Последние публикации

Этникалык кыргыздардын көйгөйүн ким угат?

Этникалык кыргыздардын көйгөйүн ким угат?

“Этникалык кыргыздарга мамлекет тарабынан жардам болгону менен толук көзөмөл жок”- дейт эксперттер.

Бул чыгарылышта коомдогу дагы бир этият маселе, этникалык азчылыктар тууралуу сөз кылабыз. Чындыгында учурда үнү коомчулукка жетпеген этникалык кыргыздардын кандай көйгөйлөрү бар? Аларга мыйзам кандай иштеп жатат? Айтып отурса көйгөйлөр абдан эле көп, ошолордун ичинен айрымдарын “Акыйкат таразасы” программасынан талкууладык. Студиянын коноктору «Бириккен кыргыз» этникалык кайрылман кыргыздардын коомдук бирикмесинин президенти Барно Эшаматова, КРнын адвокатурасынын мүчөсү Райымкул уулу Касымбек жана этникалык кыргыз Камбарали Каймамидинов.

КРнын конституциясыны 16-беренесинде так көрсөтүлгөн;

2. Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде, өзүнүн юрисдикциясында турган бардык адамдардын укуктары менен эркиндиктерин урматтайт жана камсыз кылат.

Эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес, деп жазылып турат, ушул беренелер учурда иштеп жатабы?

Барно Эшаматова:

Этникалык кыргыздарга бул беренелер толугу менен иштеп жатат деп айта албайм. Себеби бизде мыйзамдар кагаз бетинде эле калып, реалдуу турмушта толук аткарылбай келет.

-Этникалык кыргыздардын учурда негизги кандай көйгөйлөр бар?

Барно Эшаматова:

Виза маселеси чечилбей жатат. Маселен канчалаган этникалык кыргыздар бул жакка келип жарандыгын алды. Бирок мурда жашаган мамлекеттинде туугандар куда-сөөк күткөндөр бар, аларга жамандык-жакшылыкта кирип чыгууда көйгөйлөр болуп жатат. Дагы бизде негизги көйгөйлөр паспорт алуу, жер жана айлык алуу маселелери толук чечилбей жатат. Айрыкча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарыбыз, бул жакка келгенден кийин жөлөк пул алууга каттала албай, айлык алууда кыйынчылыктар болууда.

-Сиздерге мамлекет тараптан жардам болуп жатабы?

Барно Эшаматова:

Эми ачыгын айтышыбыз керек. Президенттин аппаратынан тиешелүү мыйзамдар иштелип чыкты. Бизге ар тармактан жардамдар, жеңилдиктер болуп жатат. Бирок ошол жеңилдиктердин баардыгы көзөмөгө алынса. Ар бир акимге айыл өкмөтүнө, эл өкүлдөрүнө тапшырма бергенде, жогорку бийлик жазуу түрүндө берип, ошонун аткарылышын тыкыр көзөмөл алса жакшы болмок.

-Сиз этникалык кыргыз катарында маселени түп тамырынан сезип жатасызда. Учурда Сизде кандай чечилбей жаткан көйгөйлөр бар?

Камбарали Каймамидинов:

Биз 2003-жылы көчүп келгенбиз. Бирок келинчегим жакында эле паспорт алды. Үч кызым бар метиркасы жок. Айыл өкмөттүнө паспорт жок деп кайрылгам, алар айтышкан, паспорт үйлөнгөн жөнүндө ЗАГС алгандан кийин беребиз деп. Паспорт жакында эле алдык, бирок метиркага барган жокмун.

-Сиз бир иш боюнча соттошуп жүрөсүз, окуяга токтолсоңуз?

Камбарали Каймамидинов:

Ооба, менин келинчегимди сабап кетишкен. Окуя биздин кичинекей кызды, коңшу жашаган кыз уруп коюп чатак ошондон чыккан. Аягында менин келинчегимди үй-бүлөсү (Холов Акматбек, Холов Давлотбек) менен келип сабап кетишкен. Жыйынтыгында келинчегимдин курсагында балабыз чарчап калды. Тиешелүү органдарга баарына кайрылдык, бирок тилекке каршы эч жыйынтык жок.

-Кайсыл айылда болуп жатат?

Васильевка айылында.

-Сиздерге ушул маселе боюнча кайрылса, укуктук жактан кандай жардам бере аласыздар?

Райымкул уулу Касымбек:

Бул жигиттин маселесинде, туруктуу элдерден же кайсы бир органдан кысым болгон эмес. Бул жерде эки этникалык кыргыздын ич ара маселесинен жаңжал чыгып отурат. Демек ошол жашап жаткан жерде ынтымак жок экени билинип жатат. Булардын айтымында адвокат жалдашып учурда иштешип жатыптыр. Биз кайсы бир адвокаттын ишмердүүлүгүнө сөз тийгизбейбиз, бирок бизге далилдүү фактылар менен кайрылса юридикалык жардам сөзсүз беребиз.

-Кыргызстандын аймагында жашаган бардык жарандардын укугу бирдей. Маселен, ошол эки этникалык кыргыздын урушун тиешелүү органдын өкүлдөрү, мыйзамдуу чечип койсо болбойт беле?

Райымкул уулу Касымбек:

Албетте, биринчи эле кезекте айыл жеринде айыл өкмөтү же айыл аксакалдары эле чечип койчу маселе болчу экен. Мейли андан өтүп кетиптир, бирок окуя болгон күндөн бери 6 ай өтүптүр. Ушуга чейин баа берилбесе, демек бул жерде мамлекеттик тиешелүү органдардын да өз деңгээлинде иштебегени билинип турат.

-Кайсы бир маселеге эки жактуу кароо керек. Маселен, этникалык кыргыздар өздөрү, көйгөлөрүн тиешелүү органдарга өз учурунда жеткирбей жаткандыр?

Барно Эшаматова:

Туура, андайда болушу мүмкүн. Себеби, баары эле кат сабаты бирдей эмес да.

-Эми бул маселе билингени да, ал эми билинбей кыйналгандар канча?

Барно Эшаматова:

Ооба, билингенден билинбей кыйналып жаткандар толтура. Көбүнчөсү пенсиясын ала албай жатса, айрымдары жерге жетпей батирлеп кыйналып жүргөндөр көп. Ошол үчүн жогорку бийликтегилер тапшырма бергенден кийин айыл-айылдан кыдырып катуу көзөмөлгө алыш керек.

Бул программа Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» жана БУУӨПтүн «Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» долбоорлорунун колдоосунда даярдалды.

Автор: Жылдызбек Калыгулов, Марал ФМ, 04.01.2015

Ссылка на оригинал публикации : kg-law.journalist.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...