Последние публикации

Мигрант күнүнө карата “Мигрантка чалуу” акциясы болот

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында «Мигранттар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн маселелерин чечүүдө Коомдук кеңештердин ролун жогорулатуу” долбоорунун алкагында акция өткөрүлөт. Бул иш-чараны ISEDA жана “Инсан Лейлек” коомдук фонддору уюштуруп жатат.

Акциянын алкагында, тургундарга миграция мыйзамдары боюнча акысыз кеңештер берилет. Анда бул тармактагы мыйзамдарга кандай өзгөрүүлөр киргизилгени, кандай талаптар, милдеттер, укуктар бар экени тууралуу юристтердин жардамында маалыматтар берилет. Андан соң жашоочулар Орусиядагы, Казакстандагы же башка мамлекеттердеги жакындары менен телефон аркылуу бекер сүйлөшү мүмкүнчүлүгү берилет.

Сүйлөшүү учурунда алган маалыматтарын тууганына түшүндүрүп берет жана анын башка тааныштарына да юридикалык кеңештерди айтууну өтүнөт. Уюштуруучулардын маалыматында, муну менен миграцияда жүргөн кыргызстандыктарга акысыз кеңеш берүү менен юридикалык билимдерин жогорулатуу болуп саналат. Аны менен катар Орусия киргизген “кара тизмеге” түшүп калбоо үчүн кандай аракеттерди көрүүсү зарыл экендиги же андан чыгуу маселелери боюнча да маалыматтар менен атайын таркатма баракчалар берилет.

Мындан сырткары, аймактарда тургундарга көңүл ачуучу концерттик программалар да тартууланат. Бул иш-чара Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусттарынын бир катар райондорунда 17-ноябрь күнү өткөрүлөт. Иш-чара ICCO Cooperation Эл аралык уюмунун каржылык колдоосунда ишке ашырылып жатат.

Ссылка на оригинал публикации : www.kabar.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...