Последние публикации

Нарында төрт түлүк малдын тагдыры талкууланды

Нарында төрт түлүк малдын тагдыры талкууланды

30-март күнү облустук өкүлчүлүктө дубандагы мал доктурлардын ишмердигине арналган атайын отурум болуп өттү. Анда тоолуу аймактагы төрт түлүк малдын учурдагы жана эртеңки күндөгү шарт-шааниси талкууланды.

-Май айынан тарта биз бирдиктүү бажы биримдигине киребиз. Бирок ага ветеринардык жана фитосанитардык жактан даярдыгыбыз кандай? Ал эми соңку жылдарда ар кандай мал оорулары катталып жатат,-деп белгиледи жыйынды алып барган өкүл Аманбай Кайыпов.

Береги кинеге облустук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын жетекчиси Жалил Алымкулов да макул.

-Союз убагында катталбаган шарп, күл, пастеррелёз деген оорулар каттала баштады. Негизги себептери болуп мал доктурлардын жетишпестиги, вакциндердин учурунда жана толук өлчөмдө берилбегендиги, алардын сапатсыздыгы болуп саналат,-деп билдирген Ж.Алымкулов мырза быйыл да мал дарттары катталышы мүмкүн экендигин белгиледи. Көрсө, азыркыга чейин өлкөдө вакциндерди сатып алуу боюнча тендер өтө элек экен.

-Ветеринарияда реформа болмоюн, мал оорулары басаңдабайт,-дейт Нарындын башкы мал доктуру

Кыргызстанда ветеринария тармагы дагы деле кечээки союз доорундагыдай кырдаалда кала бергендигин облустук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын жетекчиси (ВФКИ) Жалил Алымкулов атайын жыйында белгиледи.

-2012-жылдан бери биз өзүнчө өкмөттүн алдындагы кызмат катары бөлүнүп чыктык. Бирок дагы деле баш аламандык болууда. Маселен биз көзөмөлдөөчү орган катары эсептелгенибиз менен, мурдакыдай эле аткаруучулукту да аркалап калуудабыз. Же болбосо ветеринар өзү ийне сайып, кайра өзүн инспекциялап жатат,-деди Ж.Алымкулов мырза. Ошондуктан айыл аймактарда мал доктурлар атайын бир жайда иш кылуусу абзел экендигин, демек ар бир айылда ветеринардык бейтепканаларды ачуу зарылдыгын белгиледи өз сөзүндө облустун башкы ветеринары. Мындай жүйөөгө Ак-Талаа райондук ВФКИ жетекчиси Дайыркул Саткынов да кошулат.

-Чындыгында айыл өкмөттөрдө ветеринарлардын милдеттери так эмес. Аларды айыл өкмөттөр ар кайсы жумуштарга, мисалы эми техникаларды кароого, кийин сугатка айдайт. Ошон үчүн мал доктур ар дайым өзүнүн гана жумушун аткаргандай болсо,-дейт Д.Саткынов мырза.

-Бул маселе боюнча айыл өкмөттөргө тиешелүү тапшырмаларды беребиз. Ал эми биз быйыл ар бир айыл өкмөттө ветеринардык бейтепканалар болсун деп жатабыз. Аны айыл өкмөт менен ветеринардык тейлөө кызматы биргелешип курса болот,-деп жооп кылды өкүл Аманбай Кайыпов.

Нарында малга вакциндерди толук берүү же таптакыр токтотуу талабы коюлду

Кыргызстанда мал ооруларынын беш түрүнө, же атап айтканда Шарп, Күл, Бруцеллёз, Сибирь жарасы жана Кутурма дарттарына мамлекет тарабынан каржылоо аткарылбай жаткандыгы айтылды.

-Облус боюнча Күл ылаңына каршы 590,0 доза вакцина жетишсиз болуп, облус 29% ке, Сибирь жарасынын вакцинасынан 1,5 доза жетишсиз болуп, облус 71% ке камсыз болгон. Ал эми Шарп ылаңына каршы вакцина Россия өндүрүшүнөн чыгарылып 6 айда бир жолудан эмделиш керек болсо, 2014-жыл ичинде облуска 206 миң доза вакцина келип камсыз болуу дээрлик 50 % ти түзгөн,-деп белгиледи облустук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын (ВФКИ) жетекчиси Жалил Алымкулов мырза. Бул пикирге Нарын райондук ВФКИ жетекчиси Тазабек Мамыров кошулду.

-Мамлекет же ушул ооруларга берилүүчү вакциндерди камсыздап же болбосо таптакыр токтотсун демекчибиз,-деди Т.Мамыров мырза.

Натыйжада жыйында мамлекет тарабынан каржылануучу вакциндердин акча каражатын айыл өкмөттөргө которуу, ал эми вакциндерди жергиликтүү ветеринарлар аркылуу сатып алуу сунушу келтирилди.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу

Ссылка на оригинал публикации : erkintoo.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...