Последние публикации

Казакстандын расмий документтеринде “киргиз” сөзүнүн ордуна “кыргыз” деп жазыла баштайт

Казакстанда өздүгүн ырастаган күбөлүктөргө жана Казакстандын жараны болуп эсептелген кыргыздардын паспортуна улуту тууралуу графа буга чейин колдонулуп келген “киргиз” сөзүнүн ордуна “кыргыз” деген сөз менен толтурулат. Бул тууралуу маалыматты Казакстандагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Шафкат Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, “Казакстан республикасынын парламенттик мажилисинин 9 депутаты Казакстан элдеринин ассамблеясынын (КЭА) атынан шайланат жана Казакстандын бардык этносторунун биргелешкен кызыкчылыгын көздөйт. Алар расмий документтерге кыргыз орфографиясыны ылайык туура толтурууга өзгөртүү киргизүүгө жардам берүү сунушуну менен КАЭдан депутат Зухре Саяповага кайрылышкан. Тарыхый справкалар жана документтер дагы чогуу даярдалган. Кыргызстандан тиешелүү документтерди даярдоого И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Төлөбек Абдрахманов колдоо көрсөттү”. Ш.Исмаиловдун айтымында, ошондон кийин Мажилистин депутаттары Казакстан республикасынын Юстиция министрлигине жана Ички иштер министрлигине кат жөнөтүшүп, оң жооп ала алышкан.

“Келечекте Казакстандын тилди өнүктүрүү жана маданият жана спорт министрлигинин коомдук-саясий иштер боюнча комитетине расмий документтерде жана ЖМКда “киргиз” сөзүнүн ордуна “кыргыз” сөзүн колдонуу маселени кароо тууралуу кайрылууну көздөп жатабыз”,-деди Ш.Исмаилов.

Ссылка на оригинал публикации : maralfm.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...