Последние публикации

Султан Раев: «Эгерде маданият коммерциялашып кетсе, анда ал маданияттын жок болушуна алып барат»

Султан Раев: «Эгерде маданият коммерциялашып кетсе, анда ал маданияттын жок болушуна алып барат»

Кыргызстанда Англиянын королевасы менен жолуккан бир гана кишибар. Болгондо да, анын өзүнүн жеке чакыруусу боюнча. Букингем аксарайында түштөнүү сыйы Султан Раевдин энчисине бул анын маданият министри болгону үчүн туш болгон жок – ал кийин гана бул кызматка дайындалган. Кыргызстандын таанымал Эл жазуучусу катары да кийин белгилүү болду. Ал кезде болсо али жаш драматург эле, өзүнө гана таандык жазуучулук стили, жана да окурмандын мээси менен жүрөгүнө карай умтулган жаңыча, трагедиялуу сатирасы бар болчу, анан дагы, «Кыргыз Руху» газетасынын башкы редактору эле.

- Султан Акимович, королева жөнүндө сизден жүз ирет сурагандай болушту. Бирок, бул кайсыл жыл экендигин жана сизди эмне үчүн чакыргандыгын эске салып койсоңуз?

- Бул 2002-жыл эле. Анын Улуу Урматы болгон Елизаветы II нин алтын юбилей тоюна байланыштуу Лондонго бүткүл дүйнөнүн ар кайсыл тарабынан ар кандай негизинен, таанымал инсандар чакырылыптыр. Артисттер, сүрөтчүлөр, режиссерлер, жазуучулар, коомдук ишмерлер, бизнесмендер. Аларды тандан алуу абдан дыкаттык менен жүргүзүлүптүр, атайын адистер муну менен алектенишиптир. Мени болсо азиаттык искусствонун жаңы генерациясынын өкүлү катары чакырышкан.

- Сиздин кийген кийимиңиз анын көңүлүн өзүнө бурганын айтканыңыз эсимде калыптыр?

- Ооба, фрактын ордуна, мен өзүмдө андай кийим жоктугунан улам, өзүбүздүн улуттук чепкен менен эле бийик калпакты кийип алган болчумун, ушунун өзү мага пайда болду. Мага көп көңүл бурулду.

- Ошол эле кезде сиздин Курманжан Датка жөнүндө «Алай ханышасынын көз жашы» аттуу пьесаңыз да ийгиликке ээ болбоду беле?

- Ооба, ал ар түркүн европалык шаарлардын сценаларында жүрүп жаткан. Мен королевага бул спектаклди камтыган кассетаны белекке бергенмин.

- Сиз маданият министри болуп турган кезде «Курманжан Датка» фильмине каржылоону таап чыккан элеңиз. Анын жыйынтыгына сиз ыраазысызбы?

- Бул соңку 20 жылдан бери бюджет каражатына тартылган биринчи фильм. Биринчи мамлекеттик заказ, жана дагы бөлүнүп берилген 70 миллион сом – абдан чоң сумма. Бул идея кайдан пайда болду? 2011-жылы Роза Исаковна Курманжан Датка жылы деп жарыя кылган. Биз иш чаралардын планын иштеп чыкканбыз. Жылдыз Жолдошева «Курманжан Датка» коомдук уюмунун төрайымы катары толук метраждуу көркөм фильм тартууну сунуш кылган. Анан бул фильмди тартууну азыркы режиссерлордун ичинен кимге тапшырса болорун талкуулай баштадык. Актан Абдыкалыков менен Болот Шамшиевди чакырдык. Актан дароо эле баш тартты.. Болот Шамшиев олку-солку болгондой көз карашта болду, андан кийин ал Казакстанга кетип калды. Биз ошондо Москвадан жогорку режиссердук курсту бүтүрүп келген Садык Шер-Нияз жөнүндө ойлоно баштадык. Садык мүнөзү боюнча абдан амбициоздуу адам. Ал мага келип, мындай деди: «Султан-байке, качанга чейин эле баарын аксакалдарга бере бересиңер, биз, жаштар деле, окуп келбедикпи. Болот Шамшиев 27 жашында «Караш-Караш окуясы» аттуу гениалдуу фильмин тарткан, а бизге болсо ишенбей жатасыз». Биз ал экөөбүз көпкө чейин талашып-тартыштык, анан мен андан: «Тарта аласыңбы?» - деп сурадым. Ал: «Тартамын!» деди. Мен ага эскерттим: «Эсиңде болсун. Мейли, сага муну ишенип бердик деп коелук. Бирок, бул фильм менен сен кыргызча айтканда, же бар болосуң, же жок болосуң». Маселе дал ушундай, гамлетчесинен, катаал коюлган болчу.

