Последние публикации

Кесиптешибиз Исманалы Муратов келбес сапарга кетти...

Кесиптешибиз Исманалы Муратов келбес сапарга кетти...

Бүгүн, 17-июнда "Марал" радиосунун Ош шаарындагы бөлүмүнүн жетекчиси, журналист Исманалы Муратов узакка созулган оорудан улам 26 жашында бул дүйнө менен кош айтышты.

Эске салсак, Исманалы Муратовго Индиянын Дели шаарында 7-май күнү "Медента" клиникасында бооруна 16 саатка созулган оор операция ийгиликтүү жасалган. Анын боорун алмаштырууда донор Муратовдун кайнатасы Турдубек Саитов болгон.

Исманалы Муратовдун боорунда альвеококкоз дарты аныкталып, 2012-жылы Бишкек шаарында операция жасалган, доктурлар анда боорунун жарымын кесип салышкан. Бирок врачтардын айтымында, Исманалынын боорундагы альвеококкоз ургаачы түрүндөгү курт болгондуктан, толугу менен боорду алмаштырууга туура келген.

Буга чейин "Исманалыга жашоо тартуула" деген акция достору тарабынан жүргүзүлгөн. Ал бир гана Ош шаарында эмес, жер-жерлерде өткөрүлүп, достору кофе, чайды коомдук жайларга сатышып, 60 миң АКШ доллары чогултулган.

Кесиптешибиз жакында эле Кыргызстанга келип, ден-соолугунун эч кандай кемчилиги жок, жакшы экендигин кабарлаган.

Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Ссылка на оригинал публикации : maralfm.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...