Последние публикации

Р. Үмөталиев: Банкроттук абалдагы “РусГидро” Кыргызстанда ГЭС кура албайт

Р. Үмөталиев: Банкроттук абалдагы “РусГидро” Кыргызстанда ГЭС кура албайт

Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын алгачкысы кийинки жылы ишке берилет деп айтылганы менен каржылоонун токтоп калганы кыргыз өкмөтүн ойлондурууда. Ал эми Камбар-Ата-1 долбооруна 2012-жылы кол коюлса дагы ушул кезге чейин курулуш иши башталбай келет. Бул ГЭСтердин курулушун каржылоо милдетин Орусия алган. Бирок учурда Орусия тараптан каскадды куруудагы Кыргызстандын өнөктөшү “РусГидро” ишканасынын абалы оор болуп турат.

Кыргызстандагы эң ири Токтогул ГЭСинин жабдыктары эскирип, аны алмаштырууга эбак эле убакыт келген. Бирок, каражаттын жоктугунан 1975-жылы ишке киргизилген Токтогул ГЭСинин агрегаттары ушул убакытка чейин алмашылган эмес. Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын алгачкысы кийинки жылы ишке берилет деп айтылганы менен каржылоонун токтоп калганы кыргыз өкмөтүн ойлондурууда. Ал эми Камбар-Ата-1 долбооруна 2012-жылы кол коюлганы менен ушул кезге чейин курулуш иши башталбай келет. Ошондон улам Кыргызстан мындай чоң долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Орусиянын эле кѳзүн карабай башка ѳлкѳлѳрдѳн инвесторлорду тартуу керектиги айтылууда. Мына ушул маселелерге байланыштуу энергетика тармагынын эксперти Расул Үмөталиевди кепке тарттык.

-Учурда Камбар-Ата-1, Жогорку Нарын ГЭСтеринин курулушу жылбай турат. Бул ГЭСтердин каржылоо жагын Орусия алганы белгилүү. Азыркы курулуш иштеринин токтоп турганы Орусиянын кызыктар эместигинен кабар береби же Орусиянын өзүндө болуп жаткан кризистик абалдан улам токтоп турабы?

-Биринчиден, Орусия тараптан каскадды куруудагы Кыргызстандын өнөктөшү “РусГидро” ишканасынын абалы оор. Бүгүнкү күндө банкротко учурап жатат. Мунун негизинде өзүнүн акцияларын Москва фондулук биржасына сатыкка койгон. Бирок акциялары сатылбай, күндөн-күнгө төмөндөп жатат. Экинчиден, Орусиянын өзүндө экнономикалык кризис жүрүүдө. Дагы айтып койчу жагдай, учурда “РусГидро” менен “Роснефтин” ортосунда талаш-тартыш маселе болуп жатат. 2012-2013-жылы “РусГидро” ишканасы 4 ГЭСти 412 млн. долларга бүтөөрүн айтышкан. Бирок 1 жылдан кийин 732 млн. доллар болот деп чыкты. Дүйнөлүк практикада, курулуп жаткан ГЭСтин 1 мегаваты 1 млн. 100 миң же 1 млн. 200 миң долларды түзөт. Ал эми Жогорку Нарын ГЭСтин кубаттуулугу 237 мегават. Ошондо орто эсеп менен ГЭС 265-270 млн. долларга бүтөт. Бул жерде Орусия тарап ГЭСтин курулушунун баасын 3 эсеге көбөйтүп салууда. Муну менен электр энергиянын баасы да кымбат болот. Ал кымбат энергияны кимге сатабыз? Элдин капчыгына туура келеби деген маселелер чыгат.

-Орусия Камбар-Атадан чыгымдан башка пайда көрбөйт деген пикирлер бар. Кирешелүү тармак эместиги айтылат. Ошондуктан бул ГЭСтерди куруууга Орусия кызыктар болбошу мүмкүнбү?

