Последние публикации

Эркек үйдөн жети кадам аттаганда эркинби?

Эркек үйдөн жети кадам аттаганда эркинби?

Күйөөм экөөбүз чогуу окуганбыз. Студент кезде эле сүйлөшүп, келечек тууралуу нечен таттуу кыялдарга батып, ата-энелерибиздин “эли башка, жери башка“ — деп каршы чыккандарына карабай үйлөнгөнбүз. Турмуш сен ойлогондой эле боло бербейт турбайбы, тун балабыз майып болуп төрөлдү. Кадимкидей тамак ичет, сүйлөйт, бирок эки аяктап тура албайт. Бул биздин үй-бүлө үчүн катуу сокку болду. Эне деген ушундай болот экен, нечендердин “таштап сал, жок дегенде майыптар үйүнө өткөр” дегенине көнбөй, өзүм багып жүрдүм. Доктурлар “мындай балдар көп жашабайт” дешкен, бирок багуунун жакшысынанбы, жашы азыр отузга жакындап калды.

Ушул нерсе шылтоо болдубу, же башка ою бар беле, айтор күйөөмдүн ичкени, үйдөн качмай адаты пайда болду. Үйдүн түйшүгү, баланын түйшүгү менен анын кайда кетип, эмне кылып жүргөнүн байкоого чамам жеткен жок. Бир нерсе десең “мага Манас тууп салгансып” деп эле баса калганынан өзүм да, балам да заарканып, күнөөлүү болуп турчубуз. Андайда сөз ташыгандар көп болот экен, жан тартканы да, табалаганы да “паланча жерден түкүнчө менен көрдүк” деп айтып келип жатышты. “Көзүм менен көрбөгөндөн кийин”, — деп ойго албаганга аракет кылчумун. Эртеден кечке идиш-аяк менен кирден бошобосом, кайдан көрмөк элем. Анын үстүнө капа болсом эжелерим “майып балалуу аялды эри таштап кетет, сени таштаган жок го, үндөбөй жашай бер”,- деп тыйып коюшчу. Ошентип жүрүп, дагы төрттү төрөдүм. Окуган окуудан жок, биротоло үйгө байландым. Балдардын бирин көтөрсөм, бирин жетелеп, үйдү да, сыртты да карайм. Күйөөмдүн жакасына кир жугузбай, ботинкасынан бери майлап, кычыратып ишке жөнөтөм. Ана келет жок, мына келет жок, түнкү саат үч-төрттө мас болуп келет. “Эмине мени аңдып отурасың? Кечке эмне кылып аттың? Эшек такаладыңбы? Мен иштеп сени багып жатам. Кийимиң бүтүн, курсагың токпу? Болду, отура бер! Эркек үйдөн жети кадам чыккандан кийин эркин! Ойнош ойносом эмне экен? Колуңдан келгенди кылбайсыңбы”, — деп сөгүнүп, үстөлдү чапкылап таң аткыча тынчтык бербейт. Нечен уруп, колумду сындырган күндөрү болду. Ооруп жатып калсам: “Кечир, мастык менен билбей калдым”, — дейт. Урушсаң “жап оозуңду, майрык балаң менен кайда барасың, кимге батасың?” — дейт.

…Мындан жыйырма жыл мурда төркүнүмө качып баргам. Атам: “Биз сени зордоп берген эмеспиз. Кой десек болбой, өзүң кеткенсиң. Эми жаша, биздин тукумда эрден чыккан эч ким болгон эмес” — деп өзү жеткирип келген. Балдар үчүн деп эрдимди кесе тиштеп чыдадым. Калтырар, токтолор дедим. Бирок карыган сайын күчөдү. Мени тап жылдырбайт. “Светтин акысын төлөйүн”, — деп көчөгө чыксам, “төлөп бүттүңбү?” деп телефон чалат. Ошол замат машинеси менен келе калат да, үйгө алып келип таштайт. Дүкөн кыдыруу деген менде жок. Базарга чогуу барабыз. Керектүү нерсени кечке кежилдешип жатып зорго алабыз. Терезебизде отуз сегиз жыл мурдагы парда ишпалдасы чыкканына карабай илинип турат. Үйгө эч кимди чакырбайбыз. Төркүнүмө беш жылда бир каттасам, каттадым, болбосо жок. Курбу-курдаш, коңшу-колоң менен чогулмай жок.

Балдарга кийимди такыр жыртылып, же батпай калганда ызы-чуу, уруш менен зорго алып берет.