- Албетте, ушундай катуу тобокелчилик болуп жатса...

- Анын үстүнө, картина тарыхый, темасы абдан консервативдүү. Бардык адамдар бул баяндын мазмунун, ханышанын тарыхын жакшы билишет. Бир жаңы нерсени сен жарата аласыңбы? Анан ал: мейли, анда мен сценарий жана башка нерселер жөнүндө ойлонуп көрөйүн деди. Ошонун натыйжасында ал жоопкерчиликти өзүнө алып, биз аны бул картинанын режиссер-коюучусу кылып дайындадык. Алгач биз 20 миллион сом бөлдүк, бирок бул жеткен жок. Андан кийин мен министрлик кызматтан кеттим, ошондо мен бош болуп калганда ал мага да сценарийди жазууга катышууну сунуш кылды. Мен ал тууралуу мурда «Ханышанын көз жашын» жазган элем да. Бул пьеса боюнча коюлган спектакль ар кандай өлкөлөрдөгү көптөгөн фестивальдарга катышып келди. Кыскасы, биз иштей баштадык. Анын тарыхый инсан экендиги кыйынчылык туудурду. Бирок, биз бул тарыхый чен-өлчөмдөрдөн сыртка чыгууну чечтик, себеби, бул көркөм фильм да. Образдыэл аралык аудиторияга ылайыкташтырып, көркөм жалпылаштырып, кайра иштеп чыгуу керек болчу.

- Фильм – иш жүзүндө Кыргызстанды презентациялоо болдубу?

- Ооба. Ошондуктан, биз кээ бир нерселерди кошумчалап, айрым бир нерселерди алып таштадык. Кандайдыр бир нукура кыргыздык детальдар дүйнөлүк көрүүчү үчүн кызыксыз болушу мүмкүн эле. Таанымал режиссерлер, сценаристтер менен чогуу талкууладык, алар баары бизге өз кеңештерин беришти.

- Калган акчаны кантип таптыңар? Жылдыз Жолдошева таап бергени чынбы?

- Биринчи 20 миллиондук траншты биз Роза Исаковнанын учурунда бөлгөнбүз, андан кийин Алмаз Шаршенович, эң соңку 30 миңди Жантөрө Сатыбалдиев бөлдү. Бирок, чынын айтышыбыз керек, мында Акмат Келдибековдун да чоң эмгеги бар, ал бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы болчу. Анан, албетте, Жылдыз Айтибаевна Жолдошеванын эң чоң эмгеги бар. Эгерде ал болбосо бул фильм ара жолдо калмак.

- Демек, ал каржылоонун болушун камсыз кылган турбайбы?

- Ооба, ал булл иш-чаралардын алкагында продюсер болгон.

- Жолдошева жана Келдибеков – алайлыктар да. Аракет кылыштары керек болчу да.

- Ооба, туура.

- Анан жыйынтыгы кандай болду? Картина жөнүндө сиздин пикириңиз кандай?

- Картина абдан чоң панорамалуу болуп чыккан. Оператордун иши абдан жакшы. Биз кыргыз маданиятын, этнографиясын, жаратылышын, фольклорун, жашоо философиясын көрсөтүүнү каалаган элек. Менин оюмча, бул аракет ишке ашкан. Албетте, биз авторлор бул жөнүндө айтпашыбыз керек. Бирок, жалпысынан алганда, кино сынчылары, кино ишмерлери фильм көрсөтүлгөндөн кийинки талкууларда жакшы пикирлерин айтышты.

- Менин пикирим боюнча, фильм кыргыздардын улуттук мүнөзүн чагылдырган. Биз бир эле учурда толеранттуу да, айкөл да, сыймыктуу да болуп, эркиндикти сүйөбүз. Сценарий жакшы.

