Последние публикации

Беделибизди көккө көтөргөн – адистер!

Беделибизди көккө көтөргөн – адистер!

- Кадырбек Каныбекович, шаардык муниципалдык менчиктердин ишин ыраатка келтирүү бүгүнкү күндүн күрөө тамырына айланды. Айрыкча, базар шартында баш аламандыкка жол берилип келди. Кемчиликтерден арылуу үчүн кандай кадамдарды жасадыңыздар?

— Жетекчиликке келгенимде кызматкерлердин басымдуусу адистиктеринин милдетин аткаруучу гана болуп, толук бекий элек экен. Ошол себептен, адегенде адистердин жоопкерчилигин көтөрүүгө өзгөчө көңүл бурдум. Мыкты жаш адистерди тандоонун классикалык жолу – конкурс эмеспи. Конкурстун жоболору жарыяланды. Катышкандар, атаандаштар көп болду. 1 орунга 10-11 талапкер ат салышты. Конкурстун жобосу боюнча, биринчиден, кесипкөйлүгү, интеллектуалдык деңгээли, билим базасы, уюштуруучулук таланты, заманбап маалымат каражаттар, технологиялар менен кандай куралданганы ж.б. бардык сапаттары ириде эске алынары беш колдой белгилүү. Ток этери, конкурстук кесиптик таймаштан маарага озуп келген, көзгө түшкөн көсөм жаштар кызматка алынды. Тааныш-билиштик эмес, калыстык менен тандалган жаш адистер башкармалыктын беделин көтөрүүдө. Кадр тандоодогу жетекчилик салымыма өзүм да ыраазы болом.

- Ар бир бөлүмдүн башчылары, башкы адистери менен маектешип, чынында черим жазылды. Айткандары гезиттин бир бетине эмес, бир китепке сыя турган…

— Бизде төрт бөлүм бар. МИнин ишмердүүлүгүнө, капиталдык курулуш жана шаардык инфраструктурага мониторинг жүргүзүү бөлүмүн Касымбеков Рустам Асаналиевич жетектейт. Бөлүм төрт адамдан турат. Негизги максаты болуп КР укуктук-ченемдик актыларында көрсөтүлгөн милдеттерине ылайык, коммуналдык ишканалар аркылуу Токмок шаарынын жашоочуларына, турак жай коммуналдык чарба иштери боюнча көрсөтүлүп жаткан бардык кызматтардын сапатын, натыйжалуулугун жакшыртуу жана көзөмөлгө алуу болуп эсептелет. Тагыраак айтканда, шаарды ысык, муздак суу, жылуулук, тазалык, жана байланыш менен камсыз кылуучу ишканалар менен иш жүргүзүлөт.

Ошондой эле шаардын “Турак жай менчик ээлеринин шериктештиги” (ТСЖ) жана “Аймактык коомдук өз алдынча башкаруусу” (ТОС) коомдорунун төрөгалары менен шаардын, шаардыктардын турак жай коммуналдык маселелерин чечүү тууралуу иш алып барат. Аталган коомдорго жана жарандарга усулдук жардам көрсөтөт жана ошондой эле, алардын иштерине тиешелүү бардык каттар жана арыздар каралат.

Токмок шаарын ыңгайлаштыруу, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган “үч айлык” ишембиликтердин жыйынтыгы жана жарыяланган ишембиликтин жигердүү катышуучуларын сыйлоо боюнча кароо-конкурстун ишин жүргүзүп турат. Учурда таштанды үчүн жаңы 220 контейнер коюлуп, 11 даана техника иштеп жатат.

Муниципалдык объекттерди каттоо бөлүмүнө Отегенов Руслан Баядилович жетекчилик кылат. Аталган бөлүм биринчи кезекте шаар менчиктерине реестрди жүргүзүүнү колго алышты. Айрыкча, бош турган имараттарды арендага берүү теске салына баштады. Мисалы, мурдагы ТРЭЦтин 4 кабат имараты оңдоолордон өткөрүлүп, ижарага берилди. 5-6 жыл мурдагы эски келишимдер жокко чыгарылып, жаңы келишимдин негизинде коэффициенттер жогорулады. Натыйжада, ушул сыяктуу шаардык менчиктерди жана жер тилкелерин ижарага берүү менен шаардык бюджетке 2013-жылга салыштырмалуу, 2014-жылы 1,5 миллион сомго ашык киреше түштү. Ошондой эле “Булак” базарынын кире беришиндеги баш аламан сооданы иретке келтиртүү максатында ММБ тарабынан контейнерлерди жайгаштыруу үчүн атайын жер тилкеси бөлүнүп берилди. Азыр баш аламан соода кылгандар менен келишимдер түзүлүп, натыйжада, бюджетке 1 миллион 80 миң сом кошумча киреше түшүп турат.

