Последние публикации

Нарын.Шаарда “Мыкты аймак” кароо сынагы уюштурулат

Кечээ 18-март күнү Нарын шаардык мэриянын жыйындар залында шаардын «Мыкты аймагы- 2013» конкурсун өткөрүү боюнча шаардык мекеме-ишканаларынын, аймак башчыларынын жана шаардык мэриянын аппаратынын жооптуу кызматкерлеринин катышуусунда кещешме болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз катчысы билдирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен «Иштерман» жылына жана Нарын шаарынын 145-жылдыгынын алкагында Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиевдин демилгеси менен шаардын «Мыкты аймагы – 2013» кароо-сынагын өткөрүлөт. Кароо-сынактын негизги максаты аймактардын, аны менен жалпы шаардын маданий-тиричилик, санитардык жана маданий-эстетикалык турмуш-дещгээлин жогорулатуу, спорттун массалулуугун көтөрүү, өндүрүштөрдү ачуу, аймактарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу, коомдук тартипти чыңдоо болуп эсептелет. Мындан тышкары аймактагы элдин маданиятын, ынтымагын, биримдигин көтөрүү боюнча «Ыр-кеселерди» өткөрүү да жобого камтылган. Белгилей кетсек Нарын шаары 5 аймакка бөлүнөт, аймактарга мэриянын аппаратынан, мекеме-ишканалардын жетекчилеринен жооптуу кызматкерлер дайындалды. Кароо-сынактын жалпы байге фонду 500,0 миң сомду түзүп, 2013-жылдын сентябрь айынын ичинде жеңүүчүлөр аныкталат. Кароо-сынакты өткөрүүнү координациялоо жана жыйынтыгын чыгарууну шаардык мэриянын жана шаардык кещештин комиссиясы ишке ашырат.

Ссылка на оригинал публикации : www.naryn.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...