Көрсө, тапкан-ташыганынын баарын ойношторуна жумшачу экен. Бир күнү көчөнүн наркы өйүзүндө, көп кабат тамда жашаган аялды үйгө ээрчитип келиптир. Өзү мас. Кирип келип эле “чай кой” деди. Студент балам үйдө эле.

“Экөөңдүн араңарды ачып коеюн” — дедим. Азыр эки эмес, төрт аял менен деле жашап жатышат, талаша турган эмнеңер бар?”, — дейт. Баламдан уялып жерге кирип кете жаздадым. Денемди майда калтырак басып, көзүм караңгылап отура калдым. Ошончо жылдар басмырлаганынан да ушунусу өттү. Тамагым буулуп, тиги аялга: “Кайсы бетиң менен келдиң? Эмнеге келдиң?” — дедим. Өзүнүн күйөөсү инсульт болуп калганда туугандарын чакырып,”мунуңарды алып кеткиле” деп үйүнөн чыгарып салган. Үч баласы Россияда. Жаш болсо бир жөн эле, менден ары болбосо, артыкчылыгы жок. Анысы күйөөмдү “ака, сиз” дейт экен, “токтоп туруңуз ака, бу мине дээр экен, угалычы”, — деп жатпайбы!

Чыдабай кеттим. Буулуккан ыза кордугум, тапталган өмүрүм ушулардын бут алдында чырылдап күйүп жаткандай болду. Эсимди жоготуп койгон экенмин, балам “тез жардам” чакырыптыр. Көзүмдү ачсам, балам ыйлап отурат, тигилер жок. Күйөөм тигинин артынан кетиптир.

Балдарым түшүнүп: ”Апа, өзүңүз кандай туура десеңиз, биз ошого макулбуз, чоңойдук, бизге карабаңыз, өз күнүбүздү өзүбүз көрөбүз” — дешти. Ажырашып, балдарым менен өзүбүзчө жашоону чечтик. Эки күндөн кийин кайра жетип келиптир. “Кечиргиле, силердин баркыңарды билдим, таштайм, экинчи мындай болбойт” деп колумдан өөп, чөгөлөп суранды. Кыя албай “болуптур” дедим. Кайра баягы кир, казан-табак, үй тазаламай, нан жапмай…

Бир күнү эртең менен жолго чыксам биздин машина аялдамада туруптур. Аңгыча нары жактан алиги аял келип машинага отуруп экөө жөнөп кетти. Ошол замат телефон чалсам, “Каердесиң? Ошол жерде туруп тур, азыр барам” — деди. Бир маалда машинаны катуу айдап келип, мени тебелеп кетчүдөй болуп токтоду да жулунуп чыгып: “Канчык, мени иштетпейсиңби, эмне аңдыйсың? Колуңдан келгенин кылып ал, жеткен жериңе бар, эми ойноштукту чындап көрсөтөм сага!” деп эси оогончо сабады. Неберебиздин чыркырап ыйлаганына, жетип келген кыздарыбыздын ызылдаганына да караган жок. Ошондо кызым колундагы телефон менен атасынын бетине урду. “Болду, апамдан да, бизден да ажырадың, кете бер ошол катынга”, — деди эле урганын ошондо токтотту. Ушинтип отуз жылкы ыр жомогубуз бүттү го деп ойлойм. Жүрөгүм сууган, көңүлүм калган кайран өмүрүмдү ойлоп, мындан аркы жашоонун эмне болооруна акылым жетпей, бечара майып баламдын тагдырына күйүп отурам.

Психологдун аныктамасы: Үй-бүлөдөгү зомбулуктун курмандыгы болгон аял – басынган, өзүн төмөн санаган, зомбулукка моюнсунуп калган эрксиз адам. Ар бир кадамы, ар бир кыймылы көзөмөлдөнүп, сындалып, жемеленип тургандыктан, өз алдынча чечим кабыл алууга, өзүн коргоого батынбай калат. Жакын адамынан узак убакыт көргөн кордугу анын ал кубатын кетирип, өз ар-намысын коргоого чамасын келтирбей коет. Мындай курмандыктын эң негизги сезими коркуу гана болуп калат. Зомбулуктун курмандыгы болуп калуунун себеби көп нерсеге байланышкан. Анын негизги тамыры – бала кезде үй-бүлөдөгү зомбулукка дуушар болуу. Өзүн сыйлабаган, өзүн аябаган адамды айланасындагылар андан бетер аябайт.

Виктория Тян, “Сезим” борборунун психологу

Ссылка на оригинал публикации : erkintoo.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...