- Сценаристтер үчөө элек – Садык, Бакыт Турдубаев жана мен. Бул америкалык формат сыяктуу. Бири каркасын, архитектурасын жазат. Экинчиси – окуялардын жүрүшүн. Үчүнчүсү – диалогдорду. Мен драматург катары диалогдорду жаздым. Бексултан Жакиев дагы бизге өзүнүн кеңештерин берди. Биздин кыргыз философиясы тууралуу. Менимче, сценарий батыштык көрүүчү үчүн кызыктуу болуп чыккан. Ошол эле учурда, биз өзүбүздүн Өзбекистан, Россия менен болгон мамилелерибизди бузуп албоого дагы аракет кылып, саясий тең салмактуулукту сактаганга умтулдук.

- Султан Акимович, жыйынтыктап айтканда, Шер-Нияз жок болобу же бар болобу?

- Шер-Ниязу болот! (күлөт)

- Мага дагы Ленин чоң атабыздын айтканы эсиме түштү: «Искусствонун бардык түрлөрүнүн ичинен биз үчүн эң маанилүүсү...».

- ...Кино. Ошондуктан, жыл сайын мамлекет тарыхый же башка бир жалпы коомчулукту толкундаткан темадагы бир фильмге акча бөлүшү жөнүндө сөз болуп жатат. Мен мурдагы министр катары айтып коеюн. Жыл сайын бизде ар кандай 50 дөн ашуун, ар кандай мазмундагы, ар кандай деңгээлдеги, ар кандай көз караштагы фильмдер тартылып жатат. Киночулар арасында кандайдыр бир жандануу, тазалануу сыяктуу кыймылдар башталды. Мен кыргыз киносунун келечеги бар деп ойлоймун, бирок, бирок, каржылоо маселеси гана эмес, кино рыногунун маселеси да чоң маселе бойдон калууда. Соңку 20 жылда бир дагы фильм кинорыногуна чыккан эмес. Эгерде чоң чен өлчөмдөр менен айта турган болсок, биз жөн эле кереги жок ишти жасап жатабыз. Көрүүчүлөр менен болгон байланыш жок, дистрибьютордук кампаниялар жок. Мамлекет өзү дистрибьютор болуп жатат, а мамлекет – жакшы менеджер эмес. Жалпы республика боюнча 50-60 кинотеатр бар болсо, алардын ичинен Бишкек менен Оштогуларынан башкасынын баарынын абалы абдан жаман. Бирок, нормалдуу кинотеатрлар да бар. 2013-жылкы биз өткөргөн мониторинг боюнча, мен жыйынтык чыгарган элем, бизде ошол жылы рекорддук сандагы көрүүчүлөр болгон. Бир жарым миллион көрүүчү тартылган. Демек, ар бир үчүнчү же экинчи Кыргызстандык кинотеатрга барган. Ошентсе да, биздин көрүүчүлөр аудиториясы чоң масштабдуу, тарыхый фильмдерге коротулган чыгымдарды эч качан жаба албайт. Аэроабалык тартуулар, баталиялар... Тарыхый фильмдер абдан көп чыгымдарды талап кылат.

- Мамлекет акча бөлгөндүгү маанилүү, бирок, мени жаш активисттердин сыны абдан көңүлүмдү калтырды, алар бул акчаны андан көрөкчө айлык акыларга, пенсияларгакоротушса болмок деп чыгышпадыбы. Улуттук өзөктү түзүп турган руханий байлыктардын кандайдыр бир баркы кетип бара жатат, биз эми биротоло эле манкурттарга айланышыбыз мүмкүн да, эгерде бул сыяктуу фильмдер тартылбай калса.

- Ооба, айтылган жемелер көп. Бир гана жаштар тарабынан эле эмес. Улгайган адамдар, ветерандар дагы бул сыяктуу маданий долбоорлорго акча бөлүнгөндө кыжырлары келишет, дароо эле каршы турган маанай жаралат. Маселен, биз тарыхый музейди реконструкциялап, жаңы экспозицияларды түзүүнү каалаганбыз. Эгерде биз өз тарыхыбызды урматтасак, биз анда саясий чечим кабыл алышыбыз керек. Ансыз биз жаңы тарыхты жарата албайбыз. Биз, кыргыздар, өзүбүздүн улуу жана сыймыктуу экенибиз жөнүндө сөз кылганды жакшы көрөбүз...

