Последние публикации

ИИМ: “Кара-Кече” кенинин мурдагы коопсуздук кызматкерин бычактаган шектүү кармалды

ИИМ: “Кара-Кече” кенинин мурдагы коопсуздук кызматкерин бычактаган шектүү кармалды

Жумгал районунун аймагындагы “Кара-Кече” көмүр кенинин коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери, 1986-жылы туулган Руслан Сейткуловду бычактоого шектүү кылмышкер кармалды. Ал 1993-жылы туулган, мурда КЖКнын 241-беренеси менен соттолгон К.Ж. аттуу Жумгал районунун жашоочусу болуп саналат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ИИМдин басма сөз кызматынын инспектору Эрнис Осмонбаев билдирди.

“Окуя 1-февраль күнү Жумгал районунун борборундагы кафелердин биринде болгон. Ал жерде отургандардын бири экинчисин бычактап салган. Кылмышкер ошол замат качып кеткендиктен, аны ички иштер органдары өткөн дем алыш күндөрү Бишкек шаарынан кармап, убактылуу кармоочу жайга камакка алды. Учурда Жумгал райондук сотунун чечими менен кылмышка шектүү К.Ж.га эки айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынып, КЖКнын 234-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык кылмыш иши козголду”,- деди Э.Осмонбаев.

Мурда маалымат каражаттарында Жумгал районунда “Кара-Кече” көмүр кенинин мурдагы коопсуздук кызматынын кызматкери Р.Сейткуловдун денесине белгисиз бирөө 12 жолу бычак сайгандыгын, ал оор абалда ооруканага жаткырылгандыгын жана бул кылмышка “Саяк” деген каймана аты бар Мурат Кадыркулов аттуу жергиликтүү кримтөбөлдүн катыштыгы бар экендигин жазган болчу.

Ссылка на оригинал публикации : kabar.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...