : www.azattyk.org

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...