- Бардык элдер бизден таркашкан деп...

- Бизден таркашкан деп, биз – дүйнөнүн башкарабыз деп, - бул боюнча оозеки былжырак кептер көп айтылат, бирок, иш жүзүндө өз тарыхбыз үчүн эч нерсе жасабайбыз. Ал эми руханий баалуулук – эң башкы нерсе да. Дегеле, мамлекеттердин жана адамзаттын тарыхында экономикалык, саясий, ар кандай кризистер болуп келген, бирок, элдер алардан өтүшкөн. эң эле коркунучтуу кризис – бул руханий жакырдык кризиси, ал улутту толук жок болууга алып барат. Биз 70 миллион сом бердик эми бул фильм өзүн акташы керек дешкенде, мен маданияттан бир гана пайда көрүшүбүз мүмкүн, бул – маданият деп айтамын. Эгерде маданият коммерциалашып кетсе, анда бул маданияттын жок болушуна алып келет. А биз болсо маданият аркылуу гана сакталып калышыбыз мүмкүн. Мына, маданиятты сакташ керек деп айтып жатышат. А эмне үчүн? Себеби, биз маданиятты сактап жаткан жокпуз. Маданият бизди сактап калып жатпайбы. А бизде, кыргыздарда болсо, баары эле экономикалык, саясий маселелер тегерегинде болот. Биз люмпендешип калганбыз.

- Дүйнөгө тентип кеттик...

- Ооба, тентип кеттик, тентибей калгандары саясат менен алектенип жатышат.

- Бюджеттин бар болгону бир гана пайызы маданиятка бөлүнөрү чынбы?

- 2013-жылы 1,2 процент бөлүнгөн болчу. Ар бир министр башын ташка ургулап жатып, 3 процент керек деп айтып жатат. 2009-жылы мен маданият жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алып жатканда мен сунуш киргизгенмин, көпкө чейин талашып-тартышып жатып, акыры - 3 проценттен кем эмес болушу керек дешкен. Бирок, биз реалист болушубуз керек. Экономиканын азыркы абалы 3-процент деңгээлинде каржылоого мүмкүндүк бербейт. Андай болсо билим берүү менен саламаттыкты сактоо зыянга учурашат. Биз бул сумманы алардан тартып алууга туура келип калат.

- Русланды карасаң. Мен анын Нью-Йоркто бир жарым ай ичинде жүз миң долларга «Салам, Нью-Йорк» аттуу кыйла эле дурус фильмди тарта алганына таң калдым.

- Кино – бул өндүрүш жана плюс искусство. Бирок, кандай болгон күндө да, кинодо экинчи курам деген түшүнүк бар. Бизде болсо экинчи курам деген такыр жок. «Курманжан Датка» фильминде грим адискөйлүк жактан абдан начар жасалган. Эсиңиздеби, Алымбек Датка менен Курманжан Датка кечке жуук олтурушканы. Абдан жаман. Адистер жок. Баары орой, эптеп-септеп эле окшоштурулган. «Караш-Караш окуясындагы» грим менен «Курманжан Даткадагы» гримди салыштырып көрүңүз. Чокморовдун грими анын өзүнүн денеси сыяктуу табигый. Кыскасы, биздин материалдык-техникалык базабыз да абдан начар, интеллектуалдык ресурсубуз да чектелүү.

- Анда эми эмне кылышыбыз керек? Мамлекетте акча жок экендигин өзүңүз айтып жатпайсызбы. Меценатчылыктын жоктугу, кайрымдуулуктун жоктугу да өзүнчө бир маселе болууда.

