Последние публикации

Sputnik Минск шаарында мультимедиялык маалымат борборун ачты

Sputnik Минск шаарында мультимедиялык маалымат борборун ачты

Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу Минск шаарында мультимедиялык маалымат борбор ачты.

Белоруссия менен Россиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк боюнча алгачкы макулдашуусунун 20 жылдыгына арналган иш-чаранын ачылыш салтанатына Белоруссиянын маалымат министри Лилия Ананич, Россиянын аталган өлкөдөгү элчиси Александр Суриков жана "Россия сегодня" медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев катышты. Азем Москва жана Минск шаарларынын ортосунда видео көпүрө форматында өттү.

Тараптар интеграция жана эки өлкөнүн маалыматтык өнөктөштүк маселесин талкуулап, аталган борбордун ачылышы мамилелерди жакшыртууга өбөлгө болорун белгилешти.

Белоруссиядагы мультимедиялык маалымат борбору — заманбап маалымат аянтчасы болуп, ар кыл форматтагы иш-чараларды — түз алып көрсөтүүлөрдөн баштап дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн видео көпүрөлөрдү уюштурууга ылайыкталган. 40 орундуу зал, маалыматты алуу жана жөнөтүү инфраструктурасы жана синхрондук котормо үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык маалыматтык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, социалдык тармактарда баракчаларды камтыйт. Sputnik маалымат түрмөгүнө жазылгандар үчүн англис араб, испан жана кытай тилдеринде кабарлар күнү-түнү жаңыланып турат.

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...