Последние публикации

Мирлан Ибраев: "ИИМди тез арада реформалоо керек"

Бишкекте атайын кызматтын, Ички иштер министрлигинин жана маңзаттарды көзөмөлдөө мекемесинин коомдук байкоочу кеңештеринин мүчөлөрү чогулуп, жыйын өткөрдү. Анда Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери менен милиционерлердин ортосунда соңку мезгилде катталган чыр - чатактар талкууланды. Свердлов, Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын жана баңги затты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин ортосундагы чатак алардын кесипкөйсүздүгүн далилдеди. Бул тууралуу “Марал” радиосуна укук коргоочу Азиза Абдрасулова билдирди. Иликтөөнүн жыйынтыгында Свердлов, Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын жана Баңги затты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин ортосундагы конфликт боюнча байкоочу кеңештер тез аранын ичинде ИИМди реформалоо боюнча КРнын Президентине, КРнын Премьер - министрине, КРнын Жогорку Кеңешинин Төрагасына, КРнын Коопсуздук кызматынын катчысына, ИИМ жана МУККнын жетекчилигине кайрылуу жолдошту. Мындай пикирин МУККнын коомчулук менен байланышуу боюнча эксперт Мирлан Ибраев айтты.

Эскерте кетсек, өткөн аптада Бишкектин Свердлов райондук милициясынын жана Улуттук коопсуздук комитетинин коррупцияга каршы кызматынын өкүлдөрү мушташа кеткен. Учурда бул окуяларга катышкан 4 адам ооруканада жатат. Алардын үчөө - милиционерлер.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...