- Туура айтасыз. Мына, сиз Америкада жашап жатасыз, ал жакта кайрымдуулук абдан өнүккөнүн билесиз. Меценатчылык кыймылды өнүктүрүү керек. Биз меценаттарга жагымдуу шарттарды түзүп, салыктык жеңилдиктерди беришибиз керек. Жыл сайын бизде 50 фильм сүрөөнчүлөрдүн каражатына тартылып жатат, бирок, алардын баары тең аз бюджеттүү. Меценатчылык цивилизациялуу жолго түшүшү керек. Бизде меценатчылык жөнүндө мыйзамдарыбыз жок. Дагы 10 жыл ичинде андай мыйзам кабыл алынары да күмөн. Ушунун баары экономика менен байланышкан, бюджете чоң жетишсиздик бар. Эгерде салыктык жеңилдиктер берилсе, баары тең ошол жакка карай умтула башташат, ал эми салыктарды кантип чогултуу керек?

- Султан Акимович, мурунку журналист катары сиз саясатка деле жакынсыз. Биздин өлкөнүн эки революциядан кийики абалын сиз кандай баалайсыз?

- Эгерде кыскача айтсам, Кыргызстан – бул процесстердин өлкөсү, кыймылсыз стагнацияда турган өлкө эмес. Биз жаңылышып жатабыз, бирок биз кыймылдап, аракет кылуудабыз. Экономикалык жактан өнүгүп жаткан өлкөлөр бар, терең стагнацияда турган өлкөлөр бар. Булардын айрымасы асман менен жердей. Биз баарын баштан өткөрдүк, бизде эки ирет революция болду. Революциядан кийин эмне болушу керек? Саясий аң-сезимдин, саясий маданияттын эволюциясы болушу керек. Биз чет өлкөдөн инвесторлорду издеп жатабыз. Мен инвестор биздин өзүбүздүн ичибизде олтурат деп эсептеймин. Бизге бир эле нерсе керек - бул тынчтык жана туруктуулук, ошондо биздин эл өзү эле иштей баштайт. Азыр саясий сценада ошол эле оюнчулар, ошол эле инсандар. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы, алар Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн башатында турушкан адамдар. Мыйзамчылык жактан биз көп өлкөлөрдөн алдыда келе жатабыз, бирок, саясий элита дагы алмашышы керек. Саясий элита – бул улуттун уюткусу. Элита биринчи иретте саясий интеллект менен байланышкан. Бирок, эгерде интеллект уктап жаткан болсо, анда демек бул элита эмес. Жаңы саясий генерация өзүнүн жаңы идеялары менен келиши керек. Демократизациянын, эгемендүүлүктүн алгачкы мезгилин биз жашап өттүк. Институционалдык негиздер бизде бар. Эмне болгон күндө да, бизге эволюциялык жол керек. Дагы бир жолку революция – бул биздин мамлекеттүлүктүн жоголушуна алып келет. Мамлекет деген – бул ыйык нерсе экендигин биз аңдап билишибиз керек. Саясат кыргыздардын улуттук байлыгы болуп калды. Баарыбыз эле, түшүнгөнүбүз да, түшүнбөгөнүбүз деле саясат жөнүндө сүйлөйбүз, Алекс де Токвилди дагы, Карл Марксты дагы эч окубасак дагы. Ал эми саясатчы фундаменталдуу билимге ээ болушу керек, үзүкөүзүк тезистердин деңгээлинде эмес, системалуу түрдө баарын билиши керек, себеби, саясатчы - бул өлкө тагдырын чечүүчү адам да. Биз ага чейин өсүп жете элекбиз, бизде дайыма интригалар орун алып, бир нерселер болуп турат. Албетте, бизге абдан татаал болууда, биздин мамлекет абдан мобилдүү, кичинекей, саясатыбыз да зергелердикиндей чеберчилик менен жасалышы керек.

- Ал эми биздин Бажы жана Евразиялык Союздарга киргенибиз – туура жасалганбы?

