Последние публикации

А. Айтбаев: "Орусияда мигранттар күтүү абалында турушат”

Орусиядагы экономикалык жана каржылык кризистен улам, ал жакта иштеп жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттары да кыйынчылыктарга кабылышууда. “Замандаш” ассоциациясынын төрагасы Азамат Айтбаевдин айтуусунда, учурда Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттары, экономикалык жана каржылык кризистин аягы кандай бүтөрүн жана Кыргызстан Бажы биримдигине кирген соң, мигранттардын абалы кандай болорун күтүп турушат.

“Орусиядагы кыргызстандык мигранттар негизинен курулуш тармагында иштешет. Ал эми жаңы жылга жакын көпчүлүк курулуш ишканаларынын иши токтогондуктан да, айрым мигранттар жылдагыдай эле жаңы жылдык каникулга байланыштуу үйлөрүнө кайтышууда. Ооба, Орусиядагы кризистен улам азыр рубль менен сомдун айырмасы болбой калды. Ал тургай орус акчасынын куну түшүп кетти. Ошондуктан мигранттар каржылык кризистин аягы кандай бүтөт жана Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин абал кандай болорун күтүп турушат. Анткен менен массалык өз мекенине кайтышкан жок”,- деди ал. Бул тууралуу “Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы билдирди.

Ссылка на оригинал публикации : saresep.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...