Последние публикации

Ысык-Көлдөн 15 килограмм болгон карп кармап алышкан

Ысык-Көлдөн 15 килограмм болгон карп кармап алышкан

Өткөн ишемби күнү кыргызстандыктар Нооруз майрамын белгилеп жаткан учурда Ысык-Көлдүн 5 жараны балык уулоого чыгып, 15 килограмм 190 грамм болгон карп кармап алышкан. Бул тууралуу "ВБ"га балыкчылардын бири Азамат Байзаков билдирди.

"Мен Нооруз майрамын жакындарым менен чогуу тосуу үчүн 20-мартта айылыма баргам. 21-март күнү жездем кайырмакты алып, балык уулоого кеткен. Көп өтпөй эле кайра үйгө келип, көлдө чоң балыктар жүрөт, кантип кармайбыз,- деп калды. Чоң балык дегенде эле мен баарын унутуп, көлдү көздөй жөнөдүм. Биринчи балыкты аңдыдык, каякта жүрөт деп. Бир топ убакыттан кийин кайра пайда болуп калды. Ошол убакта биз катуу даярдыкка кириштик. Мен, жездем, дагы үч классташым болуп торду аркы жээктен берки жээкке чейин тартып балыкты камап койдук. Аны биринчи тор менен кармоого аракет кылдык. Бирок, балык аябай чоң болгондуктан бир булкуп эле торду айрып койду. Биз көл жээкте ызы-чуу болуп жүргөндү көргөн айылдын тургундары жана ары жакта жүргөн балыкчылар да жаныбызга топтолуп калышты.

Анан балык бизден качып, 4 метр тереңдикте жатып алды. Үйдөн чоң узун саптуу айры алып келдик, бирок жетпей койду, айрынын сабына темир улаштырып узарттык. Анан кайык менен үстүнө барып айры менен сайдык. Ошондо балык жээкти көздөй качып бара жатып кайырмакка куйрук жагы менен илинип калды. Бирок ал чоң болгондуктан кайрмак быркырап сынып кетип, балыкты жиби кармап калды. Эгерде айры менен сайбаганда ал жипти дагы үзүп кетмек",- деди ал.

Ошондой эле ал эң мыкты балыкчы экендигин айтып мактанды.

"Мен каяктан балык кармабайын дайыма рекорд коём. Новосибирсктен орус балыкчыларынын арасынан эң көп жана тез кармаган мен болгом. 2013- жылы октябрь айында жырткыч форель камагам",- деди ал.

Ссылка на оригинал публикации : www.kabarordo.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...