- Дүйнөдө азыр интеграция процесстери жүрүп жатат, жада калса бизнес кампаниялары дагы интеграциялашып, синдикаттарды түзүп жатышат. Биз дагы интеграциялык процессте болушубуз керек. Эгерде биз нейтралитет позициясында туруп алсак, анда биз өзүбүздү өзүбүз өлтүргөндөй болобуз, анда эч ким чучук, казы, карта жебей калат. Биздин менталдуулугубуз Россияга жакын, экономикалык жактан да биз байланышта турабыз. Бирок, бул жерде саясатка караганда экономика үстөмдүк кылышы керек. Кыргызстан дүйнөлүк уюмдардын катышуучусу болушу керек, Бүткүл Дүйнөлүк соода уюму жана башка уюмдарда катышышы керек, бирок, биздин абдан ишеничтүү экономикалык өнөктөштөрүбүз болушу керек. Ошол эле учурда, өз алдынчалык да жетишерлик деңгээлде болушууна умтулушубуз зарыл. Мен жакында эле Кытайда эл аралык симпозиумда болдум. Мага ошол жактагы бир чиновниктин айтканы жакты. Кытай өз тарыхында адамзатка таандык бардык сыноолордон өттү. Кытай – бул планетардык жүрөк түшүргөн каракчы. Кытай – бул өз алдынча жетиштүү болууну каалаган өлкө. Кытайдын тарыхында эч качан кайсыл бир өлкөгө кол салган учуру болгон эмес. Биз согушуп жатканда да дайыма коргонуучу абалда болуп келгенбиз. Эч качан кол салган эмеспиз. Бирок, эмнегедир баары тең Кытайдан корко беришет. Биздин эл токчулук-жетишкендикте жашап жатат. Анан эмне үчүн биз кандайдыр бир конфликттерге барып, согушуу тобокелине бармак элек. Бул кытай философиясы. Мен расмий түрдө айтамын, биз эч кимге эч качан кол салбайбыз. Эч ким коркпой эле койсун, кайра баары кытайдын өнүгүшүн тилешсин, себеби, биз андай болсо башкаларга да жардам беребиз. Супер-держава – бул элдин, улуттун жыргалчылыгын эң башкы баалуулук катары кароо. Биз- кыргыздар, албетте, улуу элбиз, руху улуу элбиз, тамырыбыз да байыркы тереңде жатат. Юирок, биз жердешчилдикке, уруучулдукка бөлүнүүгө абдан ыктайбыз. Азыр мына партиялар да трайбалисттик менталитет боюнча түзүлө башташты. Аларда улуттух рух жок, кандайдырбир адамдар тобунун гана деми бар. Жада калса өлкөлөр дагы бириге башташты, а биз болсо уруучулук боюнча бөлүнүп жатабыз. Кимдин кайсыл уруудан экендиги – бул улуттун маселеси эмес да. Бул конкреттүү адамдын маселеси, бул чоң саясаттын маселесине айланбашы керек. Бул жеке Раевдин маселеси. Ал өзүнүн тамырын билип, жети атасын таанып жүрүшү керек.

- Баса, сиз өзүңүз кайсыл урууданболосуз?

- Мен мунгушмун – бул түштүктүк уруулардан. Көчмөн кыргыздар бар, а биз отурукташкан кыргыздарданбыз, алар Сулайман тоосунун айланасында, Фергана, Анжиан өрөөндөрүндө жашап, дыйканчылык кылышкан.

- Балким, сиз Сулайман Тоону Юнеско тизмесине киргизүүгө киргизгениңиз да кокусунан эместир?

- Ооба. Испанияда Севилья шаарында мен бул номинацияны коргогонмун. Биринчи жолу Канадада 2009-жылы дагы коргогонмун, анда өткөрө алган эмеспиз. Бирок, экинчи жолу бул оңунан чыкты. Бул от Кыргызстандан дүйнөлүк материалдык мурастар тизмесине кирген биринчи номинация. Манас – бул материалдык эмес мурас. Ал эми Сулайман Тоо макамы боюнча азыр египеттик пирамидалар, Эйфель мунарасы, Улуу Кытай Сепили, Биг Бэн, Париждеги Богоматерь Собору менен бир катарда турат. Ошол жылы Чүйдөгү Баласагун, Суяб жана Невакет объектилери да киргизилген, бирок, “Жибек Жолу” трансулуттук номинация алкагында гана. Анда биринчи этапта: Япония, Кытай, Монголия, Кыргызстан турат. Экинчи этап: Казакстан, Өзбекистан, Иран, - Испанияга чейин. Бул Жибек Жолунун даярдалган туристтик маршруту.

