Последние публикации

Кыргызстанда батрактардын балдарынын 80 пайызы аскерге алынат,-А.Абдырасулова

Кыргызстанда батрактардын балдарынын 80 пайызы аскерге алынат,-А.Абдырасулова

Кыргызстанда дыйкандардын, жөнөкөй жумушчулардын жана майыптыгы бар, оорулуу балдар аскерде кызмат кылган жоокерлердин 80 пайызын түзөөрүн «Кылым Шамы» коомдук корунун деректири Асиза Абдырасулова Нарын шаарында болуп өткөн атайын жыйын учурунда билдирди.

-Бизге солдатта жүрүп каза болгон ата-энелер кайрыла баштагандан кийин, бул абалга карата иш жүргүзө баштадык. Изилдесек калган 20 пайыз аскерге чакырылган балдар бюджетте иштегендердин, анын ичинде мугалим, врачтардын балдары болуп чыкты. 1203 жоокердин жетимиши солдатка чакырылганга чейин эле оорукчан болушкан экен. А түгүл эч кандай комиссиядан өтпөй эле аскердик кызмат кылып жатам дегендер да бар болуп чыкты,-деди А.Абдырасулова айым. Мындай пикирге Республикалык жоокерлердин энелери комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова да кошулат.

-Чындыгында министр, депутаттардын балдары аскерге барышпайт. Мисалы биз Бишкектеги негизинен чоңдордун балдары окуган №6-мектепке мониторинг кылдык. Ал мектептен болгону 7 гана бала аскерге чакырылып кызмат кылыптыр. Экинчи бир себеп аскерге боорунан операция болгон баланын баргандыгы да белгилүү болду,-деди У.Байгубатова айым. Мындай кинелерге КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башкармалыгынын башчысы, полковник Бердибек Асанов кошулбайт.

-Аскерге чакырууда кээ бир ата-энелер оорукчан балдарын атайын ошол аскер бөлүктөрдөн дарыланып келсин деп жиберген учурлары да бар,-дейт Б.Асанов мырза.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу

Ссылка на оригинал публикации : erkintoo.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...