Последние публикации

Энергетикадагы Кан таламайды кантип токтотсо болот?

Энергетикадагы Кан таламайды кантип токтотсо болот?

Электр энергиясынын коромжусун 12 пайызга чейин кантип кыскартууга болот? Өлкө ичиндеги электр энергияны бөлүштүрүүдөгү башаламандыктын натыйжасында “коммерциялык жоготууларды” жоюунун жолун электр энергия бөлүштүрүү тутумунун түзүмүн өзгөртүүдөн көргөн жана энергиянын бөлүштүрүлүшү жана анын сатылышында тарифтин туруктуулугун сактоонун көйгөйүн көтөргөн “Түндүк электр”ААКнын директорлор кеңеши демилгечи болгон кеңеш ордодо энергетика тармагынын картасы ачылып, бүгүнкү акыбалы коомчулукка маалым болуп калды.

Ээрге кыйшык отурганда

2001-жылы стратегиялык объектилерди менчиктештирүү багыты кабыл алынганда бирдиктүү “Кыргызэнерго” мамлекеттик компаниясы жети энергокомпанияга бөлүнүп кеткен.

А.Акаевдин бийлиги учурунда жүргүзүлгөн “кан таламай “ саясаты бүгүнкү күндө коомчулуктун баш оорусуна айланып, энергетиктер шал болуп калышты. Анан дагы энергетика тармагын реформалоо деген шылтоо менен “Песак” долбоорунун аткаруучуларын - эл аралык шылуундарды бул тармакка “десант” кылып таштаганы энергетика тармагын сызга отургузуп кеткенин мурдагы, азыркы жетекчилиги моюндашы кыйын. Анткени бөрү жесе да, жебесе да оозу кандуу дегендей, көп иштерге аралашып, каны-жини биригип келе жатпайбы. Сөз чынынан бузулбайт эмеспи, ошол кездеги энерго тармагынын мен мендеген көзүрлөрү, реформаторлор бирдиктүү тармакты баш көтөрүүгө жарамсыз кылып талкалаганга салым кошконун айта кетүү аздык кылбастыр. Бир ууч адамдардын колунда калган кыргыз элинин кашыктап чогулткан байлыгы ошентип, кара жемсөөлөрдүн айынан оңду-солду карай чөмүчтөп чачылды. Ортодо Бакиевдин бийлиги жасалма ”ортомчу” компанияларды иш орундары менен камсыз кылууга үлгүрдү. “Бул какаган эчтемке эмес, Как-Көлдөгү какаганды айтсаң”,- деген сыңары лакаптай анын уулу М.Бакиев, анын шериктеши А.Ширшовдун кыргыз энергетика тармагына жасаган кыянаттыктарына бөгөт коюлбай, алардын бул тармактан орун таап иштеп жүрүшкөн куйруктары майлуу шыбагаларды майкандап, сыртка чыгарып бөлүшүп жашап жаткандарынан ың-жың кеп жок. Буларды укуктук жактан териштирүүгө бийликтин жана укук органдарынын чабалсыздыгы качанга чейин созулат болду экен деп күткөн эл. “Энергетикага бир күндүк да салымын кошпогон, ага эч тиешеси жок адамдардын эбегейсиз байлыкка ээ болуп, мамлекеттин казнасын эңшерип жаткандарды ооздуктоого болобу?” -деген эмоцияга алдырган сөздөр жаңырып турду.

Бир эле мисал, “Түндүк электр”ААКы уюшулганы беш директор алмаштырылган. Кадрлардын кол жоолуктай алмашылышынын арты кандай болоорлугун жон терибиз менен сезип жатабыз дешти энергеттиктер.

Ушундай өңүттөгү өктө-зарлуу пикирлер кеңеш ордо катышкан энергетика секторлорунун ардагерлери жана адистери: экс-депутат, “Түндүк электр” АККнын мурдагы башкы директору Төлөмүш Кожомкулов, Картайбек Мукамбетов, Жеңишбек Тентиев ж.б. лардын сөздөрүндө айтылды.

Көп суур ийин казбайт,..

Энергокомпаниялардын ортосундагы электр тармактарын бөлүштүрүү негизги критерийлерсиз кабыл алынбагандыктан, кышкы-жылытуу маалында көп кө鬬¬¬¬¬¬¬¬гөй¬лөр келип чыгып, жооп берерге келгенде “сөөк ыргытмай” өнөкөтү күч алат. Дал ушул мезгилде кардарлар тарабынан коюлган көп күнөөнүн бардыгы айрыкча энер¬го¬ бөлүштүрүү компанияларынын дарегине багышталса да эч бир майнап чыкпай келет. Бирок, ток этээр жери, жаралып жаткан кырдаалдар барып эле электр энергия¬¬сын бөлүштүрүүдө энергетика комплекси тарабынан система- техникалык талаптарды толук аткарбагандыктан келип чыккандыгында.

“Түндүк электр”ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы Сапарбек Аргынбаевдин расмий билдирүүсүндө, өлкө ичиндеги электр энергиясын бөлүштүрүү боюнча өз оюн айтып, жайгашкан жерине карабастан ар бир кардарга ишенимдүү, үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергия берүүнү, социалдык жарылууларга жол бербөө, тарифтик төлөөлөрдөгү туруктуулукту камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын энергосекторунун ичинде бир катар кайрадан уюштурууларды сунуштады. Анын айтымында, биринчи этапта, 2013-2014-жылдарда “Түндүк электр” ААК менен “Чыгыш электр” ААКны – “ТҮНДҮК электр” ААК деп кошуп бириктирүү, “Ош электр” ААК менен “Жалал-Абад электр” ААКны – “ТҮШТҮК электр” ААК деп кошуп бириктирүү керек.