- Султан Акимович, менде биздин коомду араб үлгүсүндөгү исламдаштырууга байланыштуу суроо пайда болду. Президент биздин арабдардын кийимдерин кийип жатканыбызды айтты. Кыргыздарга эзелтен таандык эмес бир нерселер болуп жатат. Биз өзүбүздүн улуттук өзгөчөлүгүбүздү жок кылып жаткан жокпузбу?

- Кыргыздар өздөрүнүн табияты боюнча толеранттуу эл. Биз мусулман дүйнөсүнүн бир бөлүгү экендигибизге карабастан, ар бир этникалык топтун диний ишенимге болгон өз эрежелери бар: арабдарда өзүнчө, кавказдыктардыкы - өзүнүкү, түрктөрдүкү - өзүнүкү. Бизде 90-жылдарга чейин исламга карата өз маданиятыбыз болгон, ал эми азыр ашкере агрессивдүү исламдын интервенциясы болуп жатат. Дегеле Кыргызстан ар кандай диний ишенимдердин полигонуна айланды. Ар кайсыл жактардан ар кандай агымдар, секталар бизге келип жатат, бир гана радикалдуу ислам эмес. Бул биздин системанын актай, бош жери. Биз элди өзү менен өзүн калтырып койдук, ал өзүнүн экономикалык маселелерин гана өзү чечип тим болбостон, руханий жактан дагы биз аны каалагандай эркиндикке таштап салдык. Кыргызстанда 500дөн ашуун клуб бар болсо, мечиттердин саны - 2 миң. Ошол жайларда үгүттөө иштери жүргүзүлөт. Мына, биз кайгырып жатпайбызбы – саясий, экономический кризис деп, ал эми диний ишеним кризиси болсо, ишеним боюнча конфликттер жаралса, анда бул эң эле коркунучтуу болот. Адам өзүнүн диний ишеними үчүн күрөшө баштаса, бул түрткү болот. Бул маселелерди мыйзамдык чекте чечүү керек. Бизде Ыссык-Көлктөр, Нарындыктар ар кандай диний ишенимдерге карата толерантуу болушчу, эми ал жакта да хизбуд-тахрир, ваххабизм өнүгө баштады. Бизде парадокс. Инновациялык мезгил өтүп жатат, ошол эле учурда биз «саркофаг» чүмбөткө да чүмкөнүп жатабыз. Бул жерде диний саясаттагы жана маданий саясаттагы абдан чоң боштук жатат. Бул маселе приоритеттүү болушу керек. Мен альтернатива катары динге, маданиятка карата системалуу саясатты көрөмүн. Бизде салттуу ислам, салттуу христиандык басымдуулук кылышы керек, ошондой эле биз светик жашоо образын шардана кылуубуз керек. Биз - глобалдуу дүйнөнүн бир бөлүгүбүз, биз өзүбүзчө бөлүнүп кала албайбыз, жана да маданият бул процессте сактап калуучу каражат болушу керек. Биз биздин улуттук рухубузду сакташыбыз керек. Мына, япондордун урааны бар: «Япон духу, европалык билим» деген. Алар абдан өнүккөн, бирок, өздөрүнүн салттарын сактап калышкан. Бизге ушундай модель абдан ылайык келет.

- Кыргыз духу, европалык билимби?

- Ооба. Кыргыз духу, европалык билимдер. Улуттук духту, салттарды сактоо керек, ошол эле учурда улут билимдүү болушу керек. Бул мамлекетти сактоочу шарттар болуп саналат.

- Эгерде сиз таасир этүүгө мүмкүнчүлүгүңүз бар болсо, анда дагы кайсыл тарыхый инсан жөнүндө фильм тартууну сунуш кылмаксыз?

- Келечекте Манас жөнүндө ойлонуп көрүш керек. Ал эми азыр экинчи этап катары Барсбек жөнүндө фильм тартууга болор эле. Барсбектин тарыхы азыркы жашоо менен абдан үндөшүп кетет жана ал абдан сабак алуучу тарых. Акыр аягында аны саткын чыккынчы сатып кетет, душмандар Барсбекти өлтүрүшөт, элди талкалашат. Ошондо биз, кыргыздар Барсбектен кийин мамлекет катары эки миң жылга жок болгонбуз, дегеле тарыхый аренадан сүрүлүп калганбыз. Көчмөн цивилизацияга байланыштуу гана сакталып калганбыз. Манас бизди бириктирген. Мен Барсбек драмасын жазганмын. Аны англис тилине которушкан.