-Суу энергетикадан эң арзан өндүрүлө турган ГЭС энергиясы болот. Анткени суу бекер болуп жатат. Атомдук электр станцияда өндүрүлүп жаткан электр энергиясы өтө кымбат. Жылуулук борборунда электр энергияны өндүрүш үчүн мазут, көмүр керектелет. Алардын баасы да бүгүнкү күндө кымбат болууда.

-Айрым эксперттер Орусия тарап жакынкы жылдарда ГЭСтердин курулушуна киришпей турганын айтышууда? Буга сиздин пикириңиз кандай?

-Орусияда болуп жаткан экономикалык кризис узак мөөнөткө созулушу мүмкүн. Ошондуктан жакынкы аралыктарда Камбар-Ата-1, Жогорку Нарын ГЭСтери курулбайт. Ошондой эле “РусГидро” коррупцияга айланган компания. Аталган ишкана Индия, Пакистан, Непал мамлекеттеринде ГЭС курабыз деп келишим түзүп, андан соң баасын 2 эсеге көтөрүп жиберген. Бул себептен аталган өлкөлөр ГЭС куруудан баш тартышкан.

-Ошондой эле бул ГЭСтердин куруу маселеси экономикадан геосаясатка айланып келгени айтылат. Маселен, БУУнун Нью-Йорктогу саммитте Өзбекстан Орто Азиядагы ири ГЭСтердин курулушуна каршы экендигин билдирген. Өзбекстандын каршы чыгып жатканы Орусияны ойлондуруп жаткан жокпу?

-Ар бир ири энерго долбоорлор саясат жок ишке ашпайт. Чоң акча аралашкан экономикалык иштер саясий маселелер чечилмейинче ишке ашпайт. Өзбекстан өз учурунда Кыргызстанга басым кылып жүргөн. Анкени биз аларга газ, электр энергия боюнча көз каранды болуп турганбыз. Ошондуктан Өзбектан биздеги Камбар-Ата-1 ГЭСтин курулушун каалабайт. Анткени бул ГЭСтер курулуп калса, Кыргызстан электр энергиядан көз карандысыз болуп, экспортко да чыгара алат.

-Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулуш иштерин жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз өкмөтү башка өлкөлөрдөн инвесторлорду чакырууга мажбур болоору да айтылып келет. Ал эми учурда өлкө башчынын Араб өлкөлөрүнө болгон сапарларында ушул маселе козголуп жатканы, бул айтылгандарды тастыктап жаткан жокпу?

-Бул маселени бир жылдан бери көтөрүп келем. Учурда Орусия өтө терең кризиске капталып калды. Ошондуктан булардан биз чоң каражатты күтпөй эле койсок болмок. Учурда ГЭСтердин курулушу токтоп турат. Келишим боюнча 3 жылдын ичинде курулуш иши башталбаса анда келишимди жокко чыгарганга мүмкүнчүлүк пайда болот. Президент Атамбаев да барган мамлекеттеринде энергетикага инвестиция кылганга чакырык кылып жатат. Кувейт, Катар мамлекетиринде ГЭС курууга чоң мүмкүнчүлүктөрү жок. Ал эми Иран мамлекетинде мүмкүнчүлүк бар. Бирок алыска барбай эле, кошуна мамлекет Кытайдан инвестиция тартса болот. Булардын экономикасы жыл сайын 7-8 пайызга өсүп жатат. Электр энергия, газга муктаж болуп жатат. “РусГидро” менен түзүлгөн 50-50 пайыздык келишимге каршы чыккам. Анкени бул келишим түбөлүк болот. Мындайча айтканда мөңгү бүткөнчө 50 пайызына Орусия тарап ээлик кылат. Ошондуктан узак убакытка жеңилдетилген кредит менен куралы деген сунуш киргизгенбиз. Анткени ГЭСтер 10-12 жылдан кийин өзүн-өзү актай баштайт. Муну менен кредитти да төлөй алмак.

-Рахмат. Маегиңизге ыраазычылык билдиребиз.

Автор: Гүлназ Мамытова

Ссылка на оригинал публикации : maralfm.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...