Экинчи этапта, 2015-2016-жылдарды “ТҮНДҮК электр” ААК менен “ТҮШ¬ТҮК электр” ААКны бирдиктүү энерго бө¬¬¬лүш¬түрүү компанияга “БЭК” ААКга б謬¬¬¬риктирүү зарыл.

Мындай ирилештирүү өлкө ичиндеги электр энергиясын бөлүштүрүүнү тартипке келтирет жана анын заманбап критерийлерине ылайыкташтырат. Ошондо берүүчү сектор менен электр энергияны бөлүштүрүү ортосунда чыңалуу деңгээли боюнча так бөлүштүрүү болот. Жеке компаниялар, анын ичинде өндүрүшкө керектөөчүлөр менен түзүлгөн коррупциялык келишимдер жоюлат.

Чакырык таштаганча өз огородуңду тазала

Расмий билдирүүдөн соң, кеңеш ордонун регламенттин сактабастан, “ЭСМ СИ” ортомчу компаниясынын өкүлү Бийназар Бердикеев чыгып, чычалай агынан жарылды.

“Адамдар биринчи элдин алдына чы¬гаардын алдында өз огороддун тазалап алып, анан сүйлөшү керек, – деди ал. “Түндүк электр” ААКтын бул билдирүүсүн мен популисттик маанайдагы билдирүү деп эсептейм. Себеби, алар миллиарддаган акчаны жеп алып, мамлекеттик ишкананы банкрот абалга алып келишкендиктен айла - амалдарын таба албай, монополисттик жолду сунуштап жатышат. Менин ишканама кызыкчылык үчүн барып көргүлөчү, керектүү жаңы жабдыктардын баары бар. Ал эми ”Түндүк электр” ААК да бир метр да электр чубалгысы жок. Мен электр берүүчү сектордон ар бир киловатты 61 тыйындан алып, 70 тыйындан сатам. Клиенттеримди эч жарыксыз калтырбайм жана техникалык бузулуулар болуп калса, жарык берүүнү 10 мүнөттөн кечиктирбейм. Артка кайра кайрылууну, басып өткөн жолду таптоону сунуштоонун өзү кеңкелестик. Мамлекеттик ишкана менен жеке ишкананын ортосундагы атаандаштыктан муз ордунан жылаары эске алынбай жатканы өкүнүчтүү. Деги биз кандай коомдо жашап жатканыбызды аңдабаган, жеп ичкендин жедеп кыныгын алган коррупционерлерге баары бир окшойт.”

Депутат эмне дейт

КР ЖК депутаты Курманбек Дыйканбаев кеп кезеги келгенде төмөн¬дөгүлөргө токтолду: Энергетика тармагына тиешелүү көйгөйлөрдү чечүүнүн конструктивдүү жолун издеген ушул кеңеш ордого Энергетика министрлигинен бир да өкүлдүн басып келбегенин кайдыгерлик эле эмес, бул ичип жаткан ашына түкүргөндүк катары баалар элем. Бирок аларды сурап алчу эл өкүлү биз турабыз. Ошентсе да биринчи, экинчи революция болуп өттү. Эми үчүнчү революция – технологиялык революция болуш керек. Ырас, энергетика күн тартибинде турган маселе. Элдин социалдык чыңалуусун пайда кылуучу маселелердин бири болгондуктан, мамлекеттик деңгээлде комплекстүү мамиле менен иш алып баруу керектиги сиздерге айдан ачык. Ошондуктан энергетиктер тарабынанбы, же эл тарабынанбы, көтөрүлгөн ишке аша турган идеяларды анализдеп, талкуулаган соң мыйзам жолуна салып иштеп чыга турган милдетибизди аткарууга эл өкүлдөрү биз дайым даярбыз.”

Соңку сөз

Мамлекеттик деңгээлде чечилүүчү орчундуу, көйгөйлүү маселе болгондуктан, бир өткөрүлгөн кеңеш ордо менен чектелүү, албетте, орунсуз мамилеге жатат. “Түндүк электр” ААКтын директорлор кеңешинин демилгеси менен көтөрүлүп жаткан бул маселеге Энергетика министрлигинин жана башка электр бөлүштүрүүчү 20га жакын компаниянын өкүлдөрүнө айтчу пикирлери бардыр. Талаштан тактык жаралат демекчи, Кыргызстандын бөлүштүрүүчү энергокомпанияларын бириктирүү туурасындагы жогорудагы сунушту талкуулоого чакырабыз. Бириктирүүдөн майнап чыгабы?..

Маалымдама үчүн: Союз учурунда коммерциялык жоготуу¬лар кесипкөй энергетиктердин айтымында 6 пайызга жетти дегенде чоң ЧП болчу. Азыркы кезде 22-25 пайызга жетти деген божомолдоолор айтылып жатса да талылуу көйгөйгө мониторинг жүргүзүп, бул процесстин анык-бышыгына жеткен так эсептөөлөр алигиче жок. Энергетика министрлиги мониторинг жүргүзүүнү мындай кой, так маалыматын бермек тургай атайын уюштурулган кеңеш ордого келбей коюшканына катышкан көпчүлүк нааразылыктарын жашырышкан жок. Капиталисттик түзүлүштө кааласак да, кааалабасак да сүңгүп жашап жатканыбыздан кийин бул коомчулукта “коммерциялык жоготуулар” деген кездешмек турсун, мындай түшүнүк жок экени кыргыздар үчүн таң калыштуу болуп олтурат.

Бурмакан САТЫБАЛДИЕВА, “Кыргыз Туусу”

Ссылка на оригинал публикации : www.kyrgyztuusu.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...