Последние публикации

Ниязалиева: Өкмөт спорт объекттери боюнча ЖК токтомунун 80%га аткарган эмес

Өкмөт Кыргызстандагы спорт объекттерине байланыштуу Жогорку Кеңеш кабыл алган токтомдун 80 пайызын аткарган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин отурумунда вице- премьер-министр Дамира Ниязалиева билдирди.

Ал маселени дагы дыкат иликтеп, иш алып баруу үчүн бир айлык мөөнөт сурады.

"Спорт объекттери боюнча Жогорку Кеңеш кабыл алган токтомдун 80 пайыз ушул убакка чейин аткарылган эмес. Андыктан маселени иликтеп, токтомдун башка пункттарын аткарууга аракет кылалы. Болбосо бул өтө маанилүү маселе жана ар кандай суроолор көп жаралышы мүмкүн",- деди ал.

Өз кезегинде "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Бөдөш Мамырова өкмөт биринчи жолу парламенттин токтомун аткарбагандыгын мойнуна алып жаткандыгын айтып, вице- премьер-министрдин сунушун колдой тургандыгын билдирди.

"Биринчи жолу өкмөт мүчөсү токтом 80 пайызга чейин аткарылган эмес деп ачык жооп берип жатат. Өкмөт буга чейин токтомдорду аткарабы аткарбайбы унчукпай эле койчу.100 пайызга чейин аткарбай туруп, унчукпай эле келип алчу. Азыр вице- премьер-министрдин ачык айтып жатканы эрдик",- деп тамашалады.

Ал эми комитеттин төрагасы, "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Каныбек Осмоналиев бул маселе боюнча Башкы прокуратуранын дагы принципиалдуу көз карашы бар экендигин айтты.

"Бул боюнча Башкы прокуратура бизге кат жолдогон. Алар катта ишти улантуу зарылдыгын белгилеген. Андыктан биз буларга дагы бир ай убакыт берсек болот",- деди ал.

Жыйынтыгында көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен "Кыргыз Республикасынын аймагындагы спорттук объекттер менен курулуштардын абалын жана багытын иликтөө боюнча убактылуу комиссиянын маалыматы жөнүндө" токтомдун аткарылышы тууралуу маселени кароо бир айга артка жылдырылды.

Ссылка на оригинал публикации : www.kabarordo.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...