Последние публикации

Ташиевдин психикасы ордунда эмеспи?

Ташиевдин психикасы ордунда эмеспи?

Бγгγн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда депутат Камчыбек Ташиевдин баш коргоо чарасын ɵзгɵртγγ маселеси каралат. Эл ɵкγлγнɵ жγргγзγлгɵн комлекстγγ соттук-психологиялык-психикалык экспертизанын жыйынтыгы менен Башпрокуратура соттон Ташиевдин баш коргоо чарасын γй камакка алмаштыруу тууралуу ɵтγнγч менен кайрылган.

Эске салсак, 3-октябрдагы «Кумтɵр» кенин улутташтырууну талап кылган митингдин аягы депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов баштаган топтун Акγй тосмосунан ашып ɵтγγсγ менен аяктаган эле. Кγч органдары бул топту айдап чыгып, аталган депутаттарга кылмыш иши козголгон. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен алар эки айлык мɵɵнɵткɵ камакка алынган болчу.

Андан соӊ соттун чечимини менен Камчыбек Ташиевге соттук-психологиялык-психикалык экспертиза жγргγзгɵн. Жыйынтыгында ал камакта эмес γй камакта болушу керек деген чечимге келишкен. Экспертизанын жыйынтыгына караганда, Камчыбек Ташиевдин психикасында бир мандем бар сыяктуу. Буга чейин серепчилер акыл-эси ордунда болгон киши мындай кадамга барбай турганын айтып, депутатттын Акγйдγн тосмосун ашып ɵткɵнγн, ок тийди деп жар салып жибергенин айтып сындап келишкен эле. Бир сɵздγ айтып, эртеси кγнγ аны танып чыкканын, депутат башы менен, президент болом деген дымагы менен ойго келбеген жоруктарды жасаганын (Депутаттык кγбɵлγгγ турса Акγйдγн тосмосунан ашып ɵтγп, темир шишке сайылып) кɵрγп туруп, бул экспертизанын жыйынтыгы калп дегенге оозуӊ барбайт.

Мындай маселе Ташиевге эле эмес Садыр Жапаровго карата да айтылганы бар. КСДП фракциясынан ЖК депутаты Абдыманап Кутушев Садыр Жапаровду психологиялык экспертизадан ɵткɵрγγ керек деген маселени 4-октябрда кɵтɵрγп чыккан эле. «Интернеттеги айрым маалыматтарга караганда, Садыр Жапаровду окуу жайдан бир нече жолу окууда жетишпегени γчγн айдашкан. Акыркы жолу футбол ойноп аткан учурда башы менен катуу урунуп, травма алып, окуудан чыгып кеткен. Митингде сγйлɵгɵн сɵзγн уккандар ичип алып сγйлɵгɵнγн, ɵзγн шектγγ алып жγргɵнγн айтышты. Ошондуктан, тергɵɵчγлɵрдɵн психологиялык экспертиза жγргγзγшγн суранат элем» деген эле депутат парламенттин жыйынында. Депутаттын бул сɵзγ менен эл ɵкγлγ Эгемберди Эрматов дагы макул болуп, ал Камчыбек Ташиевди дагы ушундай экспертизадан ɵткɵрγγ керектигин сунуштаган.

Эми ушундай психикасы ордунда эмес адамдар саясатта, эл башкарам деп жγрсɵ, аларды ээрчиген эл эмне болот?..

Эске салсак, депутаттарга карата ачылган кылмыш ишин Башпрокуратура тγзгɵн ведомстволор аралык тергɵɵ тобу териштирγγдɵ.

Мээрим КАМЧЫБЕКОВА

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...