Последние публикации

Назарбаев 2007-2009-жылдагыдан дагы күчтүү кризис келе жатканын айтты

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өлкөнүн өкмөт башчысы Карим Масимов менен жолугушкан учурда кризис болоорун айтты. Бул тууралуу Nur.kz. булагы жазууда.

Жолугушуунун учурунда Масимов Казакстандын мамлекет башчысына өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү жана негизги мамлекеттик программалардын ишке ашырылып жатышы тууралуу маалымат берген.

Нурсултан Назарбаев учурда Казакстандын экономикасы оор режимде иштеп жатканын белгиледи.

"Энерго алып жүрүүчүлөргө баанын төмөндөп кетишинен улам бюджеттин кирешеси 40 пайызга азайды. Андан тышкары экспорттук өндүрүмдөрдүн, анын ичинде кара жана түстүү металлдын, көмүрдүн баалары арзандады. Ошол эле маалда айыл чарбасы бир аз өнүктү, ал эми өнөр жай менен машина куруу өнөр жайы төмөндөдү",-дейт Казакстандын президенти.

Назарбаев дүйнөлүк базарда кыйын кырдаал түзүлгөнүнө көңүл бурду.

"Дүйнөлүк экономиканын, анын ичинде Европа менен Чыгыш Азиянын абалын эске алганда акыбалдын жакын арада жакшы жагына өзгөрүүсүн күтүү мүмкүн эмес. Калк азыркы жагдайды билүүгө тийиш, ишканалардын кирешеси азаят, алган айлыктар, жумушчу орундар кыскарат. 2007-2009-жылдагыдан дагы күчтүу боло турган чыныгы кризис келе жатат. Буга байланыштуу өкмөткө анализ жүргүзүүнү, кризиске каршы иштердин планын түзүп чыгууну, зарыл болгон иш-чараларды жасап жана бул тууралуу калкка маалымат берүүнү тапшырам",-деп эскертти Назарбаев.

Казакстандын президенти жарандардын социалдык абалынын кыйындашына мамлекет жол бербеш керектигин эскертип өттү.

Ссылка на оригинал публикации : www.kabarordo.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...