Последние публикации

Майыптардын укугун сактоо үчүн 30 млрд сом керек

Кыргызстан майыптыгы бар адамдардын укугу тууралуу Конвенцияны ратификациялашы үчүн мамлекет 30,6 млрд сом салууга тийиш. Мындай эсептөөлөрдү бүгүн 4-июлда эксперттер жарыя кылышты.

"АРДИ майып-балдардын ата-энелери" коомдук фондунун башчысы Сейнеп Дыйканбаеванын айтымында, эгерде бүгүнкү күндө жогоруда көрсөтүлгөн сумманы майыптардын укугун коргоо үчүн салбаса, эртеңки күнү чыгымдар кыйла көп болот.

"Кыргызстанда майыптуулук өсүп жатат, ал эми мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар өз алдынча жашап жана иштей алышпайт, алар ата-энелеринин моюнунда кала беришүүдө. Мен кайсы гана болбосун майыптан сурабайын, бардыгы башка адамдар менен бирдей укукта толук баалуу иштөөнү каалай тургандыгын айтышат",-дейт ал.

Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жылдыз Полотованын айтымында, Конвенцияны ратификациялоо учурдагый мыйзамды документтин текстине ылайык кайрап иштеп чыгууну түшүндүрөт.

"Майыптыгы бар адамдардын жашоо сапатын жогорулатууга арналган министрликтер, ведомстволор жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн тобу тарабынан иштелип чыккан план өзүнө 200дөй иш-чараны камтыйт. Ал 10 жылга жазылган жана кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү, узак мөөнөттүү жана туруктуу топторго бөлүштүрүлгөн",-деп маалымдады ал.

Башкача айтканда мамлекет 10 жылдын ичинде 30,6 млрд сом чыгымдашы керек. Бул "ДМЧАга юридикалык жардам көрсөтүү" КФ президенти Толкун Исаков белгилегендей анчалык деле көп каражат эмес.

"Республиканын 10 жылга карата бюджети 1 трлн 200 млрд сом, ал эми 30,6 млрд бул сумманын болгону 2,5% ын түзөт. Конвенцияга кол койгондон кийин биз донорлорду натыйжалуураак тарта алабыз",-дейт ал.

Маалымат үчүн:

Кыргызстан майыптардын укуктары тууралуу Конвенцияга 2011-жылы кол койгон, бирок ушул кезге чейин ратификациялай элек. Ал Башкы Ассамблея тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынып, күчүнө 2008-жылдын 3-майында кирген.

Ссылка на оригинал публикации : www.vb.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...