Последние публикации

Аксы районунда эски имараттар оңдолуп, пайдаланууга берилүүдө

Эскилиги жетип колдонуудан чыккан имараттар оңдолуп, пайдаланууга берилип жатканын Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиев билдирди.

“Союз мезгилинде салынган көпчүлүк мекемелердин имараттары каралбай калган. Андай имараттар бүгүнкү күндө оңдолуп, кайра ишке берилип жатат. Мисалы, былтыр ушул сыяктуу ишке жараксыз деп табылган 4 мекеме капиталдык ремонттон өткөрүлүп ишке берилди. Ал эми 2015-жылдын аягына чейин 5 мекеменин имаратын оңдоо пландалууда. Ушул сыяктуу имараттардын бири азыр бош турат. Ал эми аны оңдоп, ремонт жүргүзүү үчүн 3 млн сом каражат керектелет. Көйгөй жараткан, каражат маселесин чечүү үчүн атайын демөөрчүлөр табылып, маселе оңунан чечиле баштады. 2015 жылдын аягына чейин Аксы району боюнча жалпысынан 10 мекеме ишке берилет”,-дейт райондун акими Медетбек Айдаралиев .

Ссылка на оригинал публикации : saresep.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...