Последние публикации

Кыскарган сааттар, кыйналган мугалимдер

“Билим берүү – өнүгүүнүн борбору”, – деп Дүйнөлүк Банктын Европа жана Борбор Азияга тиешелүү сайтынын биринчи барагында жазылгандай, билим деңгээлин өлкөнүн экономикасынын өсүп-өнүгүүсү менен байланыштырып келишет.Анткени билим, адам баласынын жакырчылыкты жана ар кандай теңсиздикти жеңүүсүнө жардам берип, ошону менен катар өлкөнүн экономикалык жана демократиялык потенциалын толтурууга жана коомдун ар тараптуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

Билим сапатын көтөрүү, билимдин жеткиликтүүлүгүн, анын эл аралык деңгээлде өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн билим берүү системасында өзгөрүүлөр жана толуктоолор болуп турат. Бирок үстүбүздөгү жылдын апрель айында чыккан жаңы муундагы Базистик окуу планы боюнча долбоор мугалимдер арасында кызуу талкууну жараткан актуалдуу маселеге айланды. Анын себеби, кээ бир сабактардын сааттарынын кыскаруусу, жаңы окуу предметтеринин киргизилиши болуп саналат. Борбор калаабызда мектептердин биринде окуу тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары болуп иштеген Гүлзат эженин (аты өзгөртүлдү) айтуусуна караганда, көптөгөн мугалимдер бул жаңы түзүлүп жаткан базистик окуу планына каршы. Себеби, балдар үчүн пайдалуу деп эсептелген негизги математика, кыргыз тили, адабият сыяктуу жана башка сабактар кыскартылган. Алардын ордуна технология, жаран таануу деген сабактар кирүүдө. Ал эми бул сабактарды өтүүгө адистер да, окуу китептери да жетишпейт.

Көп жылдардан бери башталгыч класстардын мугалими болуп эмгектенип келе жаткан Чынара Орунбекова, билим берүүнүн жаңы системасын туура деп баалайт. Анын пикири боюнча, сабактардын көп болуусу, балдардын сапаттуу билим алуусуна терс таасирин тийгизет. Коомдун, өзгөчө жаш муундардын күндөн-күнгө талабы өзгөрүүдө, билим деңгээли да ошого жооп берээрлик абалда болуусу керек деген көз карашта.

Кыргыз билим берүү академиясынын президенти, профессор Абакир Мамытовдун айтымына караганда, жаңы базистик окуу пландын негизинде сааттар кыскарып кетти деп айтылганы менен, жалпы сааттардын көлөмү кыскарган эмес. Бирок, “жаңы кабыл алынган стандарт мурдагыдан бир топ айырмалангандыктан, түшүнбөстүктөр жаралууда” дейт. Эгерде буга чейин бардык окуу сааттар толугу менен мамлекет тарабынан аныкталып, анын мазмуну иштелип чыгып жана милдеттүү түрдө аткарылып келсе, жаңы стандартка ылайык бул маселе үч компонентке бөлүнүп каралган. Биринчиси, мамлекеттик компонент болуп эсептелет. Ал бардык мектептерде менчик формасына, тибине жана башка көрсөткүчтөрүнө карабай милдеттүү түрдө өтө турган предметтердин саны, багыты жана мазмуну. Экинчи компонент — вариативдүү. Мектеп өзү тандай турган компонент. Башка сөз менен айтканда, мектеп жайгашкан регионуна, макамына жана топтогон тажрыйбасына жараша кошумча жана тереңдетилип окутула турган предметтердин санын жана багытын аныктоо, окуу планына толуктоо киргизүү укугу берилди. Ал эми үчүнчү компонент, бул дагы вариативдүү — окуучу өзүнүн жеке кызыкчылыгына жараша — инсандын муктаждыгын канааттандыруу максатында каралды. “Бул балдардын сапаттуу билим алуусуна, келечекте ордун таап, жакшы кесипке ээ болуусуна багытталат”, деп эсептейт Абакир Мамытов.

Жаңы муундагы Базистик окуу планы 2017-жылдан тартып иштей баштайт. Ага чейин окуу пландын долбоорун көрүп, мугалимдерди жалпы квалификациядан өткөрүү, кадрларды даярдоо жана жаңы окуу китептерин басып чыгаруу иштери каралат. Бул окуу планы бекигенден кийин ар-бир предмет боюнча анын мазмунун аныктаган стандарт иштелип чыгып, жаңы муундагы окуу-методикалык комплексин даярдоого конкурс жарыяланыш керек. Ал эми китеп жазуу ары түйшүктүү, ары тажрыйбаны жана жоопкерчиликти талап кылган жумуш болгондуктан, китептин мазмунуна дыкат мамиле жасалуусу башкы талап. Анткени китептин мазмуну бузулса, келечек бузулат. Ошондуктан окуу программасы жазылып бүткөндөн кийин 1-2 жыл текшерүү жүргүзүлүп, анан колдонууга берилет. Тийиштүү окуу куралдары жазылып, экспертизадан өтүп, анан мектептерден бир жыл апробацияланып чыкканга чейин бир топ убакыт керектелет.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов, Базистик окуу планын колдобойт. Эл өкүлүнүн пикирине боюнча, жаңы окуу планы түзүлсө жаңы окуу китептери менен окуучуларды камсыз кылуу үчүн көп сумма керектелет. Ага азырынча мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү. Андан тышкары окуу сааттарынын кыскаруусу, мугалимдердин айлык акысынын азайышына алып келет. Бул себептен, мурунку окуу планын өзгөртпөй коё туруу оң деген пикирин билдирди.

Кыргызстандагы мектептердин кенже класстагы окуучулардын 60 пайыздан ашыгынын негизги предметтер боюнча деңгээли төмөн. Бул тууралуу 2014-жылы билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан жүргүзүлгөн изилдөө жыйынтыгында окуучулардын 60 пайыздан ашыгы негизги окуу жана түшүнүү, математика, мекен таануу сыяктуу предметтерден деңгээли төмөн экендиги маалымат каражаттарында айтылып чыккан. Мындай көрсөткүч коомчулук ичинде олуттуу көйгөй катары каралбаганы менен, ушул темпте уланып кете берсе, Кыргызстан келечекке сабатсыз жаш муундарды өстүрүп жаткан болот.

Андыктан баскан кадамды аярлап таштап, билим жаатында туура багыт алууга жасалган ар бир аракет, эртеңки урпактардын келечегине тийгизген оң таасир экенин ким болбосун көкүрөгүнө сактай жүрсө ашыкча болбос.

Асел Моконова

Ссылка на оригинал публикации : koktom.journalist.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...