Последние публикации

Санжар Муканбетов: Унаанын камсыздандыруу мөөнөтү узартылышы мүмкүн

Кечээ, 21-январда Мамлекеттик каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө агенттигинин төрагасы Санжар Муканбетов "ВБ" менен болгон маегинде камсыздандыруу жок болгон учурда административдик жоопкерчиликке тартуу мөөнөтү каралышы мүмкүн экенин айтты.

Төраганын берген маалыматына таянсак, өкмөттө унааны милдеттүү камсыздандырууну кийинкиге жылдыруу тууралуу маселе каралган эмес.

"Азыр унаанын камсыздандыруусу жок болсо административдик жоопкерчиликке тартуу маселеси талкууланып жатат. Мыйзамга ылайык милдеттүү камсыздандыруу 7-февралдан баштап күчүнө кирет, ал эми унааны милдеттүү түрдө камсыздаш үчүн үч ай мөөнөт берилет, андан кийин автоунаасын камсыздандырбаган унаа ээлерине чара колдонулат. Азыр бул мөөнөттү узартуу каралып жатат",-дейт Муканбетов.

Белгилей кетсек, унааны милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюнча мыйзам 2016-жылдын 7-февралынан тартып күчүнө кирет. Унаа ээлери камсыздандырууну 1-майга чейин алышы керек.

Ссылка на оригинал публикации : www.vb.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...