Последние публикации

Өткөн жылы дем берүүчү гранттар 395,7 млн. сомго каржыланган

"Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2017-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзамда дем берүүчү (үлүштүк) гранттар беренеси боюнча 400 млн. сом каралган. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

2014-жылы 309 долбоорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен дем берүүчү гранттардын эсебинен 395,7 млн. сом суммасында каржылоо жүргүзүлгөн.

Эскерте кетсек, үлүштүк (дем берүүчү) гранттар – бюджеттик каражаттарды, мамлекеттик приоритеттүү программалар жана долбоорлор боюнча каражаттарды майнаптуу чыгымдоого дем берүү, жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин көбөйтүү жана жергиликтүү киреше булактарын толугураак мобилизациялоо максаттарында республикалык бюджеттен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилүүчү трансферттер. Негизинен гранттар билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт, турак жай-коммуналдык, айыл чарба, суу чарба мекемелеринин көмөкчү жана кошумча объекттерин жана башка объекттерди оңдоп-түзөөнү каржылоо, реконструкциялоо жана абаттоо, куруу жана реконструкциялоо боюнча приоритеттүү долбоорлорду ишке ашырууга багытталат.

Ссылка на оригинал публикации : www.kabarordo.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...