Последние публикации

Начар азыктан, мыйзамсыз иштен сактан!

Шаар ичинде азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо ай сайын өндүрүшкө, жеке ишкерлерге талдоо жүргүзүү жана негизсиз баалардын жогорулашына чара көрүү менен абалды жөнгө салуу боюнча мыйзам чегинде текшерүүлөр уюштурулууда. Аталган иш-чарада област боюнча азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө» мыйзамынын 53 беренеси жетекчиликке алынган. Ошондой эле, шаар бийлиги тарабынан атайын комиссия түзүлүп иш жүргүзүшүүдө. Ар жума сайын, биринчи керектелүүчү негизги азык-түлүк продуктылардын түрлөрүн, күйүүчү – майлоочу майлардын, көмүрдүн, цементтин бааларына мониторинг жүргүзүлүп, базар бааларынын негизсиз жогорулашына көңүл бөлүнөт. Иш чаранын алкагында юридикалык жана жеке жактардан салык төлөмдөрүнүн жагдайы, коопсуздук эрежелеринин сакталышы боюнча, бажы жана чек ара тосоттору, ишканалар, цехтер, буудайды кайра иштетүүчү ун жана ун азыктарын чыгаруучу жайлар, азык-түлүк базарлары көзөмөлгө алынмакчы. Атайын түзүлгөн комиссиянын текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин жана аталган суроо боюнча тийиштүү кызматтарга маалымдалат. Орун алган мыйзам бузуучулук жана кетирилген кемчиликтери боюнча тиешелүү жетекчиликтердин жоопкерчилиги белгиленип жогорку мамлекеттик органдарга чара көрүүсүнө кызматтык катар жана сунуштар жөнөтүлүп, массалык маалымат каражаттарына таратылаары боюнча шаар мэринин №217 буйругу чыккан.

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...