Мамлекеттик сатып алуу бөлүмүнүн иштерине токтолсок, Кошоев Нурболот Нурбекович башчылык кылат. Бөлүмдүн негизги максаты сатып алуулардын ачыктыгын, сарамжалдуулугун, сапаттуулугун камсыздоо болуп эсептелинет. Токмок шаардык кеңеши бюджетти бекиткен соң, мамлекеттик сатып алуу иш-пландарын башкармалыктын башчысы бекитет. Көзөмөл жүрүшү үчүн, иш-пландар Каржы министрлигине жөнөтүлөт. Мамлекеттик сатып алууну жүргүзүү үчүн тендердик иш-кагаздар иштелип чыгат. Тендерге ММКлар аркылуу жарыяланып, жеңүүчүлөр аныкталган соң, алардын иштери аягына чейин көзөмөлдөнөт. Андан тышкары, шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү жана жакшыртуу боюнча иш-чаралар жасалып келет. Тилекке каршы, каржы маселесинин тартыштыгынан улам көптөгөн долбоорлор токтоп турат. КР 2012-ж. 27-сентябрындагы №661 “2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сатып алууларды өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Токмок шаарынын ММБсы 2015-жылы электрондук сатып алууларды жүргүзүүнүн бирдиктүү системасына өттү.

Укуктук-документациялык камсыздоо бөлүмүн Кусанов Самат Арстанбекович жетектейт. Сатыла турган, же ижарага бериле турган жерлердин тагдырын жер боюнча комиссия карап, токтом чыгарып, мэрге көрсөтмө берет. Комиссияга чейинки бардык иш-кагаздар ушул бөлүмдө дайындалат. Жер боюнча чыккан токтомдун долбоорун даярдашат. Аукцион өткөрүүнүн тартиби боюнча коомдук угууларды уюштурушат. Ошондой эле бөлүмдүн негизги максаты болуп, башкармалыктын ичиндеги укуктук маселелер боюнча башка бөлүмдөргө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

- Бөлүмдөрдүн башчылары, башкы адистери муниципалдык менчиктин мыйзамдуу түрдө чыңдалышына мүмкүнчүлүктөрүнүн жетишинче салым кошуп жатышыптыр. Эл кызыкчылыгына тоскоол болуп жаткан көйгөйлөргө токтолуп кетсеңиз?

- “Атын атаса, куту сүйүнөт” демекчи, конкурстан жеңип чыккан башкармалыктын кызматкерлери:

- муниципалдык менчик объектилерин каттоо боюнча бөлүмдүн адистери – Урмат Исмаилов, Азамат Эшимов, Бекмырза Дүйшекеев, Эльвира Ногойбаева;

- мамлекеттик сатып алуу бөлүмүнүн адистери – Байзаков Мирбек, Гульнура Исманова, Надежда Татаренко;

- укуктук-документациялык камсыздоо бөлүмүнүн адистери – Сайкал Эралиева, Муктарбек Семетов, Салтанат Мукасова, Кылычбек кызы Саида, Айнаш Абдылдаева, Асемгүл Ивахова;

- МИнин ишмердүүлүгүнө, капиталдык курулуш жана шаардык инфраструктурага мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн адистери – Айдарбек Токтобеков, Наргиза Туркменова, Адиля Мырсалиева;

- Бухгалтерия – Элмира Исакова, Мээрим Карамурзаева, Эльмира Усубалиева жана башка тейлөөчү кызматкерлер иштин маңызын чыгарып иштешүүдө. Баарынын келечеги алдыда. Ушундай жаш алдыңкы адистер менен биргеликте жеңе турган тоскоолдуктар да, жасай турган жакшы максаттарыбыз да бар.

