Последние публикации

Сокулукта Курман айтка карата 1 тонна палоо басылып, “Төө жарыш” өткөрүлөт

Сокулукта Курман айтка карата 1 тонна палоо басылып, “Төө жарыш” өткөрүлөт

Быйыл Курман айт майрамы Чүйдө кеңири деңгээлде майрамдалат. 2-сентябрь күнү Сокулук районундагы Белек айылында Курман айт майрамына арналган спорттук оюндар жана сынактар өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Кыргыздардын эл аралык ассоциациясынын аткаруучу директору Улар Бакырдинов кабарлады.

Анын айтымында, майрам алкагында 20 оюн жана байгелүү сынактарды өткөрүү пландалууда. “Улуу Курман айт” майрамын уюм Кыргызстандын аймактарында 7 жылдан бери өткөрүп келет. Өткөн жылы ушундай майрам Ат-Башы районунда өткөрүлүп, ага 10 миңден ашык киши катышкан, бул жолу да эл көп келет деген үмүттөбүз, дейт Улар Бакырдинов.

Эл аралык биримдиктин жетекчисинин айтымында, бул майрамдык иши-чараларды өткөрүүнүн максаты, кыргыз элинин каада-салттары исламга эч кандай каршы келбей турганын көрсөтүү болуп саналат.

Улар Бакырдинов билдиргендей, “Улуу Курман айт” майрамынын алкагында Куран жарыш, кыргыз күрөш, жаа атуу, көк бөрү жана башка оюндар уюштурулат. Ал гана эмес “Төө жарыш” деп аталган жаңы оюн да көрсөтүлөрүн уюштуруучулардын бири Эрлан Жыргалбек уулу билдирди. Ал оюндун шарты боюнча чоң кишилер мойнуна балдарды мингизип, 250 метр аралыкка жарышат.

Байгелердин фонду 6 млн 364 миң сомду түзөт. Ал эми меймандар үчүн бир тонна күрүчтөн палоо басылат. Оюндарга катышуучуларды каттоо майрам башталганга чейин жүргүзүлөрү айтылды.

Уюштуруучулар мындай иш-чара 2018-жылы Ысык-Көл облусунда өткөрүлөрүн, андан ары “Улуу Курман айт” майрамын эл аралык деңгээлде белгилөө пландалып жатканын кошумчалашты.

Ссылка на оригинал публикации : maralfm.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...