Последние публикации

Сариева: Абитуриенттерге жеңилдиктер тууралуу маалыматтар жетпей жатат

Бүгүн 4-июлда КРнын Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева жогорку окуу мекемелеринин жетекчилери менен жумушчу отурумдун жүрүшүндө ЖОЖдорду абитуриенттер үчүн толук маалымат бербей жаткандыктары үчүн сындады.

Министрдин айтымында, айрым ЖОЖдор абитуриеттерге жана алардын ата-энелерине өлкөнүн бюджетинин эсебинен окуу мүмкүнчүлүктөрү, калктын социалдык жактан аялуу катмарлары үчүн жеңилдиктер жана ЖОЖдорго кирүүгө тиешелүү башка тууралуу маалымат беришпейт.

"Абитуриенттерге маалымат берүүгө болгону сегиз ЖОЖ жоопкерчиликтүү мамиле кылган. Калган окуу мекемелеринде иш начар, маалымат жарым-жартылай берилет же такыр эле маалымат жок же сайттар иштебейт",-деп белгиледи министр.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайлардын жетекчилерине абитуриенттер жана ата-энелер коомчулугуна ЖОЖдорго кирүү, окутуунун баасы жана бюджеттик каражаттардын эсебинен окуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматты көбүрөөк берүү тапшырылды.

Окууга тапшыруу боюнча абитуриенттер жана ата-энелерге маалымат берүү боюнча төмөндөгү ЖОЖдордун иши жакшы бааланган: КРнын президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы, Ош мамлекеттик университети (ОшМУ), Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети, Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш Университети, Кыргыз-Россия Билим берүү академиясы, Ата-Түрк Алатоо Эл аралык университети, Эл аралык Инновационных технологиялар университети, ЕККУ Академиясы.

Ссылка на оригинал публикации : www.vb.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...