Последние публикации

Апсамат Масалиевдин 80 жылдык мааракеси өтөт

Ушул жылдын 19-майында коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Апсамат Масалиевдин 80 жылдыгы Ош шаарында белгиленет. Өкмөттүн Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдагандай, тарыхый инсандын мааракесин жогорку деңгээлде өткөрүү иш-чарасынын алкагында бир катар илимий-практикалык конференциялар, көргөзмөлөр, спектаклдер уюштурулат.

Блегилей кетсек, Апсамат Масалиев 1933-жылы 10-апрелде Кадамжай районунун Алыш айылында туулуп, 2004-жылдын 31-июлунда көз жумган. 1985-жылдан 1991-жылга чейин Кыргызстан Коммунисттер партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген.

НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА

22.03.2013 №11

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...