Последние публикации

Каракол шаарынын аба майданы кайра оңдолот

Каракол шаарынын аба майданы кайра оңдолот

Каракол шаарынын аба майданы кайра калыбына келтирилип, “Ысык-Көл” аэропортунун инфратүзүмү жакшыртылат. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирди.

Парламент Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы Борбор Азиядагы жол катнаштарын жакшыртуунун үчүнчү фазасын даярдоо үчүн Трасттык фондунун грантын берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоп берди.

Эгер бул мыйзам кабыл алынса, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан алына турган 530 миӊ доллар өлчөмүндөгү гранттык каражат, жолдорду жакшыртуу долбоорунун 3-фазасын даярдоого жумшалат.

Тоо туризмин өнүктүрүүгө Дүйнөлүк банк долбоор иштелип чыккандан кийин 80 млн өлчөмүндө жеӊилдетилген насыя бөлүп берүүгө даяр.

Ссылка на оригинал публикации : maralfm.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...