Последние публикации

Арзан ун сатуу улантылууда

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Өкмөт өлкөнүн аймактары боюнча базар наркынан төмөн баадагы унду сатуу чечимин кабыл алган.

Өкмөт мындай чечимди унга, нанга жана ун азыктарына карата бааны төмөндөтүү максатында кабыл алган. Өлкөнүн соода түйүндөрүндө төмөн баадагы унду сатуу 20-октябрдан тарта башталган. Анда 1-сорттогу ундун 1 кг – 23 сом, ал эми 2-сорттогусу-17 сом 50 тыйынга бааланган.

Бүгүнкү күнгө карата Мамлекеттик материалдык резерв фондусу тарабынан өлкө боюнча 1-сорттогу 527 миң 180 кг ун жана 2-сорттогу 17 миң 45 кг ун, анын ичинде Бишкек шаары боюнча 1-сорттогу 25 миң 730 кг ун жана 2-сорттогу 600 кг ун сатылган. Кыргыз агроазык-түлүк корпорациясы 1-сорттогу 28 миң 200 кг ун саткан. Учурда соода түйүндөрүндө арзан ун сатуу улантылууда.

Ссылка на оригинал публикации : www.erkintoo.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...