Последние публикации

Эхинококкоз жана альвеококкоз мамлекеттик маселеге айланды

5-6 декабрь күндөрү Бишкек шаарында саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан уюштурулган чет элдик адистер- доктор, профессорлордун катышуусунда эл аралык чоң тегерек үстөл болуп өттү. Ага, Швейцария, Кытай жана Англиядан окумуштуулар тобу келип катышышты. Бул тууралуу "Кабар ордого" врач- паразитолог Курсанбек Раимкулов билдирди.

Анын айтымында, аталган иш- чаранын алкагында Кыргызстандагы эхинококкоз жана альвеококкоз ооруларынын эпидемиологиялык абалын, алардын алдын алуу жолдорун жана тез арада кандай чаралар колдонуу тууралуу талкууланды. Тактап айтканда, айрыкча Ош жана Нарын облустарында адамдын ден- соолугуна өтө оор жана олуттуу зыян алып келген паразитардык ооруларга кирген эхинококкоз жана альвеоекоккоз ооруларынын көбөйүп жаткандыгы өзгөчө тынчсыздандыраары белгиленген.

Белгилүү болгондой, бул оорулар операция жолу менен гана дарыланып, майыптуулукка жана эң эле өкүнүчтүүсү өлүмгө алып келиши мүмкүндүгү айтылып, тез арада колдонула турган иш- чаралар иштелип чыгуусу белгиленди. Мындан сырткары, бул комлекстүү иш- чара мамлекетик деңгээлде чечилип каралбаса, оң жыйынтык берилбей тургандыгы баса белгиленди. " Чындыгында оорулар боюнча республикада эпидемиологиялык абал өтө оор. Анткени, акыркы 5-6 жылга салыштырмалуу 20 эсеге өсүп кеткен жана бир канчасы өлүм менен аяктаган"- деди, аталган иш- чаранын катышуучусу, Ош облусу боюнча координациялоо милдети жүктөлгөн Кара- Суу райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жогорку даражадагы биология илимдеринин кандидаты, врач- паразитолог Курсанбек Раимкулов.

Ссылка на оригинал публикации : kabarordo.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...