- Сиздин канча пьесаңыз бар?

- 15ке жакын.

- Алардын баары боюнча спектаклдер коюлганбы?

- Ооба, баары коюлган. Эң эле ийгиликтүүсү – Тунгуч театрындагы «Ханышанын көз жашы». Аны «РТР. Культура» телеканалы эки ирет КМШ өлкөлөрүнүн эң мыкты спектакли катары көрсөттү. Бул пьесаны мен толугу менен бир гана фразанын тегерегине топтогонмун: «Өлүмдү тик кара». Бул сөздөрү менен Курманжан Датка бүткүл элди сактап калган. Бул сөздөрдү айтуу үчүн эненин ички сезими канчалык деңгээлде кайраттуу болушу керек. Пьесада ал өз ойлору менен алышат, ак ниет жана кара ниет периштелердин күрөшү жүрөт, жана дагы ар бир адамдын ичинде олтурган шайтан да катышат. Алар кадимкидей реалдуу каармандар катары, өз ара талашып-тартышып, күрөшүшөт. Бирок, жыйынтыгында, ал уулунун өмүрүн сактап калууга караганда, улутту сактап калуу өзү үчүн кымбат деген чечимге келет. Жана дагы «Меккеге карай кеткен узак жол» аттуу пьеса Москвадагы эң эле престиждүү Чеховдук фестивальга катышкан, анда дүйнөлүк деңгээлдеги жылдыздар катышышат. 1998-жылы биздин саясатка арналган «Кашар» деген пьесам Алматыдагы фестивальда Гран-прини жеңип алган.

- Азыр сизде кандай чыгармачылык жаңылыктар бар? Эмне кылып жатасыз?

- Өткөн жылы мен «Жан Жаза» романын жаздым, орусчасы «Кара» деп аталат. Баары тең аны интеллектуалдык роман деп жатышат, бирок, кыргызадабиятында мындай эч нерсе болгон эмес. Фабула, сюжети демейдеги бардык көнүмүш калыптардан сыртка чыгып кеткен. Менин бул романдагы каармандарым – Чыңгысхан, Александр Македонский, Клеопатра, Таис Афинская, Император, Король Лир... Бул романда эч кандай белгилүү рамкалар жок. Анда тарыхый реализм сезими да жок, тек гана эркин аккан эфир агымы бар. Мурат Ауэзов, - Мухтар Ауэзовдун уулу аны окуп, абдан жактырып, баш сөзүн жазып берди.

- Мурат Ауэзов – ал казактардын руханий лидери сыяктуу эмеспи.

- Ооба. Ал бир жолу Атамбаевдин кабыл алуусунда болгондо президент ага бизде Султан Раев деген дагы кызыктуу жазуучу бар деп айтыптыр. Ал билбегенине таң калып, президенттен чыккандан кийин аны узатып жүргөн биздин адамдан менин китептеримди таап берүүсүн сураныптыр. Мен орусча бар китептеримди бердим. Ауэзовго жагыптыр. Ал дагы бир нерсеңди бер деп сурады. Ошондо мен ага романдын кыргыз тилиндеги электрондук варианттын жөнөттүм,себеби, орусча котормосу али даяр боло элек болчу. Ал, байкуш, 6 ай бою кыргызча окуду. Андан соң абдан кубанып, баш сөзүн жазды... Анан дагы мен стандарттуу эмес ырларды жаза баштадым. Жыйнагымды «Антистандарт» деп атайын деп жатамын. Сүрөт өнөрү искусствосун сүйөмүн. Мен – коллекционермин. Менде ар кандай сүрөтчүлөрдүн, кыргыз жана чет өлкөлүктөрдүн 70-тен ашуун картиналары бар. Немец, кытай, корей, түрк, араб сүрөтчүлөрүнүн картиналары бар. Мен качандыр бир кезде өз коллекцияларымдын көргөзмөсүн уюштурууну каалап жүрөмүн.

Маектешкен Бермет Букашева.

Ссылка на оригинал публикации : nlkg.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...