Последние публикации

Биздин замандын кишилери: Кыргыздын «Мичурини»

Биздин замандын кишилери: Кыргыздын «Мичурини»

-Мен Токсон Исманалиев, Кемин районундагы Калмак-Ашуу айылынын тургунумун. Чоң-Кемин токой чарбачылыгынын алма багында иштеп жүргөн мезгилимде кене денеме жабышып, натыйжада дартка чалдыктым. Бутум баспай, тилим да күрмөөгө келбей калган. Ошентсе да ден-соолуктан үмүтүмдү үзбөй, дарыланып жүрүп кайра толук болбосо да, мурункудан абалым оңолуп, өз турмуш-тирлигимдин аракетин көрө баштадым.

Бир далай жылдары аары чарбачылыгын кармадым. Апам кайтыш болгондо капыстан аарынын баары учуп кетти. Ошондон баштап короомдогу алма багын кыйыштыруу менен алектенип, өз алдынча “Мичурин” болуп алдым. Атайын билимим жок, элден уккан ыкмаларды эле колдоном. Мисалы, жазында алма багы бүчүр байлаганга чейин жаңы сорт чыга турган жаш бутакты “т” тамгасына окшотуп кесип, “зеленка” сыйпап, жаңы сорттун бүчүрүн кичине целлофан кийгизип таңып салуу керек. Ошентип бир эле алма бутагынын ар кайсы бутактарынан 3-4 сорттуу алма өсүп чыгат. Келечекте шабдалы, өрүк ж.б кыйыштыруу аракетин көрсөм дейм. Анча-мынча акыга элдин да алмасын кыйыштырып берип, аларды бутап, иретке келтирип турам. Ошентип аракет кылып жатканымданбы, айтор, азыр тилим да кайра сүйлөп, кадимкидей басып-туруп, үй-бүлөмө нан таап бергенге жарап калдым.

Айжан Айтышева

Ссылка на оригинал публикации : pk.journalist.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...