Тилекке каршы, кайрадан эле бардыгы каражаттын тартыштыгына байланыштуу болгондуктан, ар кандай тоскоолдуктар жаралууда. Оболу тоскоолдуктарга токтолсок, башталып, бирок бүтпөй туруп калган мектептин курулушун жүргүзүү мүмкүн болбой жатат. Ушундан улам ал мектепке автотоктоочу жай уюштурууга жана кароол жүргүзүү максатында, З.Көчөрбаевге берилип кеткен экен. Бирок, кароол жүргүзүүнүн ордуна ижарага алган адам өз чөнтөгү үчүн пайда көрүп, жада калса анын көзөмөлүндө турган бала бакчаны түн жамынып тоноп жатканы биздин адистер тарабынан аныкталган. Учурда бул иш боюнча материалдар Токмок шаарынын ИИБине жөнөтүлгөн. Бир сөз менен айтканда, биз мыйзам чегинде жеңип, ижаралык акысын мамлекеттин киреше булагына айлантууга жетиштик. Чычалап, курулуп жаткан нефтини кайра иштетүү заводун жаманатты кылып, элди дүрбөтөм деген. Мындай бузукулук ишти кыргыз эмес, “калмак” кылса жөндүү болмок. Айтканындай эле, элди бөөдө тополоңго салып кыйнады. Ушул тапта да ар кандай органдарга кайрылып, арыздануусун токтотпой келет.

Өзүм билемдикке салган жеке ишкерлерден да күйүп жатабыз. Токмок шаарынын КДСнын (колектордук дренаждык сетинин) үстүнө бензин сатуучу жайды куруп жаткан ээси менен соттошуп жатабыз. Кооптуу жерге мындай бензин сатуучу жай курууга болбойт. Жер астында көмүлгөн суу куурлары да эскирүүдө. Кокусунан кырсык чыкса, суу каптоо болбойт, деп кана ким кепилдикке өтөт?! Жанында жашаган миңдеген шаардыктардын каршылыгына кабагым-кашым дебестен, курчусун куруп жатат. Ишкердин мыйзамсыз курулушун сот аркылуу жеңүү үчүн киришип жатабыз. Жыйынтыгы эл үчүн чыкса, мээнетибиз текке кетпейт эле.

Дагы бир көйгөйүбүз “Токмок жылуулук” ишканасынын абоненттерине Өкмөт тарабынан субсидия берилбей келет. Субсидия берүү маселесин көтөргөнүбүз менен иш жүзүнө ашпай жатат. Каржы министрлигине кайрылганыбыз менен мыйзам аткарылбагындыктан, тилегибиз орундалбай келүүдө. Бул айтылган максатка жетүүнүн бирден-бир жолу “Туракжайкоммунсоюзуна” кошулуу белем. Ошондуктан, долбоорду иштеп чыгып облуска жөнөттүк. Үмүтүбүз акталып калар.

Иш жүзүнө аша баштаган жакшы иштерден айтсак, “Токмок Водоканал” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.К.Жаманбаев тарабынан суу түтүктөрүн реконструкциялоо боюнча аракеттер кылынып жатат. Европалык өнүктүрүү банкы каржы жагынан колдоо көрсөтмөкчү.

Жантаев көчөсүндө жайгашкан, курулуш иштери токтоп турган көп батирлүү турак жай үйү муниципалдык менчикке кабыл алынды. Эми Токмок шаарынын көптөн бери турак жай алууга кезекте турган жарандарына батир алууга мүмкүнчүлүк пайда болду. Белгилей кетчү нерсе, шаарыбыз балдарга билим берүү мекемелерине муктаж болуп турганда, КР бизнес-инкубатор жана инновациялык борборлор бирикмесине бала бакчанын имаратынын бир бөлүгү мыйзам бузуулар менен өтүп кеткен. Бул маселе боюнча жогоруда аты аталган мекеменин башкы катчысы З.Акбагышевага кайрылганыбызда, эч кандай жыйынтык болгон жок. Кайрылуубуз көз жаздымда калган сыяктуу. Ушул тапка чейин сот иштери уланууда.

Ушундай кемчиликтерге карабай Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы элдин жыргалчылыгы үчүн бардык аракетин жумшай бермекчи.

Айчүрөк Макешова

Ссылка на оригинал публикации : erkintoo.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...